Ташмаматов Омурбек Аматбекович, т.и.к., доцент, “Кыргызстан тарыхы, археология жана этнология” кафедрасынын башчысы - 1983-жылы 14- августта Кыргыз Республикасынын Ош областынын, Өзгөн районунун Кызыл Сеңир айылында туулган. 2000-жылы ОшМУнун тарых факультетине кирип, аны 2005-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы тарых факультетинин «Кыргызстан тарыхы» кафедрасына окутуучулук кызматына кабыл алынган. 2009-жылы Бишкек шаарында “История города Узген в источниках (эпоха средних веков, нового и новейшего времени)” деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. 2014- жылдан азыркы күнгө чейин кафедраны жетектеп келе жатат. Үй-бүлөлүү. 1 уул жана 1 кыздын атасы.
Смадияров Сыдык Акунович, т.и.к., доцент – 1987-жылы Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Ошондон бери ОшМУнун тарых факультетинде эмгектенет. 1994-жылы Бишкек шаарында “Кыргыз Республикасынын автономия жылдарындагы мамлекеттик аппаратынын калыптанышы жана өнүгүшү (1924-1936-жж.)” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 2011-жылы жаш муундарга татыктуу билим жана тарбия берүүдөгү талыкпаган эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы” наамы ыйгарылган. 100 дөн ашык илимий макалардын, анын ичинде 3 монографиянын, ошондой эле бир нече китепчелердин автору. Үй бүлөлүү.
Султанова Махпурат Шакировна, т.и.к, доцент - 1964-жылы 16-сентябрда Өзбек Республикасынын Анжиан областынын Коргон-Төбө районуна караштуу Хан-абад шаарында туулган. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин ийгиликтүү аяктаган. Тарых факультетинде эмгек жолун 1988-жылы сырттан окуу бөлүмүнүн методисти болуп эмгектенүү менен баштаган. 1996-1998-жылдары ОшМУнун аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүн бүтүргөн. 2007-жылы Бишкек шаарында “XIX кылымдын II жарымы XX кылымдын башындагы Түштүк Кыргызстандагы билим берүүнүн абалы” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 2008-2015-жылдары “Археология, этнология жана Борбордук Азиянын тарыхы” кафедрасынын башчысы, 2015-жылдын октябрь айынан тарых факультетинин “Кыргызстандын тарыхы жана археология, этнология” кафедрасынын доценти болуп эмгектенүүдө. Бир кыздын энеси.
Арстанов Сабыркул Абдиманапович, т. и. к., доцент - 1983-жылдын 24-апрелинде Жалал-Абад областына караштуу Аксы районунун Ак-Дөбө айылында туулган. 2004-жылдын сентябрында ОшМУнун тарых факультетинин “Кыргызстан тарыхы” кафедрасына окутуучулук кызматтан баштаган. 2009-жылы ОшМУнун Жаштар комитетинин төрагасы болуп иштеген. 2014-жылы Бишкекте КР УИАда “1924-36-жж. Кыргызстандын агрардык саясаты: маңызы жана жыйынтыктары” деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. Үй-бүлөлүү. 2 уулдун атасы.
Осмонова Самара Курбаналиевна, т.и. к., доцент - 1982-жылдын 8-январында Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон районунун Абдраимова айылында туулган. 2004-жылдын февралында ОшМУнун тарых факультетинин “Археология жана этнология” кафедрасына референт катчы кызматынан баштаган. 2008-жылы ОшМУнун тарых-юридика факультетинин декандын контракт иштери боюнча орун басары болуп иштеген. 2014-жылы Бишкек шаарында «Традиционные свадебные обряды кыргызов юго-запада Ферганской долины (конец XΙX – начало XX вв.)» деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. Үй-бүлөлүү. 1 кыздын энеси.
Ураимов Үрүстөм Наркулович, улук окутуучу - 1956 –жылы 11 январьда Ош областынын Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында туулган. 1978 -жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 2004 жыдан баштап ушул кафедрада эмгектенет. “XIX-кылымдын экинчи жарымындагы Кыргызстанда социалдык – экономикалык мамилелердин эволюлицялары” деген теманын үстүндө илимий изилдөө иштерин жүргүзөт. Үй бүлөлүү, 3уул 1 кыздын атасы.
Алтымышова Венера Карыбековна, улук окутуучу - 1976-жылдын 4-февралында Ош областынын Алай районундагы Корул айылында туулган. Ош Мамлекеттик Университетине 1993-жылы тапшырып, 1998- жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Кесиби Тарых жана коомдук илимдердин окутуучусу. Тарых факультетинде 2004- жылдан бери эмгектенет. Учурда “Синцзян (КЭР) кыргыздарынын азыркы учурдагы материалдык маданияты” деп аталган темада илимий изилдөөлөрүн жүргүзүп келет. Үй бүлөлүү. 1 кыз 3 уулдун энеси.
Адылбекова Бекзада Узакбаевна, улук окутуучу - 1970-жылы 14-декабрда Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы Сары-Талаа айылында туулган. 2003- жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетин ийгиликтүү аяктаган. 2006-жылдан бери тарых факультетинде эмгектенүү менен бирге “Орус тилдүү тарыхнаамалык булактардагы түштүк кыргыздар жөнүндөгү этнографиялык маалыматтар” деп аталган илимий теманын үстүндө иштөөдө. Үй бүлөөлү. 2кыз 1 уулдун энеси.
Солтоев Зарлык Акматбекович, окутуучу – 1977-жылы 20-октябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. 2001-жылы ОшМунун тарых факультетин аяктаган. Ошол эле жылы тарых факультетинде окутуучулук кызматында эмгектене баштаган. Факультеттин окуу-усулдук жана коомдук турмушуна кошкон салымы үчүн кесиптик кошундун грамотасы менен сыйланган. Үй бүлөлүү, эки уул, үч кызы бар.
Тилекова Уулкан Кушбаковна, окутуучу – 1982-жылы 16-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылында туулган. 2004-жылы ОшМУнун тарых факультетин Артыкчылык диплому менен аяктаган. Ошол эле жылы тарых факультетинде эмгек жолун баштаган. Учурда “XIX кылымдын аягы – ХХ кылымдын башындагы кыргыз элинин салттуу этикети” деп аталган илимий теманын үстүндө изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Үй бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын энеси.
Усманов Тавакал Мансурович, улук окутуучу – 1971-жылы 10-сентябрда Ош шаарында туулган. 1993-жылы Фергана мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. ОшМУнун тарых факультетинде 2002-жылдан бери эмгектенет. Үй бүлөлүү, 4 уулдун атасы.
Рыскулов Канат Кадыркулович, окутуучу – 1980-жылы 23-февралда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы 1-Май айылында туулган. 2002-жылы ОшМУнун тарых факультетин, 2014-жылы юридика факультетин аяктаган. 2004-жылдан баштап тарых факультетинде иштейт. Үй бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы. Илимий темасы: “Эгемендүү Кыргызстандын саясий онүгүүсү (1991-2010-жж.)”.
Мырзабеков Эмирлан Ыманалиевич, окутуучу – 1981-жылы 6-ноябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган. 2005-жылы ОшМУнун тарых факультетин аяктаган. 2007-жылдан бери тарых факультетинде эмгектенет. Учурда күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү боюнча декандын орун басары кызматында иштейт. Үй бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы. Илимий темасы: “Постсоветтик Кыргызстандагы ислам динин таралуусу”.
Шаанов Талант Мурадиллаевич, т.и. к., доцент – 1982-жылы 24-январда Ош шаарында туулган. 2004-жылы ОшМУнун тарых факультетин аяктаган. Ошол эле жылдан баштап тарых факультетинде эмгектене баштаган. “Эгемендүү Кыргызстандын маданияты: келечеги жана өзгөчөлүктөрү” деген темада кандидаттык диссертацясын ийгиликтүү коргогон. Үй бүлөлүү, 2 уулдун атасы.
Имамназарова Бакыткан Арстаналиевна, окутуучу - 1970-жылы 6-февральда Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунда туулган. 1992- жылы Ош Мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, 1998–жылы ийгиликтүү аяктаган. 2014- жылдан баштап ОшМУнун тарых факультетинде окутуучу болуп иштеп келе жатат. “Кыргызстандагы социалдык саясат (1991-2010)” деген теманын үстүндө илимий изилдөө иштерин жүргүзөт.
Токторова Нуржан Кудайбердиевна – окутуучу 1986- жылы Ош областынын Кара – Суу районундагы Кызыл –Суу айылында туулган. 2008- жылы Ош Мамлекеттик университетинин тарых факультетин ийгиликтүү аяктаган. 2008 - жылдан баштап ОшМУнун тарых факультетинде окутуучу болуп иштеп келе жатат. 2011-жылы Аспирантураны аяктаган. Илимий темасы: “Түштүк Кыргызстандагы кыргыздардын диний жүрүм-туруму (этносоциологиялык изилдөөнүн негизинде.)” . Үй бүлөлүү, 2 уулдун энеси.
Атаканова Гулмира Асилбековна, окутуучу – 1980-жылы 28-октябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айылында туулган. 2003-жылы ОшМУнун тарых факультетин аяктаган. ОшМУдагы эмгек стажы 7 жылды түзөт. Үй бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын энеси.