Предметтик циклдык комиссиянын тарыхы
    

ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 1-октябрь 2011-жылынын № 497 буйругунунун негизинде фармация кафедрасы түзүлгөн. Алгач 54 студент тапшырып, аларга 6 окутуучу билим берген. Аны провизор Жоробоева Гүмүшай Алдыраковна жетектеп, 2013-жылдын сентябрына чейин үзүрлүү эмгектенген. Анын жеткечилиги менен кафедрада көп алгылыктуу жумуштар аткарылган. 2013-2014-жылдары медицина илимдеринин кандитаты, доцент Шамырза Беркмаматов жетекчилик кылды. 2014-жылдан баштап биология илимдеринин кандитаты, доцент Коланов.О.К. жетектеп келүүдө. Фармация кафедрасы 2021-2022-окуу жылында фармацевтикалык дисциплиналар предметтик циклы болуп өзгөртүлгөн. 060108-Фармация адистиги орто билимдүү фармацевттерди чыгаруу менен клиникалык багыттагы адистиктерге дагы кызмат көрсөтүп келет. Азыркы учурда фармацевтикалык дисциплиналар циклынын туруктуу штатында 40 окутуучу, ал эми айкалыштырып иштөө менен 16 окутуучу эмгектенет жана 1418 студент билим алып жатат.