Кафедранын тарыхы

Тарых


Математикалык анализ кафедрасы 1971-жылы «Жогорку математика» кафедрасынын ббдылдаев, Г.Маматурдуев, Т.Чинкараев, А.Папиков, С.Каримов, Р.Таиров, А.Апиевдер.

Эмгек жолдорун математикалык анализ кафедрасында баштап, ар түрдүү мезгилдерде кафедрада университеттин жана факультеттин өнүгүүсүнө бараандуу салым кошуп келген окутуучулар эмгектенишкен: университетте илимий иштери боюнча проректору кызматында 1978-1988-жылдары, ал эми 1969-1978 жана 1988-1999-жылдары физика-математика факультетинин деканы кызматында эмгектенип факультеттин илимий-педагогикалык потенциалын жогорулатууга өзүнүн салымын кошкон КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент С.А.Абдыкалыков; КРдин УИАнын мүчө-корреспонденти КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.А.Алымкулов; ага окутуучулар – Т.С.Сманов, Р.А.Мурзаханова, А.Р.Сергеев, И.К.Карасаев,



А.А.Апиев, Т.Сыдыков, А.Абдижалилов; 1999-2011-жылдары математика жана информациялык технологиялар факультетинин деканы кызматында, 2011-2016-жылдары ОшМУнун окуу иштери проректору кызматында, 2016-жылдан бери ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору кызматында эмгектенип келген физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент А.О.Абдувалиев; ЖаМУнун окуу иштери боюнча проректору кызматында эмгектенген физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.С.Алыбаев; ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору кызматында эмгектенген программалоо кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор А.С.Сопуев;физика-математика

Кафедра мүчөлөрү, 2012-ж.

илимдеринин кандидаты, доцент М.Ш.Мамаюсупов; Россия мамлекеттик социалдык университетинин Оштогу филиалынын директору физика-математика илимдеринин кандидаты, экономика илимдеринин доктору, профессор С.Т.Турдубаев; 2007-2008-жылдары Программалоо кафедрасынын башчысы, 2008-2011-жылдары Окуу-маалымат департаментинин директору, 2011-жылдан бери ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Г.М.Анарбаева; үзгүлтүксүз билим берүү институтунун директорунун орун басары, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент М.А.Азимбаев; физика-математика илимдеринин доктору, профессор Д.Турсунов; ага окутууулар – Ю.Аманбаева, О.Б.Арипов, К.Алиев, А.Жолдошев, Кудайберди ж.б.

Кафедра мүчөлөрү, 2018-ж.

Кафедрада эмгектенип жүрүп кандидаттык жана доктордук диссертацияларын С.К.Каримов (1967,1984,Киев), М.Ш.Мамаюсупов (1987,Новосибрск), А.О.Абдувалиев (1984,Москва), К.С.Алыбаев (1995,Бишкек), Г.М.Анарбаева (1993,Бишкек), Д.А.Турсунов (2005,Бишкек), М.А.Азимбаев (2010,Бишкек), А.К.Тойгонбаева (2015,Ош) ийгиликтүү коргошкон.

Кафедра мүчөлөрү, 2018-ж.

1971-1972-жылдары кафедраны физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент М.Абдылдаев жетектеген. Андан кийин 1972-1973-жылдары кафедранын башчылык милдетин физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Т.Чинкараев аткарган. 1974-1976-жылдары кафедраны физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Г.Маматурдуев жетектеген. Ал эми 1977-2018-жылдары кафедранын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, окутуучулардын педагогикалык чеберчилигинин жана илимий изденүүчүлүгүнүн өсүшүнө көмөк көрсөтүп келген, сингулярдык козголгон дифференциалдык тендемелерди изилдөө багытындагы илимий мектептин жетекчиси, физика-математика илимдеринин доктору, профессор С.К.Каримов көп жылдар бою кафедраны ийгиликтүү жетектеп келди.


2018-жылдын 23-октябрынан 2021- жылдын май айына чейн кафедраны физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент А.К.Тойгонбаева жетектеген.








2021-жылдын май айынан баштап математикалык анализ кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп, ага окутуучу Акматов Абдилазиз Алиевич жетектеп келүүдө








Тарых