Кафедранын тарыхы


Кафедра нын тарыхы

Алгебра жана геометрия кафедрасы 1971-жылы негизделген. Анын биринчи мүчөлөрү: Т. Мамуров, Д.С. Мустафин, Т. Чынкараев, С.Л. Кравченко, Н.И. Сабирова, Н.С. Селиванова. Кафедраны негизделген күндөн баштап ф.-м.и.к., доцент Т. Чынкараев жетектеген.

1972-1979-жылдары кафедра башчысы болуп ф.-м.и.к. Д.С. Мустафин эмгектенген. Ал Кыргыз Республикасында сандар теориясы боюнча илимдин кандидаты даражасына ээ болгон жалгыз адис эле. Бул мезгилдерде кафедрада Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу, бир топ орден-медальдардын ээси Тавакал Мамуров агай, С.Л. Кравченко, Н.С. Селиванова эжекелер, С. Сатымкулов, Б. Акматов, Т. Борубаев, К. Тажибаев агайлар иштешкен жана физика-математика факультетинин бүтүрүүчүлөрү катары бүгүнкү күндөгү ОшМУнун эл аралык байланыштары боюнча департаментинин директору, ф.-м.и.к., доцент, Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты А.О. Абдувалиев, ф.-м.и.д., профессор Ж. Сатаров, ф.-м.и.д., профессор Г. Матиева, доценттер Ж. Сагындыков, Ж. Токтосунов, Кыргыз – Өзбек Университетинин проректору, доцент Т. Исаков, доцент А. Кыбыраев жаш адис катары эмгек жолдорун ушул кафедрадан башташкан. Кыргыз Мамлекеттик Университенин мыкты бүтүрүүчүсү Раев Касымалы, Новосибирск Университетинин мыкты бүтүрүүчүсү, ф.-м.и.к., доцент, Москва мамлекеттик социалдык университетинин Оштогу филиалынын директору С. Турдубаев да алгебра жана геометрия кафедрасында эмгектенишкен.

Кафедра башчысы катары Д.С. Мустафин окутуу процессин эффективдүү уюштурууга, студенттердин квалификациялык даярдыгын жакшыртууга, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого өтө чоң салым кошкон.

1979-1985-жылдары кафедраны ф.-м.и.к., доцент Г. Маматурдиев жетектеген. 1986-жылы кафедрадан «Информатика жана эсептөө техникалары» кафедрасы бөлүнүп чыккан. Алгебра жана геометрия кафедрасын 1985 – жылдан 1991 – жылга чейин ф.-м.и.к., доцент Ж. Сатаров жетектеген жана ал ошол мезгилде Кыргыз Республикасындагы алгебра боюнча жалгыз илимдин кандидаты болгон. Бүгүнкү күндө Ж. Сатаров биздин өлкөдөгү алгебра боюнча жалгыз илимдин доктору, профессор болуп эсептелет.

1991-2018-жылдары алгебра жана геометрия кафедрасын ф.-м.и.д., профессор Г. Матиева жетектеп келди, ал эми 2018-жылдан тартып 2023-жылга чейин ф.-м.и.к., кафедранын доценти Т.М. Папиева жетектеп келди. Профессор Г. Матиева учурда дифференциалдык геометрия багытындагы илимдин доктору даражасына ээ болгон жалгыз адис. Ал 2015-2019-жылдары ОшМУнун, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн жаратылыш ресурстары институтунун жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы диссертациялык кеңештин жетектеп келген. Учурда кафедранын профессору Г.Матиева жана доценти Т.М. Папиева ОшМУнун, КР УИАнын ТБнүн жаратылыш ресурстары институтунун жана ЖАМУнун алдындагы К 01.19.599 диссертациялык кеңештин мүчөлөрү.

2007-08 окуу жылынан бери кафедрада КУИАнын мүчө корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстан математиктер уюмунун вице-президенти, Американын “Математика жана статистика” журналынын редколлегиясынын мүчөсү, ф.-м.и.д., профессор К. Алымкулов эмгектенип келген. Ал 2008-2015-жылдары ОшМУнун алдындагы кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңешти жетектеп келген, КУИАнын математика институтунун жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин алдындагы Д 01.17.560 диссертациялык кеңештин мүчөсү катары жогорку квалификациядагы илимий кадрларды даярдоого өз салымын кошкон.

Кафедра эки илимий-изилдөө багыты иш алып барат: «Фракталдык геометриянын учурдагы маселелери жана евклиддик мейкиндиктеги бөлүктөп чагылтуулардын геометриясы» (жетекчиси ф.-м.и.д., профессор Матиева Г., аткаруучулар: Борбоева Г.М., Папиева Т.М., Артыкова Ж.А., Курбанбаева Н.Н., Мустапакулова Ч.А., Каныбек кызы А.); «ЖОЖдордо математикалык дисциплиналарды окутууда жаңы технологияларды пайдалануунун өзгөчөлүктөрү » (жетекчиси ф.-м.и.д., профессор Матиева Г., аткаруучулар: Н.Н. Селиванова, Борбоева Г.М., Папиева Т.М., Артыкова Ж.А.).

Кафедранын окутуучулары тарабынан илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары көптөгөн эл аралык жана регионалдык конференцияларда баяндама жасалып, басмадан чыгып турат (Москва − 1983, 1984, 2011, 2019, Таллин, Эстония − 1984, Кишинев, Молдавия − 1988, Казань, Татарстан − 1992, Триест, Италия − 1997, Самос, Греция − 1998, Бишкек – 2000-2023, Алматы – 2009, 2015, Астана – 2012, Баку – 2014, Малайзия – 2018, Украина, Переяслав-Хмельницкий – 2018, Тольятти – 2019-2020, Самара – 2020, Туркистан – 2023).

Кафедранын мүчөлөрү тарабынан кафедранын базалык окуу дисциплиналары боюнча окуу колдонмолор иштелип чыгылган (Матиева Г., Сагындыков Ж., С.Оркошов Аналитикалык геометрия 1-бөлүк. Ош 1994г., Матиева Г., Турдубаев С., Акматов Б. Дифференцирленүүчү көп түспөлдүүлүктөрдүн геометриясына киришүү. Ош-1995, ст.101, Матиева Г., Сагындыков Ж. , С.Оркошов Аналитикалык геометрия 2-бөлүк. Ош-1997, ст.170, Матиева Г., Назаров М. ж.б. Геометриялык түзүүлөрдүн теориясы жана практикасы. Ош – 1993, Матиева Г. Борбоева Г. Дифференциалдык геометрия предмети боюнча маселелер жыйнагы (студенттердин сынчыл ойлоосун академиялык жазуу аркылуу өстүрүүгө багытталган), Ош-2001, 26 бет, Матиева Г., Абдуллаева Ч. Евклиддик мейкиндиктеги сызыктар жана беттер. Ош - 2005, 65 б, Матиева Г. Топологиянын элементтери. Ош - 2006ж, Турсунов Д. Дискреттик математиканын негиздери. Ош – 2009, 96 б., Турсунов Д. Биринчи тартиптеги кадимки дифференциалдык теңдемелер. Ош – 2009, 86б., Папиева Т, ж.б. Рейтингдик – модулдук системада математика боюнча курстук долбоорлордун жыйнак – практикуму (I, II, III, IV бөлүктөр). Ош – 2004, 2005, А.А.Борубаев, Г.Матиева. Көп түспөлдүүлүктөрдүн геометриясына киришүү. Ош-2011, Турсунов Д.,ж.б. Сандар теориясы. Ош -2011, 178 б., Матиева Г. Проективдик геометрия. Ош-2012, 176 б., Матиева Г. ж.б. Экинчи тартиптеги беттердин жалпы теориясы. Oш-2013, 146 б., Г.М.Борбоева. Аналитикалык геометрия боюнча мисалдар жана маселелер жыйнагы. Ош -2016, 232 б., Турсунов Д. Сандар теориясы Maple чөйрөсүндө. Ош-2017, 204б., Матиева Г. Геометриялык фракталдар . Ош 2018 74 б., Матиева Г., Борбоева Г.М. Сүрөтөлүштөр методу. Ош 2018 90 б., Матиева Г. Фракталдык геометриянын элементтери. Ош 2018 72)

Кафедранын тарыхындагы биринчи аспирант Г.М. Борбоева профессор Г. Матиеванын жетекчилиги астында 2009-жылы 01.01.04 – геометрия жана топология адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон. Ошондой профессор Г. Матиеванын жетекчилиги алдында эле кафедранын изилденүүчүлөрү Т.М. Папиева (2013), Ж.А. Артыкова (2014), Н.Н. Курбанбаевалар (2016) кандидаттык диссертацияларын коргошкон. Профессор К. Алымкуловдун жетекчилиги алдында Д.А. Турсунов (2014) доктордук, Ч.Х. Абдуллаева (2014), А.А. Халматов (2015), Б.А. Азимов (2017), М.К. Омуралиев (2018) кандидаттык диссертацияларын коргошкон.

Учурда кафедра төмөнкү курамда иш алып барат: Борбоева Г.М. – ф.-м.и.к., доцент, кафедра башчысы, Матиева Г. – ф.-м.и.д., профессор, ф.-м.и.к., доценттер Папиева Т.М., Курбанбаева Н.Н., улук окутуучу Селиванова Н. С., окутуучулар Мустапакулова Ч.А., Каныбек кызы А.