Жаңылыктар Архив

Чыгыш таануу жана тарых факультети

      Тарых жана социалдык иштер факультети ордендүү Ош мамлекеттик университетинин курамындагы бай тарыхка ээ факультеттерден. Ал университет менен жашташ. 1939-жылы Ош шаарында Мугалимдер институту ачылганда, анын курамында тарых адистиги да түзүлгөн. Бул аралыкта факультет өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармактары үчүн миңдеген жогорку билимдүү тарыхчы мугалимдерди, илимпоздорду даярдап чыгарды. 2019-жылдан тартып, "чыгыш таануу жана африканистика" кафедрасы факультеттин курамына кошулуп, азыркы күндө чыгыш таануу жана тарых факультети чыгыш элдеринин тили, маданияты жана тарыхый билим берүү ишмердиги менен кенен масштабдагы илимий изилдөө иштерин айкалыштырып, өнүгүп жаткан заманбап факультет. Учурда чыгыш таануу жана тарых факультети жогорку квалификациялуу адистерин даярдоочу окуу-усулдук жана илимий-педагогикалык борбор болуп саналат.
      3000 жылдык тарыхы бар Ош шаарында, кылымдарды карыткан Ак-Буура дарыясынын жээгинде, ыйык Сулайман тоонун таманында жайгашкан ордендүү Ош мамлекеттик университетинин чыгыш таануу жана тарых факультетинде окуп, тарыхый билим алып, өлкөбүздүн, коомубуздун гүлдөп өнүгүүсүнө олуттуу жана жигердүү салым кошууну кааласаңыз, анда, Ош мамлекеттик университетинин тарых жана социалдык иштер факультетине кош келиңиздер!
     

Сиздерди терең урматтоо менен, т.и.к., доцент Арстанов С.А.