Кафедранын миссиясы жана милдеттери
      

Азыркы учурда аткарып жаткан миссиясы

Кафедра математикалык эмес адистиктерде: медициналык, юридикалык, тарых, физика жана техникалык ж.б. факультеттерде билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын негизинде ар бир адистин өзгөчөлүгүн эске алуу менен, математиканы кесипке багыттап окутуп келүүдө. Келечекте жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.

Кафедра университетте математика предмети боюнча окуу, илимий –изилдөө, усулдук жана практикалык ишмердүүлүктү билим берүү стандартына ылайык жүргүзүүнү камсыз кылат. Кафедранын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелинет:

  • Студенттердин математика боюнча билим алуусу багытындагы талаптарын канааттандыра турган шарттарды түзүү;
  • Теориялык жактан билими жогору, квалификациялуу адистерди даярдоо;
  • Окуупроцессин илимий уюштуруунун жаңы негиздерин иштеп чыгуу жана окуу процессине окутуунун, тарбиялоонун жаны технологияларын кийирүү;
  • Лекцияларды , практикалык сабактарды жана студенттердин өзалдынча иштерин сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү .

Структура жана структура жетекчилери, алардын негизги милдеттери

Кафедраны башкаруу структурасы, илимий-методикалык, маданий-массалык, тарбиялык жана коомдук иштердин бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй: кафедра башчы – кафедранын жалпы ишмердүүлүгүн жетектейт, кафедранын методикалык семинарынын жетекчиси, кафедранын тарбиялык иштер боюнча жооптуу куратору, кафедранын студенттерди олимпиадага даярдоо боюнча сектору, кафедранын тышкы байланыштар боюнча жооптуу окутуучусу, кафедранын илимий иштер боюнча сектору, кафедранын маданий-массалык иштер боюнча сектору жана спорт сектору өздөрүнө тиешелүү болгон иштерди аткарышат.

    Тарбия иштери боюнча
• Кафедранын предметтерин окутуу процессин студенттерди активдїї тїрдє тарбиялоого пайдалануу; • Студенттерди ан-сезимдїїлїккє, эмгекчилдикке жана єз алдынчалуулукка тарбиялоо; • Кафедра мїчєлєрїнїн арасында этикалык жана нравалык нормаларды сактоо жана ушул сапаттарды студенттерге жеткирїї; • Студенттер арасында патриоттуулук сезимин ойготуу жана калыптандыруу; • Студенттик тайпалар арасында коллективдїїлїк сезимин калыптандыруу