Тарыхы

Кафедранын девизи: Сапаттуу билим үчүн !

      Факультет 1951-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун курамында физика-математика факультети деген ат менен түзүлгөн. Жаңы уюшулган мезгилде факультетте математика жана физика кафедралары болгон.


      1965-жылы математика кафедрасы «Жогорку математика» жана «Методика жана элементардык математика» кафедраларына бөлүнгөн. 1964-жылдын сентябрь айынан баштап «Жогорку математика» кафедрасынын жетекчиси болуп Т.А. Ажимудинов иштеген. Т.А. Ажимудиновдун жетекчилиги менен Бишкек, Ташкент жана Москва шаарларындагы окуу жайлары жана илимий борборлору менен байланыштар түзүлгөн.

      1966-67-жылдары Жогорку математика кафедрасын Д.С. Мустафин жетектеп келген. Кафедрада ошол мезгилде 12 мүчө иштеген. Алардын ичинен 4 илимдин кандидаты –Ажимутдинов Т.А., Мустафин Д.С., Абдылдаев М.Ю., Каримов С.К., 5 улук окутуучулар - Маматурдиев Г., Тагирова Р.А., Калчаев И., Сергеев А.Ф., Кравченко С.Л., жана 3 окутуучу – Джолдошев Б., Абдувалиев Г., Вавилова Л.Н. эмгектенишкен.


      1968-71-жылдары Жогорку математика кафедрасын М.Ю. Абдылдаев жетектеп келген. Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмери, техника илимдеринин доктору, профессор Мукаш Юнусалиевич Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

      1971-жылы Жогорку математика кафедрасы «Алгебра жана геометрия» жана «Математикалык анализ» кафедраларына бөлүнгөн. Жаңы адистиктердин ачылышы менен аларга математика дисциплинасынын окутулгандыгына байланыштуу ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 1997-жылдын 18-февралындагы №29 токтомунун негизинде «Жогорку математика жана математикалык экономика» кафедрасы ачылган. Кафедраны 2016-жылдан бери ОшМУнун өнүгүү жана эл аралык мамилелер боюнча проректору ф.-м.и.к., доцент А.О. Абдувалиев жетектеген.

      Кафедранын 2000-2002-жылдары андан кийинки жетекчиси болуп ф.-м.и.к., доцент Т.О. Бекешов эмгектенген. «Экономикадагы информациялык системалар» адистигиндеги студенттердин санынын өсүшүнө жана университеттин математикалык эмес адистиктериндеги студенттерге математика дисциплинасын окутуунун методикасын өркүндөтүү максатында жана ошол кездеги шарттын талабына ылайык, ОшМУнун ректорунун 2002-жылдын 1-сентябрындагы №81б буйругунун негизинде кафедра факультеттер аралык «Жогорку математика» жана «Экономикадагы математикалык методдор» кафедраларына бөлүнгөн.


      2002-жылдын сентябрь айынан баштап “Жогорку математика” кафедрасынын жетекчи болуп ф.-м.и.к., доцент А.М. Джураев дайындалган жана «Жогорку математика» кафедрасына физика-математика, педагогика, бизнес жана менеджмент факультеттеринен башка факультеттерге математика дисциплинасын окутуу милдети жүктөлгөн.



      2004-жылдын 2-февралынан 2013-жылдын 16-сентябрына чейин «Жогорку математика» кафедрасынын башчысы болуп ф.-м.и.д., профессор Ж.С.Сатаров жетектеп келген. Ленинград университетинин математика-механика факультетинде “Математикалык логика, алгебра жана сандар теориясы” адистиги боюнча аспирантуранын күндүзгү бөлүмүн бүтүргөн жана ошол эле университетте «Определяющие соотношения в унитарных группах» деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон.


      2013-жылдын 16-сентябрынан баштап 2016-жылдын 28-мартына чейин «Жогорку математика» кафедрасынын башчысы болуп ф.-м.и.к., доцент Мамаюсупов Маккамбай Шеранович иштеп келген. 1978 – жылдын 27 – октябрынан 992-жылга чейин ОшПИнин матанализ кафедрасында окутуучу, СССРдин ИА Сибирь бөлүмүнө жолдонгон аспирант, ага окутуучу, декандын орун басары, 1992 – жылдан баштап чет элдик биргелешкен ишканалардын жетекчиси, “Ош – 3000” МТРКсынын Генералдык директорунун биринчи орун басары кызматтарын аркалаган. 2002 – жылдан баштап ОГПИде математика кафедрасынын башчысы, ОшМУда фундаменталдык сабактар жана коммуникациялык технологиялар кафедрасынын башчысы, жогорку математика кафедрасынын доценти, профессорунун м.а.

2016-жылдын 28-мартынан 2018-жылдын 1-ноябрына чейин «Жогорку математика» кафедрасынын башчысы болуп ф.-м.и.к., доцент Сопуев Уланбак Адахимжанович иштеп келген. ОшМУ, физика-математика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган, математика адистиги, 1995-2000-жж Азыркы учурда математика жана информациялык технологиялар факультеттин деканы болуп ийгиликтүү жетектеп келе жатат.

2018-жылдын 1-ноябрынан башап конкурстук шайлоонун негизде, кафедраны п.и.к., доцент Кедейбаева Дилбар Арстаналиевна ийгиликтүү жетектеп келе жатат.

Учурда кафедранын материалдык-техникалык базасы толугу менен жаңыланып, окуу-усулдук иштер улантылып, окутуучулардын жигердүү иштөөсү үчүн керектүү шарттар түзүлүүдө.

Учурда “Жогорку математика” кафедрасынын штаттык формуляры боюнча 9 окутуучу, 1 методист эмгектенет:

1. Кедейбаева Дильбара Арстаналиевна – кафедра башчысы, п.и.к., доцент;

2. Сопуев Уланбек Адахимжанович- ф.-м.и.к., доцент;

4. Мамаюсупов Маккамбай Шеранович – профессор м.а.;

5. Мамазияева Элмира Амановна - доцент

6. Абдрасулова Салтанат Жамшитовна - улук окутуучу;

7. Абдукаимова Арапат Жолиевна – улук окутуучу;

8. Матанов Шерали Маматжанович – окутуучу

9. Жолдошбаев Мирлан Пазылович – окутуучу

10. Кулмурзаева Нурпери Каныбековна - методист

Кафедрада 2003-2013-жылдар аралыгында төмөнкү окутуучулар эмгектенген: проф. Ж.Сатаров, Джураев А., Пакиров С., Арыков А., Кыдыралиев Т., Мамаюсупова Б., Тойгонбаева Р., Түмөнова Э., Көкөев К., Бердибаева К., Төлөбаева К., Маликова Ч., Ниязбекова Ч.Капазова Э.

«Жогорку математика» кафедрасынын окутуучулары физика-математика, педагогика, бизнес жана менеджмент факультеттеринен башка бардык факультеттерге «Математика» дисциплинасын жана факультеттердин базасында ачылган 9- жана 11-класстардын колледждерине математика, профессионалдык математика дисциплиналарын тиешелүү түрдө окутат. Кафедранын окутуучулары тарабынан сынчыл ойлоону өстүрүүнүн негизинде “Класстер”, “Синквейн”, “БББК” ыкмаларын пайдалануу менен сабактарды ийгиликтүү өтүүдө. Лекциялык жана практикалык сабактарды өтүүдө интерактивдүү методдордун элементтери пайдаланылат.