Тарых музейи

Тарых факультетинин К.Малтаев атындагы тарых музейи

  Тарых факультетиндеги тарых музейинин ишмердүүлүгүнө – музейди археологиялык жана этнографиялык буюмдар менен жабдуу, сактоо жана калыбына келтирүү. Андан сырткары, аларды изилдөө, каталогго түшүрүү жана көрсөтүү илимий принциптерин түзүү болуп саналат. Музей экспонаттарын көрсөтүү аркылуу илимий билимдерди жайылтууга, экскурсияларды, көчмө көргөзмөлөрдү, консультацияларды уюштурууга ошондой эле, лекцияларды окууга, илимий жана илимий – популярдуу макалаларды, альбомдорду ж.б. бастырып чыгарууга зор көңүл бурулат.

Тарых факультетиндеги иштеп жаткан К.Малтаев атындагы тарых музейи элибиздин тарыхый – маданий мурасын сактоонун жана өнүктүрүүнүн негиздеринин бири болуп эсептелет. Тарых музейинин негизги иш – аракеттери үч багытта жүргүзүлөт:

1. Экспонат чогултуу, эсепке алуу жана сактоо, бардык экспонаттарга илимий баяндама жазуу.

2. Музейге келүүчү адамдарга көрсөтүү үчүн даярдалган дайыма иштөөчү, илимий – негизделген экспозицияларды ачуу, көргөзмө уюштуруу.

3. Элибиздин тарыхый – маданий мурастарын экспозицияларда, көргөзмөлөрдө, иш – чараларда жана экскурсияларда жарыялоо аркылуу пропагандалоо.

Бүгүнкү күндө биздин музей эки канадан – экспонаттар көрсөтүлгөн жана лабораториялык каналардан турат. Музейдин ишмердүүлүгүн дагы да жандандыруу үчүн факультетибизде окуган студент досторубуз менен бирге ар кандай археологиялык жана этнографиялык практикаларды уюштурууда тарых музейин илимий мааниси бар баалуу экспонаттар менен толукталууда.

Археология, этнография жана музей таануу окуу курстары боюнча практикалык сабактарды тарых музейинде өткөрүү үчүн окуу жайыбыздын колдоосу менен атайын шарттар түзүлгөн. Атайын адистер менен биргеликте лабораториядагы археологиялык казуу иштеринде табылган материалдарды студенттер менен бирге анализдеп, аларды илимий айлампага салабыз. Андан сырткары, алар менен бирге бул маалыматтардын үстүнөн иштөөнүн негизинде алынган жыйынтыктарды камтыган илимий макалаларды соавтордук негизде жарыкка чыгарууга даярбыз. Көрүнүктүү жана таанымал тарыхчы, археолог, этнографтар менен топтолгон лабораториялык баалуу маалымат булактарын факультетибизде жана университетибизде окуган башка адистиктеги студент досторубузга кайсыл жерде кездешүүсү, алардын таралуу арелы тууралуу жана салыштырма анализдөө аркылуу өзгөчөлүктөрү боюнча тааныштырабыз. Тарых музейинде сабактан тышкаркы учурда маалымат алуучу жай катары студенттердин практикалык сабактарын даярдоого, экспонаттардын үстүнөн иштөөгө шарттар каралган.

Тарых факультетинин К.Малтаев атындагы тарых музейинин жооптуу адиси Каухар Биймамат кызы