Бакалавриат

Окуу процесси

      Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде жогорку квалификациялуу профессорлор жана окутуучулар эмгектенет, факультет учурдун талабына жооп бере турган заманбап материалдык-техникалык база менен жабдылган.

      Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети студенттерге жаңычыл билим берүү максатын көздөйт жана азыркы учурда студенттерди окутууда Европа мамлекеттеринин жогорку билим берүү системасына ылайык окутуу процессин жанылоо жолунда. Билим берүү программасы Болон процессинин идеологиясына жараша өнүктүрүлөт жана билим берүүдөгү реформа азыркы коомдун керектөөсүнө жараша багыт алган.

      Программанын негизги максаты- студенттерге туруктуу моралдык жана маданий традициялар боюнча түшүнүк берүү, алардын көз карашын кенейтүү жана терен билим берүү. Факультеттин окуу программасы студенттердин ар тараптуу өнүгүүсүнө, өзү тандап алган кесиптин мыкты адиси болууга жана эки же андан көп чет тилдерин үйрөнүүгө жардам берет.

      Жалпы жана атайын кесиптик сабактардан сырткары ( “Тил илимине киришүү”, “Жалпы тил илими”, “Которуунун теориясы”, “Чет тилдин оозеки жана жазуу кеби”, “Практикалык фонетика”(грамматика), “Теориялык фонетика” (грамматика, лексикология, стилистика), “Чет тилдин тарыхы”, “Чет тилин окутуунун усулу, ж.б) факультеттин окуу планына “Маданият таануу”, “Эл аралык баарлашуу”, “Педагогикалык психология”, “Социалдык психология”, “үйрөнүп жаткан чет тилдин тарыхы жана маданияты” жана башка сабактар окутулат.

      Окуу процессин жана башкарууну автоматташтырган AVN программасын факультеттин окутуучулары толук өздөштүрүп, программанын негизинде окуу процессин жүргүзүүдө.

      AVN программасынын киргизилиши менен окутуучулардын ишинде да, студенттердин окуусунда да женилдиктер жаралды. Студенттер, окутуучулар каалаган маалыматын университеттин бирдиктүү маалымат банкынан же башка булактардан кыйынчылыксыз ала алат жана маалымат алмаша алат.

Окуу мөөнөтү бакалавр багытында 4 жыл. Магистратурада 2 жыл



Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетиндеги адистиктер


550300 Филологиялык билим берүү адистиги («Чет тили»)

Лицензия №58, тиркеме №9

Окуунун формасы: күндүзгү жана кечки

Окуунун мөөнөтү: күндүзгү бөлүм 4 жыл, кечки бөлүм 4 жыл

Квалификация сы : жогорку “бакалавр”

Ч ет тил мугалими ( англис, немис, француз тилдери)


531100 Лингвистика (« Котормо жана котормо таануу »).

Лицензия №58, тиркеме №19

Окуунун формасы: күндүзгү жана кечки

Окуунун мөөнөтү: күндүзгү бөлүм 4 жыл, кечки бөлүм 4 жыл

Квалификациясы: жогорку “бакалавр”

лингвист , котормочу