30 апрель 2020ж, ОшМУнун искусство факультетинин "Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлоо" кафедрасы менен биргеликте Б. Бейшеналиева атындагы. КММИУнун" Салттык музыка жана фольклор" кафедрасы " "Маданий окуу жайлардагы дистантык окутуунун күнгөй тескейлери" аттуу онлайн конференциясын өткөрүштү.
Конференциянын ишин "Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлоо" каф. башчысы ф.и.к. доцент Боронбаев А.Ж. жана "Салттык музыка жана фольклор" каф. башчысы Кочорбаев С. алып барышты
Бугун 13 декабрь куну ОшМУнун Искусство, Эл аралык мамилелер, Кыргыз-Кытай факультеттеринин жамаатары, студенттери менен биргеликте Ош шаарындагы 12- комокчу мектеп-интернатында окуп жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн кайрымдуулук марафонду уюштуруп беришти. Мектептин окуучулары оздорунун чакан концерттик программасын тартуулашты. Бул иш чараны Искусство факультетинин "Муз.тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлоо" кафедранын башчысы ф.и.к., доцент Боронбаев А.Ж, окутуучу Э. Осмоналиев жана деканат менен биргеликте уюштурушту.
12 декабрь күнү ОшМУнун Искусство факультетинде,"Музыкалык тарбия берүүнүн усулу,теориясы жана хорду диржерлөө" кафедрасынын 4 курстун студенти Алмазбек кызы Толкунайдын "Ажайып кечим салтанат,ата-энем сизге арналат" атуу тушоо кесүү концертин өткөрдү. Концерти Б.Абдувалиев атындагы фольклордук ансамбль жана сахналаш достору коштоду.
Искусство факультетинин “Салтанат” фольклордук ансамбли 2018-жылдын мыкты оркестри аталды.
Жетекчиси: “Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө” кафедрасынын окутуучусу Б.Джумабаев. Ал эми көркөм жетекчиси улук окутуучу Ж. Атабаева "Залкар комузчу 2018" наамына ээ болду.
Экскурсия.
2018-2019-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү кесипке багыт алуу максатында Искусство факультетинин жаңы имараты жана баардык аудиториялары менен таанышып, факультет жөнүндө толук маалымат алышты.
Факультеттер аралык байланышты чыңдоо.
2018-жылдын 20-апрелинде Ош МУнун искусство факультетинин “Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө” кафедрасынын улук окутуучусу Ф. Мангиева Ош МУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетиндеги илимий жумалыкта “ Ч.Айтматовдун чыгармаларына жазылган обондуу композициялар” деген темада лекция-концерт өткөрдү. Иш-чарада Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган кинофильмдердин музыкаларынын, композиторлордун обон-күүлөрүнүн маани-маңызы, жаралуу тарыхы кеңири чагылдырылды.