Конференциялар, симпозиумдар жана форумдар

Чет тилдер факультетинде Тарых жана маданият жылына арналган “Илим жумалыгы” 18-апрелден 23-апрелге чейинки убакыт аралыгында болуп өттү.


“Илим жумалыгын” өткөрүүнүн негизги максаты:

Билим берүүнү модернизациялоо жана окумуштуулардын кызматташтыгын чындоону стратегиялык түрдө өнүктүрүүгө байланышкан проблемаларды талкуулоо болду.

Илим жумалыгы окутуучулардын илимий жетишкендиктеринин көргөзмөсү менен башталды. Бул сапар кафедралардагы илимдин өнүгүүсүнүн тарыхына арналган стенддер чыгарылып, көргөзмө көркүнө чыкты десек жанылышпайбыз.

Илим жумалыгында 2 илимий-практикалык конференция болуп өттү. “Илим жумалыгынын” алкагында 1-илимий практикалык конференция-Пленардык жыйын бул факультетте салтка айланган кезектеги “Илим жумалыгынын” алкагында “Лингвистиканын жана лингводидактиканын актуалдуу маселелери” деген темада, ал эми экинчиси 20-апрелде өткөн «Илим өнүгүүнүн булагы» темасында жаш илимпоздордун жана студенттердин V- илимий практикалык конференциясы.

Пленардык жыйында окулган докладдар:

1. «ЧТФда илимдин өнүгүү тарыхынан” филология илимдеринин кандидаты, доцент Калыгулова С.Ш.

2. «Грамматическая категория предикативности английского и кыргызского языков» англис тилинин стилистикасы жана лексикологиясы кафедрасынын улук окутуучусу Рахимбаева Г.А.

3. «Англис тили ааламдашуу шартында» англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын доценти Ысмаилова Р.А.

4. “Английские придаточные обстоятельственные предложения и их функциональные соответствия в кыргызском языке” америка жана котормо таануу кафедрасынын улук окутуучусу Сагындыкова Р.Ж.

Конференциян иши төмөнкү секциялык отурумдар да уланды:

№1 – «Англис тилин окутуунун теориясы жана методикасынын актуалдуу маселелери»

Жетекчи: ф.и.к, проф. Анарбаев А. А.

№2 – «Америка жана котормо таануудагы проблемалар жана перспективалар»

Жетекчи: ф.и.к., доцент Аипова Г.Б.

№3 – «Тил илиминдеги актуалдуу проблемалар жана заманбап тилдик процесстер»

Жетекчи: ф.и.к., доцент Мараш-Оглы Ш. В.

№4 – «Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасынын актуалдуу проблемалары»

Жетекчи: доцент Акматова А. А.

№5 - Жогорку окуу жайлардын тилдик эмес факультеттеринде студенттердин өз алдынча иштерин дифференцирлеп уюштуруу”

Жетекчи: п.и.к., доц. Сыдыкова Т.М.

№6 – « Немец тилин окутуунун актуалдуу проблемалары ж-а перспективалары»

Жетекчи: ф.и.к., доцент Кабылов Т.Б.

Секциялык отурумда төмөнкү баяндамалар мыкты деп табылды :

1. Мыкты семинар “Building humanistic atmosphere in the English classroom”-улук окутуучу А. Жороева жана окутуучу А. Тажибаева; 2. “Англис жана Кыргыз тилдеринин эсеп кысап терминологиясынын калыптануусу жана алардын лингвистикалык өзгөчөлүктөрү” улук окутуучу Асанова Ж. 3. «Обучение толерантности при преподавании иностранных языков (немецкий, английский)» М.Усманова 4. “Чет тилиндеги (француз) фразеологиялык бирдиктер” окутуучу Тупчибаева М. 5. “Организация самостоятельной работы студентов в процессе изучения иностранного языка в вузе” Сыдыкова Т. , Дуванаева К. 6.”The effectiveness of concept map as an educational tool to enhance critical thinking skills in learners” ага окутуучу Сулайманова Г. жана окутуучу Нишанов Ч.

“Лингвистиканын жана лингводидактиканын актуалдуу маселелери” илимий-практикалык конференциясынын резолюциясы

1. Чет тилдер факультетинде багыттар, адистиктер боюнча билим берүүдөгү, тарбиялоодогу алгылыктуу практикалык тажрыйбаларды, инновациялык жетишкендиктерди жайылтуу жана өркүндөтүү боюнча иш- аракеттерди күчөтүү.

2. Билим берүү стандарттарындагы, типтүү жана жумушчу окуу пландарындагы окуу дисциплиналарын окутуунун санын, сапатын жакшыртуу, ошондой эле курстук, дипломдук иштерди, магистрдик диссертацияларды жазууну өркүндөтүү жана кеңири жайылтуу .

3. Факультетте чет тилдерин окутуунун теориясын жана практикасын интерактивдүү негизде өркүндөтүү.

4. Тил илими боюнча фундаменталдык мүнөздөгү изилдөө иштерин уюштуруу жана активдештирүү

19- апрель күнү «Азыркы тил илиминин актуалдуу маселелери» деген темада магистранттардын катышуусу менен тегерек стол өттү. Магистранттар өздөрүнүн илимий темаларына байланышкан докладдары менен чыгышып кызыктуу талкуу жүрдү. Бул тегерек столдо активдүүлүгүн көрсөткөн кээ бир окутуучулардын докладдары “эн мыкты баяндама” деп табылып факультеттин мактоо баракчасына татыктуу болушту.

(Магистратура жетекчиси Рахимбаева Г.А.)

20–апрелде Тарых жана маданият жылына арналган “Илим жумалыгынын” алкагында “Илим - өнүгүүнүн булагы” аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин илимий-практикалык конференциясы уюштурулду.

Пленардык жыйында мамлекеттик тил, чет тили, тарых жана маданият маселелерине арналган мазмундуу докладдар болуп, конференциянын катышуучуларынын кызуу талкуусуна алынды.

Студенттик конференциянын тематикалык багыттар боюнча секциялык отурумдарында ОшМСУдан жана ОшМУнун бир катар факультеттеринен келген жаш илимпоздор жана студенттердин илимий докладдары конференциянын ишин уланды:

1. Мамлекеттик тил, тарых, маданият жана дин маселелери

2. Чет тилдерин үйрөнүү жана эл аралык байланыштар маселелери

3. Өнүгүүдөгү социалдык-экономикалык, укуктук жана саясий көйгөйлөр

ОшМУнун тарых факультетинин студенттерине (илимий жетекчилери т.и.к., проф. Кадыров Т.Д. жана т.и.к., доц. Чыныкеева Г.Э.) конференцияга келип, активдүү катышканы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Студенттик илимий практикалык конференциянын комиссиясынын жыйынтыгы менен төмөнкү студенттердин баяндамалары “эн мыкты баяндама” деп табылып факультеттин мактоо баракчасына сунушталды:

1. Англис-кыргыз макал- лакаптарынын прагмалингвистикалык культурологиялык аспекти ОшМСУнин окутуучусу Ташбаева Г.

2. “ Кыргыз этнониминин келип чыгышынын кээ бир маселелери ОшМУ, тарых факультетинин 1 курсунун студенти Суйутбеков Байаман Ил.жет.: т.и.к.,доц. Кадыров Т.Д.

3. “1916-жылдагы кыргыздардын улуттук-боштондук көтөрүлүш” ОшМУ, ЧТФнин окутуучусу Нишанов Ч. Б.

4. “Учурдагы этнодемографиялык процесстер, кыргыздардын тилдик курамы” ОшМУ, тарых факультетинин 1 курсунун студенти Досназаров Акжол

Ил.жет.: т.и.к.,доц. Чыныкеева Г.Э.

5. “ Кыргыз АССРне 90 жыл” Мурзабекова Нуржанат

илимий жетекчиси: Карабаева Э. Тарых факультети

6. “Кыргыз малекеттүүлүгүнө 25 жыл” Суюнбаева Мадина

Илимий жетекчиси : Турдубаева А. Тарых факультети

7. “Кыргыздын улуттук баш кийимдеринин өзгөчөлүгү” Кыдыралы кызы Акылай, Ибрагимова Жумагул, илимий жетекчиси: Капарова Ж. Искусство факультети.

8. Калпакова Айпери “Народно-освободительная борьба 1916

Илимий жетекчи:Карабаева Э. Тарых факультети

21-апрелде жалпы факультет боюнча кафедраларда курстук иштер корголду(кечки бөлүм) жана бүтүрүүчү курстун студенттери дипломдук жана квалификациялык иштерди алдын ала ийгиликтүү коргошту. (1 таблица)

Кафедра

Курстук иш

Дипломдук иш

Квалиф. иш

План

Аткар

План

Алдын ала кор

План

Алдын ала кор

келб

Англис тил. стилистикасы ж-а лексикологиясы

9

9

34

33

1

Роман-герман

филологиясы

8

8

23

21

2

Англис тилинин фонетика жана грамматикасы

10

10

73

73

Америка жана котормо таануу

36

36

56

54

2

Немец тили

3

3

Баары:

63

63

189

184

5

22-апрель күнү англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасы уюштурган Кыргыз АССРинин 90 жылдыгына, 1916-жылдагы үркүндүн 100 жылдыгына, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата Акыл таймащ - “Bright minds” аттуу конкурс 2,3 курстун студенттеринин арасында болуп өттү. Жыйынтыгында өз элинин, мекенинин тарыхын мыкты билген женүүчүлөр жана Тарых жана маданият жылынын темаларын камтыган (Акыл таймаш-Bright Minds) мыкты иш чараны уюштурууда активдүү катышкандыгы үчүн - улук окутуучу Чынара Жээнбекова грамоталарга ээ болушту.

23-апрельде ЧТФда өтүлгөн “Илим жумалыгынын” жыйынтыгы боюнча тегерек столдо ЧТФда 2015-2016-жж чет өлкөлөргө чыгып келген окутуучулардын проекттер боюнча кызыктуу презентациялары жасалды жана “Илим жумалыгы” факультеттин деканынын, секция жетекчилеринин жана кафедра жетекчилеринин сөзгө чыгуусу, илимий иштер боюнча декандын орун басарынын жыйынтыктоочу отчету менен жыйынтыкталды.





















Чет тилдер факультетинде “Илим жумалыгы” “Лингвистиканын жана лингводидактиканын актуалдуу маселелери” деген темада 20-апрелден 25-апрелге чейинки убакыт аралыгында болуп өттү.
“Илим жумалыгын” өткөрүүнүн негизги максаты:
Билим берүүнү модернизациялоо жана окумуштуулардын кызматташтыгын чындоону стратегиялык түрдө өнүктүрүүгө байланышкан проблемаларды талкуулоо болду.
Бул жумада 2 илимий-практикалык конференция болуп өттү. “Илим жумалыгынын” алкагында 1-илимий практикалык конференция- Пленардык жыйын бул факультетте салтка айланган кезектеги “Илим жумалыгынын” алкагында өттү.
Пленардык жыйында негизги докладчы/Keynote speaker SELF Андрю Шэннон “ Teaching methodology: Ongoing professionаl development” доклады менен болду.
Каттоо карточкаларында бекитилген илимий темалардын негизинде жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөр жана иш-аракеттер боюнча кафедра башчыларынын отчеттору конференциянын негизги бөлүгүн түздү:
1. Англис тилинин стилистикасы жана лексикологиясы кафедрасы
“Рационализация учебного процесса по языковой подготовке студентов” Илим. жет.: ф.и.к., проф. Анарбаев А.А.
2. Роман-герман филологиясы кафедрасы
“Взаимодействие языков, проблемы романо-германской филологии и методики преподавания иностранных языков”
Илим. жет.: ф.и.к., доц. Мараш-Оглы Ш.В.
3. Англис тилинин фонетика жана грамматикасы кафедрасы “Актуальные проблемы исследования фонетики, грамматики и лексики иностранных языков”
Илимий жетекчи: доц. Акматова А.А.
4. Англис тилинин практикалык курсу кафедрасы “Дифференцированный подход к организации учебного процесса на практических занятиях английского языка”
Илим. жет.: п.и.к., доц. Сыдыкова Т.М.
5. Америка жана котормо таануу кафедрасы
“Проблема перевода и особенности перспектив американистики”
Илим. жет.: ф.и.к., доц. Аипова Г.А.
6. Немец тили кафедрасы “Совершенствование профессиональной подготовки студентов с использованием новых технологий обучения”
Илим. жет.: ф.и.к., доц. Кабылов Т.Б.

Ал эми пленардык жыйындан кийин ЧТФнын «Илим жумалыгынын» секциялык отурумдары төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлдү:
Секция №1 – «Англис тилинин теориясы жана методикасынын актуалдуу суроолору» Жетекчи: АТЛС кафедрасынын жетекчиси,философия илимд-н кандидаты, проф. Анарбаев А. А.
Сулайманова Г. “The effectiveness of using graphic organisers”
Эргешова Н. “Instruction is one of the main constraints in teaching English classroom”
Секция №2 – «Америка жана котормо таануудагы проблемалар жана перспективалар» Жетекчи: Америка жана котормо таануу кафедрасынын башчысы, фил.ил.канд., доцент Аипова Г.Б.
Сагындыкова Р. Ж. « Функционально-грамматическое разбиение английских придаточных обстоятельственных предложений и их кыргызских соответствий в разрезе сементики»
Жээнбекова Г. Т. «Суффиксы с уменьшительно-ласкательным значением в кыргызском речевом этикете»
Секция №3 – «Тил илиминдеги актуалдуу проблемалар жана заманбап тилдик процесстер» Жетекчи: Роман-герман филологиясы кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Мараш-Оглы Ш. В.
Суркеева Д.”Semiotics and interjections”
Зулумбекова М. «Натоящее время глагола в английском и кыргызском языках»
Секция №4 – «Англис тилинин теориялык фонетикасы жана грамматикасындагы актуалдуу проблемалар» Жетекчи: Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы каф-нын башчысы, доцент Акматова А. А.
Жороева А. “Some typological defference of English and Kyrgys consonants”
Назарова М.
Секция №5-”Тилдик эмес факультеттерде англис тилин кесиптик багытта окутуу” Жетекчи: англис тилинин практикалык курсу кафедрасынын башчысы пед.ил.канд., доц. Сыдыкова Т.М.
Батыршина Ф.Р. «Повышение качества знаний на уроках латинского языка с использованием дифференцированного подхода»
Кочконбаева С., Сатывалдиева А. «Латинский языка и его роль в современной медицине»
Секция №6 – « Чет тилин окутуунун актуалдуу проблемалары жана перспективалары» Жетекчи: немец тили кафедрасынын башчысы, фил.илим.канд., доцент Кабылов Т.Б.
Сарыкбаева Ж.
Пахирова Д.
24-апрелде «Азыркы тил илиминин актуалдуу маселелери» деген темада магистранттардын катышуусу менен тегерек стол өттү. Тегерек столду ЧТФнын деканы филология илимдеринин кандидаты, доцент Калыгулова С.Ш. жетектеди. Магистранттар өздөрүнүн илимий темаларына байланышкан докладдары менен чыгышып кызыктуу талкуу жүрдү.
Бул тегерек столдо активдүүлүгүн көрсөткөн кээ бир окутуучулардын докладдары “эн мыкты баяндама” деп табылып факультеттин мактоо баракчасына татыктуу болушту.
25-апрелде ЧТФда өтүлгөн “Илим жумалыгынын” жыйынтыгы боюнча тегерек стол өтүп анда ЧТФда 2014-2015-окуу жылында чет өлкөлөргө чыгып келген окутуучулардын проекттеринин презентациялары жасалды жана “Илим жумалыгы” факультеттин деканынын, секция жетекчилеринин жана кафедра жетекчилеринин сөзгө чыгуусу, илимий иштер боюнча декандын орун басарынын жыйынтыктоочу отчету менен жыйынтыкталды.
Аягында «Чет тилдерин окутуудагы инновациялык технологиялардын ролу» илимий-практикалык конференциясынын резолюциясы кабыл алынды:
1. Чет тилдер факультетинде багыттар, адистиктер боюнча билим берүүдөгү, тарбиялоодогу алгылыктуу практикалык тажрыйбаларды, инновациялык жетишкендиктерди жайылтуу жана өркүндөтүү боюнча иш- аракеттерди күчөтүү; жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий иштерин күчөтүү максатында илимий конференциялардын секциялык иштерин курстар боюнча өткөрүү; 2. Билим берүү стандарттарындагы, типтүү жана жумушчу окуу пландарындагы окуу дисциплиналарын окутуунун санын, сапатын жакшыртуу, ошондой эле курстук, дипломдук иштерди, магистрдик диссертацияларды жазууну өркүндөтүү жана кеңири жайылтуу; 3. Факультетте чет тилдерин окутуунун теориясын жана практикасын интерактивдүү негизде өркүндөтүү; 4. Тил илими боюнча фундаменталдык мүнөздөгү изилдөө иштерин уюштуруу жана активдештирүү.