Дистанттык болум
Педагогика жана дене тарбия факультети ОшМУнун структурасында алгачкы ачылган факультеттерден. Бул факультет 1959-жылы музыка-педагогика деген ат менен ачылып, ошол мезгилде сырттан окуу бөлүмүнө жогорку билимдүү музыка жана башталгыч класс мугалимдерин даярдоо боюнча студенттерди кабыл ала баштаган. Анткени ошол мезгилде аталган адистиктер боюнча жогорку билимдүү мугалимдерге суроо-талап, муктаждык күчтүү эле. Ошондой эле мезгил талабына жана элдин жашоо-шартына ылайык мугалимдик адистикке өндүрүштөн ажыратпай окутуу зарылдыгы бар эле.
1978-жылы музыка-педагогика факультети өз алдынча экиге бөлүнгөн.
1. Педагогика факультети;
2. Музыка жана ырдоо факультети.
Бул учурда факультетте бир гана “Башталгыч билим берүүнүн методикасы” адистиги боюнча мугалимдер даярдалган.
1979-81-жылдарда сырткы бөлүмгө студенттерди кабыл алуу 114кө жеткен. Ошол учурда факультеттин сырткы бөлүмүн 5 кафедранын окутуучулары тейлеп, окуу-тарбиялык иштерди алып барган. (факультет боюнча 44 окутуучу иштеген, алардын 13ү илимдин кандидаты, доценттер эле).
Кийинчерээк мектепке чейинки мекемелердин жогорку билимдүү тарбиячыларын даярдоочу адистик жана 1998-1999-окуу жылында “Дене тарбия” адистиги ачылган.
2012-жылдан бери эки баскычтуу билим берүүгө өткөндүгүбүзгө байланыштуу аталган бөлүмдө тиешелүү профилдерге ылайык бакалаврлар даярдалууда.
Аталган бөлүмдү жарым кылымдын ичинде ага окутуучу А.В.Валиев, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент К.Исаков, филология илимдеринин доктору, профессор М.Сулайманов, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Т.Максутов, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Ж.М.Орозбаев, доцент К.Шакиров, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Б.Б.Муратбаев сыяктуу инсандар жетектеп келишти. Аталган инсандардын баарынын бөлүмдүн калыптанышында, өнүгүшүндө зор салымдары бар.
2012-жылдан бери аталган факультетте филология илимдеринин кандидаты, доцент Ч.Гапарова декандын сырттан окуу бөлүмү боюнча орун басары болуп эмгектенүүдө. Бул мезгил ичинде окуу пландары кредиттик системага ылайык жаңыланып түзүлүп, окутуунун сапатын жогорулатуу жана билимди баалоонун жаңы технологияларын колдонуу ийгиликтүү ишке ашырылууда. Окуу процессинде AVN маалыматтык системасы кеңири колдонулуп, сынактарды кабыл алуу компьютердик тестирлөө аркылуу жүргүзүлүүдө.