маалымат пакети

Кыргыз Республикасынын

билим берүү жана илим министрлиги

Ош мамлекеттик университети

Теология факультетинин

кредиттик технологиянын негизинде бакалаврларды даярдоо боюнча маалыматтык пакети

Ош - 2019


Академиялык календарь

күзгү / кышкы семестр:

1-сентябрь семестрдин сабактарынын башталышы (катталуу жумасы)

23-октябрь- аралык текшерүү (рубежный контроль)

28-октябрь

7-ноябрь майрам күнү - Октябрь социалисттик революциясынын күнү

18-декабрь - экзамендик сессия

30-декабрь

1-январь – кышкы каникул

27-январь

кышкы / жазгы семестр :

29- январь семестрдин сабактарынын башталышы

23- февраль майрам күнү – Ата мекенди коргоочулар күнү

8- март майрам күнү – Аялдардын эл аралык майрамы

19-март- аралык текшерүү (рубежный контроль)

24-март

21- март майрам күнү – Нооруз күнү

1- май майрам күнү – Эмгекчилердин эл аралык майрамы

5 -май майрам күнү – Конституция күнү

9- май майрам күнү – Жеңиш күнү

21-май- экзамендик сессия

2- июнь

11- июнь жайкы каникул


МАЗМУНУ

1. ФАКУЛЬТЕТ ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ..............................................................4

1.1. Факультеттин миссиясы ..............................................................4

1.2.Факультеттин реквизиттери жана жетекчиси......................................................4

1.3. Факультет жөнүндө кыска информация ..............................................................4

1.4. Факультеттин эл аралык ишмердүүлүгү ............................................................5

1.5. Багыттар (адистиктер) боюнча ECTS тин координаторлору.............................................6

1.6. Факультеттин багыттары (адистиктери) боюнча маалыматтар.........................................6

2. Окуу процессинин уюштурулушу. окуу планы ....................................7

3. ОКУУ КУРСТАРЫНЫН ЧЕЧМЕЛЕНИШИ ...................................................9

1. ФАКУЛЬТЕТ ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

1.1. Окуу жайдын миссиясы

ОшМУнун миссиясы:

1. Компетенттүүлүк мамиле менен заманбап билим берүү процессинде сапаттын кепилдигин камсыздоо; билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын дүйнөлүк мейкиндигине интеграциялануу; жаштарда адептик, маданий жана илимий баалуулуктарды калыптандыруу;

2. Мамлекеттин экономикалык, социалдык жана саясий өнүгүүсүн камсыздоо үчүн өзүнүн интеллектуалдык потенциалын илимде, өндүрүштө жана кесиптик ишмердүүлүгүндө жүзөгө ашыра ала турган жогорку профессионалдык кадрларды даярдоо;

3. Борбордук Азиядагы эң мыкты 5 университеттин катарына кирүү.

1.2. Факультеттин реквизиттери жана жетекчиси

Факультеттин толук аталышы:

- кыргыз тилинде: “Теология факультети”;

- орус тилинде: “Теологический факультет”;

- англис тилинде: “Theology Faculty”.

Лицензия жана сертификаттары:

Лицензия – LD 170000279 (№5 тиркеме), берилген дата-31.03.2017, аяктоо мөөнөтү-м өөнөтсүз.

Декан: Мырзаибраимов Самаган Абдыразакович – саяс.т.и.к.,доцент

Дареги:

Кыргыз Республикасы, 723500, Ош ш., Исанов көч. 77а

Телефондору: 0322243561

Факс: 0322243604

E-mail: theology.osh@gmail.com, oshilahiyat@hotmail.com

1.3. Факультет жөнүндө кыска информация

ОшМУнун теология факультети 1993-жылы ОшМУ жана Туркиянын «Дианет» фондунун ортосундагы келишимдин (22.09.1993-ж.) негизинде ачылган. Теология факультети Борбордук Азия мамлекеттеринде эң алгачкы ачылган факультет болуп эсептелет.

Анкара университети менен өз ара кызматташуу жөнүндө түзүлгөн келишимдин негизинде «дин таануу жана гуманитардык предметтер» кафедрасында факультеттин өзгөчөлүгүнө ылайыкталган диний предметтер жана Кыргызстандын мамлекеттик стандартында көрсөтүлгөн предметтер окутулат. Факультеттин окутуучу-профессордук курамын Туркиянын жогорку окуу жайларынан кызматташтык келишимдин негизинде келген жана ОшМУнун тажрыйбалуу окумуштуу-адистери түзөт. Факультетте дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасы иш алып барат. Учурда кафедрада 14 окутуучу, анын ичинен 6 – илимдин доктору (PhD), 2 – илимдин кандидаты жана 6 окутуучу эмгектенет.

Теология факультетинин студенттери Анкара университетинде жана ОшМУда билим алышат. Студенттердин окуусуна (контракттык төлөм), жатаканасына, тамак-ашына кеткен чыгымдар Туркия мамлекетинин Дианет фонду тарабынан каржыланат.

Факультеттин студенттери коомдук жана маданий-массалык иштерге активдүү катышат. Жаштар комитети студенттер арасында маданий массалык иш алып баруу менен факультеттин социалдык турмушун жандандырып турат. Студенттер жалпы жогорку окуу жайлар аралык, университеттеги факультеттер аралык КВН, диспут, конкурс, билим таймаштарында (брейн-ринг) жана студенттик конференцияларда активдүүлүгүн көрсөтүп келишет.

Факультеттин студенттери 100 орундуу бардык шарты бар жатакана менен камсыз болушкан. Жатаканада ашкана, эс алуу жана тейлөө бөлмөлөрү, телевизор көрүүчү зал, сабактарга даярдануу үчүн атайын залдар жайгашкан. Студенттер үчүн 3 маал акысыз ысык тамак уюштурулган. Студенттердин бош убактыларын өткөрүү жана ден соолуктарын чыңдоо үчүн спорт аянтчасы жайланышкан. О.э. жатакананын жанында 350 орундуу Туркиянын архитектуралык усулунда курулган мечит жайгашкан.

Факультеттеги аудиториялар, лекциялык залдар, китепкана, окуу залы жана окутуучулардын атайын кабинеттери учурдун талабына жооп берүүчү эмеректер менен жабдылган.

531600 «Теология» багыты боюнча бакалаврларды даярдоо үчүн теология факультети төмөнкүдөй материалдык-техникалык базага ээ:

§ Компьютердик класс.

§ Интерактивдүү доска менен жабдылган конференция залы.

Ошондой эле 4 лекциялык залдар, 8 окуу аудиторялары, окуу залы жана китепкана бар.

Акыркы муундагы 32 компьютер, 2 ксерокс, 6 принтер, 3 проектор, 1 сканер жана ар бир аудитория интерактивдүү(акылдуу) доскалар менен камсыз болгон, анын ичинен 15 компьютер компьютердик класста жайгашкан.

Андан сырткары студенттер ОшМУнун башка окуу корпустарынын материалдык базаларынан (окуу залдары, китепкана, спорт аянтчалары ж.б.) колдоно алышат.

Студенттердин илим-изилдөө иштеринде дүйнөлүк илимдин өнүгүү тенденцияларына ылайык маалыматтарды алуу максатында кафедра жана компьютердик класстар бүткүл дүйнөлүк Интернет түйүнүнө уланган.

Компьютердик класста студенттер рефераттардын, курстук жана дипломдук иштердин үстүнөн иштешет. Интернет түйүнү кызматтары менен акысыз пайдаланышат. 2015-2016-окуу жылында факультеттин ар бир аудиториясына, конференция залына атайын интерактивдүү доска (акылдуу доска) алынып келинди. Бул окуу процессин сапаттуу уюштурууда чоң роль ойноодо.

Жыл сайын факультетке 60тан студент кабыл алынат, учурда факультет 400дөн ашуун бүтүрүүчүлөрүн чыгарды.

1.4. Факультеттин эл аралык ишмердүүлүгү

Теология факультетине Түркия Республикасынын түрдүү университеттеринен дин таануу багыты боюнча окутуучу-адистер келишип, өздөрүнүн тажрыйбаларын бөлүшүп турушат. Факультет төмөнкү ЖОЖдор менен эл аралык кызматташтыгын жылдан-жылга чыңдап келет:

  • Анкара университети (Туркия);

· Билимди өркүндөтүү борбору (Болу ш., Туркия);

  • Ататүрк университети, теология факультети (Эрзурум ш., Туркия);

· Кыргыз-Түрк Манас университети;

· Гази университетинин теология факультети (Туркия);

· Ислам изилдөө борбору (Стамбул);

· Ислам университети (Бишкек);

  • Селчук университети (Туркия);

· Ахмад Ясавий университети (Казакстан);

· Кастамону университети (Туркия);

Жогоруда белгиленгендей факультет Туркия Дианет Фонду менен бардык багытта тыгыз иш алып барат.


1.5. Багыттар (адистиктер) боюнча ECTS тин координаторлору

Факультеттин ECTS боюнча координатору :

Сооронбаева Каухар Акылбековна – факультеттин окуу бөлүм башчысы

Жумуш.тел.: (03222)43561

Кабыл алуу убактысы: 9:00-17:00

e-mail: ksooronbaeva@hotmail.com

1.6. Факультеттин багыттары (адистиктери) боюнча маалыматтар

Факультет 2012-2013-окуу жылынан тартып эки баскычтуу билим берүүнүн негизинде 531600 «теология» адистиги боюнча кадрларды даярдайт. Окуу мөөнөтү - 4 жыл. Факультетте диндердин тарыхы, анын маңыздуу өзгөчөлүгү боюнча маалымат берүүчү предметтер жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандартында көрсөтүлгөн бардык предметтер окутулат. Тагыраак айтканда, студенттер диндер тарыхы, хадис таануу, ислам теологиясы (куран таануу), ислам укугу, дин философиясы, дин психологиясы, араб тили, дин педагогикасы, ислам агымдар тарыхы сыяктуу профессионалдык багыттагы предметтерди окушат.

Теология факультетинин бүтүрүүчүлөрү «жогорку «бакалавр»» академиялык даражасына ээ болушат.

Теология факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн түрлөрү:

ü илим изилдөөчүлүк;

ü педагогикалык;

ü уюштуруучулук-башкаруучулук .

  • Бүтүрүүчүлөр орто мектептерде адеп, дин таануу сыяктуу предметтерден сабак бере алышат.
  • Орто жана жогорку окуу жайларда дин таануу, диндер тарыхы, дин психологиясы сыяктуу предметтерден сабак бере алышат.
  • Мамлекеттик коопсуздук мекемелеринде экстремисттик секталардын ишмердүүлүгүнүн алдын алуу боюнча аналитикалык иштерди алып баруучу адис катары иштей алышат.Специалисты учреждений госбезопасности выступают в качестве аналитиков по профилактике деятельности экстремистских культов и сект. Теологи, работающие в общественных организациях и СМИ, консультируют и дают независимую экспертную оценку по вопросам религий. В обязанности теолога, служащего в церкви или мечети, входит организация кружков и секций, молодежных клубов, организация отдыха для детей и взрослых. В учреждениях социальной адаптации и реабилитации этот специалист проводит беседы с пациентами.
  • Специалисты учреждений госбезопасности выступают в качестве аналитиков по профилактике деятельности экстремистских культов и сект. Теологи, работающие в общественных организациях и СМИ, консультируют и дают независимую экспертную оценку по вопросам религий. В обязанности теолога, служащего в церкви или мечети, входит организация кружков и секций, молодежных клубов, организация отдыха для детей и взрослых. В учреждениях социальной адаптации и реабилитации этот специалист проводит беседы с пациентами.
  • Коомдук уюмдарда жана массалык-маалымат каражаттарында динге байланышкан маселелерде эксперттик баа жана консультация берүүчү болуп иштей алышат.
  • Илим-изилдөө мекемелеринде, китеп басмаканаларында, массалык маалымат каражаттарында диний тексттерге редактор, котормочу болуп иштей алышат.
  • Динге байланыштуу мамлекеттик жана коомдук структураларда (дин комиссиясы, муфтият, казыят ж.б.) иштей алышат.
  • Окууну ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр магистратура жана докторантурада билимдерин өркүндөтүшүп, диссертацияларын жактоо менен теология адистиги боюнча илимий даражага ээ боло алышат.


2. ОКУУ ПРОЦЕССИНИН УЮШТУРУЛУШУ

«Теология» багыты боюнча

Жумушчу окуу планы

Квалификациялык академиялык даражасы:

Жогорку “бакалавр”

Нормативдик окуу мөөнөтү: 4 жыл

Блоктор

№ п/п

Дисциплинанын аталышы

Саат-тар

ECTS б-ча кредит

1

2

3

4

5

1-Семестр

Цикл ГСЭ

1

Кыргыз тили

90

3

2

Орус тили

90

3

3

Чет тили

120

4

4

Манас таануу

60

2

Цикл МЕН

5

информатика

120

4

6

(ЖОЖ компоненти) Ислам аалымдарынын табигый илимдерге кошкон салымы

120

4

Цикл ПЦ

7

Ыйык китепти таануу

120

4

8

Араб тили

180

6

9

Дене тарбия *

50

Баары

950

30

2 -Семестр

Цикл ГСЭ

1

Кыргыз тили

90

3

2

Орус тили

90

3

3

Чет тили

120

4

4

Философия

120

4

Цикл МЕН

Математика

90

3

Цикл ПЦ

6

Ыйык китепти таануу

120

4

7

Араб тили

180

3

8

Окуу-таанышуу практикасы

90

3

9

Дене тарбия *

50

Баары

950

30

3 -семестр

Цикл ГСЭ

1

(ЖОЖ компоненти) Социология

60

2

Цикл МЕН

2

Экология

60

2

3

Дин менен табигый илимдердин байланышы (Тандоо курсу)

90

3

Цикл ПЦ

4

Диндер тарыхы

180

6

5

Кыргыздардын исламга чейинки ишенимдери

120

4

6

Диний философия

150

5

7

Араб тили

120

4

8

(ЖОЖ компоненти) Куран

120

4

9

Дене тарбия *

50

Баары

950

30

4 -семестр

Цикл ГСЭ

1

Ата мекен тарыхы

120

4

Цикл ПЦ

2

Диндер тарыхы

240

8

3

Кыргыздардын исламга чейинки ишенимдери

120

4

4

Араб тили

120

4

5

Диний психология

90

3

6

(ЖОЖ компоненти) Куран

60

2

7

(Тандоо курсу) Ислам акыйдасына киришүү

60

2

8

Курстук иш

2*

9

Өндүрүштүк практика

90

3

10

Дене тарбия

50

Баары

1000

30

5 -семестр

Цикл ПЦ

1

Диндер тарыхы

240

8

2

Мусулман теологиясы (куран таануу)

180

6

3

Араб тили

90

3

4

(ЖОЖ компоненти) Куран

90

3

5

(ЖОЖ компоненти) Дин педагогикасы

120

4

6

(ЖОЖ компоненти) Ислам агымдар тарыхы

120

4

7

(Тандоо курсу) Риторика

60

2

Баары

9 00

30

6 -семестр

Цикл ПЦ

1

Мусулман теологиясы (куран таануу)

120

4

2

Хадис таануу

90

3

3

Мусулман укугу

90

3

4

Христиан теологиясы (библеистика)

180

6

5

Араб тили

120

4

6

(ЖОЖ компоненти) Куран

60

2

7

(ЖОЖ компоненти) Дин педагогикасы

60

2

8

Квалификациялоо алдындагы практика

180

6

9

Курстук иш

2*

Баары

9 00

30

7 -семестр

Цикл ПЦ

1

Мусулман теологиясы (куран таануу)

120

4

2

Хадис таануу

120

4

3

Мусулман укугу

120

4

4

Христиан теологиясы (библеистика)

60

2

5

Араб тили

90

3

6

Ишеним эркиндиги, дин жана мамлекет мамилеси

150

5

7

(ЖОЖ компоненти) Теология (богословие-келам)

150

5

8

(ЖОЖ компоненти) Мистика тарыхы

90

3

Баары

900

30

8 -семестр

Цикл ПЦ

1

Диний антропология

90

3

2

(ЖОЖ компоненти) Теология (богословие-келам)

120

3

3

(ЖОЖ компоненти) Ислам агымдар тарыхы

60

2

4

(Тандоо курсу 1) Тефсир тексттери

120

4

5

(Тандоо курсу 2) Диндер ортосунда диалог

120

4

6

(Тандоо курсу 3) Исламда адам укуктары жана личностук укук

120

4

7

Адистик б-ча мамлекеттик экзамен

150

5

8

Бүтүрүү квалификациялоо иши

150

5

Баары

900

30

ЖАЛПЫ

7200

240


3. ОКУУ КУРСТАРЫНЫН ЧЕЧМЕЛЕНИШИ

Кыргыз тили

Жалпы жана терминологиялык мүнөздөгү 2000 сөз, сөз айкашы көлөмүндө лексикалык минимум. Колдонуусуна жараша лексикалык айырмалоо (турмуш-тиричилик, терминологиялык, официалдуу ж.б.). Тилдин негизги закон ченемдүүлүктөрү жөнүндө түшүнүк. Эркин жана туруктуу сөз айкаштары, фразеологиялык бирдиктер жөнүндө түшүнүк. Сөз жасоонун негизги ыкмалары жөнүндө түшүнүк. Байланыштуу кепти оозеки жана жазуу түрүндө түзүүгө талап кылынган негизги грамматикалык каражаттар жөнүндө түшүнүк. Сүйлөө. Маек, жеке кеп салуу формасында эң керектүү жана жөнөкөй лексикалык, грамматикалык каражаттарды колдонуу менен негизги байланыштуу кырдаалдарында пикирлешүү жана оюн баяндоо. Окуу. Турмуш-тиричилик жана мекен таануу тематикасындагы жана кесипке байланыштуу текстти окуп түшүнүү. Жөнөкөйлөнүштүрүлгөн көркөм

тексти окуп түшүнүү. Жазуу. Диктант, изложение, чакан сочинение, билдирүү, кат, өмүр баян ж.б.

Орус тили

Лексический минимум в объеме 2000 учебных лексических единиц общего и терминологического характера. Понятие дифференциации лексики по сферам применения (бытовая, терминологическая, общенаучная, официальная и др.). Понятие о свободных и устойчивых словосочетаниях, фразеологических единицах. Понятие об основных способах словообразования. Грамматические навыки, обеспечивающие коммуникацию без искажения смысла при письменном и устном общении общего характера; основные грамматические явления, характерные для профессиональной речи. Понятие об обиходно-литературном, официально-деловом, научном стилях, стиле художественной литературы. Основные особенности научного стиля. Говорение. Диалогическая и монологическая речь с использованием наиболее употребительных и относительно простых лексико-грамматических средств в основных коммуникативных ситуациях неофициального и официального общения. Основы публичной речи (устное сообщение, доклад). Чтение. Виды текстов: несложные, прагматические тексты, тексты по широкому и узкому профилю специальности. Письмо. Виды речевых произведений: аннотация, реферат, тезисы, сообщение, частное письмо, деловое письмо, биография.

Чет (англис) тили

Үйрөнүп жаткан тилдин тыбыштарды айтуудагы өзгөчөлүктөрү, интонация, басым жана сөздүн нейтралдуу ритми: профессионалдуу баарлашуудагы толук стилдин негизги өзгөчөлүктөрү, транскрипциялардын окулушу. 4000 ден кем эмес өлчөмдө лексикалык жалпы жана терминологиялык бирдик. Лексиканы колдонуу (турмуш-тиричилик, терминологиялык, жалпы илимий, официалдуу ж.б.) чөйрөсүндө дифференциация түшүнүгү. Фразеологиялык бирдиктеги эркин жана туруктуу сөз айкаштары жөнүндө түшүнүк. Сөз жасоонун негизги жоболору тууралуу түшүнүк. Оозеки жана жазуу жүзүндө баарлашуудагы грамматикалык көнүгүүлөр, профессионалдуу кепке тиешелүү болгон грамматиканын негиздери. Көркөм, күнүмдүк, официалдуу жана илимий стилдер жөнүндө түшүнүк. Илимий стилдин негизги өзгөчөлүктөрү. Чет элдик каада-салт, маданият жана кеп этикетинин эрежелери. Сүйлөө. Официалдуу жана официалдуу эмес баарлашуунун негизги коммуникативдик жагдайлардагы көбүрөөк колдонулуучу жана жөнөкөй лексикалык, грамматикалык каражаттарды пайдалануу менен диалог жана монологдор түзүү. Оозеки кептин (доклад) негиздери. Аудиожазуу. Турмуш –тиричилик жана профессионалдык коммуникация чөйрөсүндө диалог жана монолог түшүнүктөрү. Окуу. Тексттин түрлөрү, жазуу. Кептик чыгармачылыктын түрлөрү: аннотация, реферат, тезис, кат, биография ж.б.


Ата мекен тарыхы

Тарыхый билимдин пайда болушу, формасы жана кызматы. Тарыхты үйрөнүүнүн усулдары жана булактары. Тарыхый булак түшүнүгү классификациясы. Тарыхчылар “кыргыз” этноними жөнүндө. Кыргыз элинин келип чыгуусу жана отурукташуусу жөнүндө үч негизги багыттар. Кыргызстан тарыхы – дүйнөлүк тарыхтын бир бөлүгү. Байыркы заман. Сактар, гунндар, усундар. Давань мамлекети. Калк Улуу көчмөн доорунда, Атилла. Мамлекеттин куралышынын негизги этаптары. Байыркы Орусия жана Улуу даража. Түрк каганаты, социалдык жана аскердик түзүмдүн өзгөчөлүктөрү. Кыргыз мамлекети жана улуу держава. Караханий каганаты, Исламды кабыл алышы. Шаарлар, илим, адабият (Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари). Улуу Жибек Жолу соода сатыгы. Кыргыздар Чынгыз мамлекетинде. 13-14 к. өз ара таасир берүү проблемалары. Темирлан жана орто кылымдагы Европа жана Азия мамлекеттери. Кыргыздардын мамлекеттик – саясий консолидациясы. Тянь- Шанда кыргыздардын этногенез процессинин аякталышы. Кыргызстан 16-17 к. башында. Кыргызстан жана Кокон хандыгы, Кокон хандыгындагы коомдук-саясий жашоосундагы кыргыз феодалдарынын ролу. Акбото бий, Курманжан Датка. Россия менен элчилик – дипломатиялык байланыштар. Россиянын курамында. Кыргызстан – Россия империясынын колониясы. Жаңы административдик территориалдык башкармалык, налогдор, жер саясаты. Кыргызстандагы өнөр жайлардын өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү. Орус маданияты 19-к. жана анын дүйнөлүк маданиятка салымы. Дүйнөлүк тарыхтагы ХХ жүз жылдыктын ролу. Революция жана реформалар. Улуттук жана улуттар аралык кагылышуулар. Кыргызстан 1-дүйнөлүк согуш учурунда. Улуттук-боштондук үчүн күрөш 1916-ж. Октябрь рефолюциясы 1917-ж. жарандык согуштун этаптары. 20-жылдардагы өлкөнүн социалдык- экономикалык өнүгүүсү. Улуттук мамлекеттик курулуш программасы. НЭП. Жер-суу реформасы. Бир партиялык саясий режимин түзүү. СССР жана КССР түзүлүүсү. 30-жылдардагы социалдык-экономикалык кайра түзүлүү. Репрессия. Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согушта (1941-1945жж.). Фронтто жана тылда. 1945-1960-жж. Кыргызстандын коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсү. Кыргызстан 1960-1985-жж. коомдо жана экономикада кризистин курчалып өсүүсү. КССР СССРдин кайра курулуу жылдарында (1985-1991-жж.). СССРдин таркашы. Эгемендүү Кыргызстан. Кыргызстан социалдык-экономикалык реформалоо жолунда. Кыргыз Республикасынын маданияты. Жаңы геосаясий абалдагы тышкы саясий ишмердүүлүктөр.

Философия

Философия предмети. Маданияттагы философиянын орду жана ролу. Философиянын пайда болушу. Философия мектеби жана анын тарыхый өнүгүүсүнүн этаптары, негизги багыттары. Философия илиминин структурасы. Бытие жөнүндө окуу. Бытиенин монистикалык жана плюралистикалык концепциясы, материалдык жана идеалдык түшүнүктөрү. Мейкиндик жана убакыт. Кыймыл жана өнүгүү, диалектика. Детерминизм жана индетерминизм. Динамикалык жана статистикалык закон ченемдүүлүктөр. Дүйнөнүн илимий, философиялык, диний сүрөттөлүшү. Адам, коом жана маданият. Адам жана жаратылыш. Коом жана анын структурасы. Жарандык коом жана мамлекет. Адам социалдык байланыш системасында. Адам жана тарыхый процесс: личность жана масса: эркиндик жана муктаждык. Коомдун өнүгүшүнүн формациондук жана цивилизациялык концепциясы. Адамдын келип чыгышынын маңызы. Зордук жана зордук эмес. Эркиндик жана жоопкерчилик. Морал, адилеттүүлүк, укук. Салттык баалуулуктар. Эстетикалык баалуулуктар жана анын адамдын жашоосунда ролу. Диний баалулуктар жана эркиндик. Аң сезим жана таанып билүү. Аң сезим, өзүн-өзү таанып билүү жана личность. Таанып билүү, чыгармачылык, практика. Ишенич жана илим. Түшүнүү жана түшүндүрүү. Таанып билүүдөгү рационалдык жана иррационалдуулук. Акыйкат проблемасы. Чындык, ой, логика жана тил. Илимий жана илимий эмес билимдер. Илимийлүүлүк критерийлери. Илимий таанып билүүнүн структурасы, анын методу жана формасы. Илимий билимдин өсүшү. Илимий революциялар. Илим жана техника. Келечектеги адамзат. Заманбаптуулуктун глобалдуу проблемалары. Цивилизациянын жана келечек сценарийинин өз ара аракети.

Манас таануу

“Манас” эпосунун келип чыгышы тууралуу: “элдик эпос” термининин аныктамасы. “Манас” эпосунун пайда болушу, “Манас” эпосу тарыхый летопистерде. Манас таануу – азыркы замандагы илим катары. Манас таануу Совет доорунда: “Манас” эпосунун варианттары: филологиялык жана тарыхый илимдерде “Манас” эпосунун текстологиялык изилдөөлөрү: “Манас” эпосунун текстинин басмадан чыгарылуусу: манас таанунун өнүгүүсүнө мамлекеттик идеологиянын таасири. “Манас” эпосундагы салттык сюжеттер жөнүндө: “Манас” эпосунун салттык сюжети, “Манас” эпосунун салттык сюжетинин өзгөрүлүп жана бурмалануусунун себептери. Кыргыздардын дүйнө таанымы жана манас айтуу искусствосу, манасчы: кыргыздардын дүйнө таанымында; кыргыз рухунун түрлөрү, манасчылардын магиялык функциялары; манасчыладын түрлөрү; манасчылардын феноменалдуулугу; алардын кыргыздардын жашоосундагы орду жана ролу.

Математика

Евклиддин геометриясы - биринчи табият таануу илимдеринин теориясы катары; аксиоматикалык метод: азыркы математиканын негизги усулдарынын пайда болуусу; азыркы математиканын структурасы; математикалык ой жүгүртүүнүн негизги белгилери; математикалык далилдөөлөр; көптүктүн элементтери, катыштар, чагылуулар, сандар; комбинаториканын элементтери, чектүү жана чексиз көптүктөр; көптүктөгү негизги структуралар; математикалык анализдин негизги идеялары.

Гуманитардык илимдердеги математиканын ролу.

Информатика

Маалымат түшүнүгү, информацияны жыйноо, берүү, кайра иштетүү жана топтоо процессинин жалпы мүнөздөмөсү. Информациялык процесстерди реализациялоонун техникалык жана программалык каражаттары. Функционалдык жана эсептөөчү маселелерди чечүүнүн моделдери. Алгоритмдөө жана программалоо. Жогорку деңгээлдеги программалоо тилдери, берилгендердин базасы, программалык камсыздоо жана программалоо технологиясы. Локалдык жана глобалдык түйүндөр. Маалыматтарды жана информацияларды коргоонун негиздери. Информацияны коргоонун методдору. Компьютердик практикум.

Компьютердик технологиялардын жана эсептөө техникалык каражаттарынын эволюциясы (информациялык технологиялардын негизги түшүнүктөрү, ПКнын архитектурасы, компьютердин түзүлүштөрүнүн негизги мүнөзү жана кызматы, программалык камсыздоонун классификациясы жана кызматы, операциондук системалар жана негизги маселелер, популярдуу ОС жана алардын артыкчылыктары), эсептөө техникасынын информациялык жана коммуникациялык өнүгүшүнүн учурдагы абалы; Интернет чөйрөсүнүн негизги түшүнүктөрү; системалык жана сервиздөө программалык камсыздоонун иштөө принциптери: Windows ОС: жалпы мүнөздөмө; Windowsтун папкалары жана файлдары; файлдык структуралар менен жүргүзүлүүчү операциялар (амалдар); кызматтык программалоо каражаттары: берилгендерди архивдөө, антивирус программалары.

Тексти форматтоо жана редактирлөө. Таблицалар жана графикалык информациялар менен иштөө.

Экология

Биосфера жана адам: биосферанын структурасы, экосистемалар, организмдин жана чөйрөнүн өз ара мамилеси, экология жана адам ден соолугу, курчап турган чөйрөнүн глобалдуу маселелери, жаратылышты коргоонун жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун экологиялык принциптери, жаратылышты пайдалануунун экономикасынын негиздери, экологияны коргоо техникасы жана технологиясы, экологиялык укуктун негиздери, профессионалдык жоопкерчилик, курчап турган чөйрө боюнча эл аралык кызматташтык.

Диндер тарыхы

Диндердин башатына байланыштуу түрдүүчө көз-караштар. Коомдун өтмүшүндө дин; мифологиялык аң-сезимдер; алгачкы мүнөздөгү диний тажрыйбалар; кландык жана уруулук культтар; Эски доордо политеизм дини; Эски Египет жана Месопотамиянын ишеним жана культтары; антропоморфизмдин эволюциясы (Эски Греция); диндик айкалыш жана бутпарастыктын аягы (Эски Рим). Чыгыш диндери: Индия диндери (ведик культтары, брахманизм). Жайнизм, Индуизм, Буддизм, Зорастризм, Даосизм жана Конфуцинство. Синтоизм. Иудаизм: пайда болуусу, Иудаизм тарыхынын негизги этаптары; Иудаизмдин учурдагы агымдары. Ислам: пайда болуусу, Ислам тарыхынын негизги этаптары. Куран, рываят, ишеним негиздери, Калам; шиизим жана суннизм; мистика (суфизм); учурдагы агым жана секталар. Учурурдагы диндер; улантуучулук жана жаңылануучулук, фундаментализм жана модеринзм. Учурда дүйнөдөгү маданий мүнөздөгү конфессиялардын орду.

Мусулман теологиясы ( куран таануу)

Куран тафсир илиминин максаты, актуалдуулугу, тарыхы, булактары жана методикасы. Куран тафсиринин Ислам дисциплиналарындагы орду жана тематикасы: куран тафсиринин усулу, асбабы нузул, Маккий-Медений, насих-мансух, тафсир-таъвил, мантук-мафхум, мухкем-муташабих, мужбел-мубаййан, гариби куран, Ижазы куран жана танасуб, куран жана тарыхый проблемалары.

Хадис таануу

Хадис илиминин пайда болушу, өнүгүшү. Хадис илиминин методикасы; мутеватир, сахих, хасан, зайыф, мавзуъ. Хадис илиминде санад, рави, риваят түшүнүктөрү. Хадис илиминин башка Ислам дисциплиналар менен байланышы; Куран, келам, фикх, тасаввуф. Алгачкы хадис аалымдары жана эмгектери; Имам Бухари жамиус-сахих, Имам Муслим жамиус-сахих, Имам Тирмизий сунан, Ахмад бин Ханбал аль-муснад, Имам малим аль-муватта. Тандалган хадис жыйнактары; кырк хадис, жүз хадис.

Мусулман (ислам) укугу

Ислам укугунун методикасы жана системасы. Ислам укугунун тарыхый өнүгүү процесси. Ислам укугунда ижтихад: китеп, сүннөт, ижма, кыяс. Ислам укугунда өкүмдөр; харам, адал, макрух, мубах, мандуп, мустахаб. Ислам укугунда үй-бүлө; нике жана шарттары, махир (аялга берилүүчү материалдык акы), адам укугу, аялдардын укугу, аял-эркектин теңдиги, ажырашуунун шарттары. Муамалат (инсандардын социалдык-экономикалык карым-катнаштары).

Кыргыздардын исламга чейинки ишенимдери

Ислам динин кабыл алганга чейинки кыргыздар арасында жайылган кээ бир диндер: Буддизм, Манихеизм, Христиан диндеринин жайылуусу, алардын тийгизген таасирлери, мындан сырткары кыргыз элинин байыркы ишенимдери: жаратуучу (көкөтеңир), жер-суу ишенимдери, аталар культу, умай эне, дүйнө жана аалам тууралуу түшүнүктөрү, маркумду акыркы сапарга узатуу салттары, жыл мезгилдери, жылдардын аталыштары жана алар жөнүндөгү диний түшүнүктөрү, үйлөнүү салттары жана ага байланыштуу ишенимдери, кам (бакшы) ага байланыштуу диний жөрөлгөлөрү жана алардын бүгүнкү күндөгү калдыктары.

Христиан теологиясы (библеистика)

Христиан теологиясы предмети: фундаменталдык же систематикалык христиан теологиясы, догмалык христиан теологиясы, апологетикалык (коргоочу) христиан теологиясы, салыштырмалуу христиан теологиясы, адеп-ахлактык христиан теологиясы, дин кызматкери туралуу христиан теологиясы, Библиялык христиан теологиясы, классикалык христиан теологиясы.

Дин философиясы

Дин философиясы жана Диний философия; диний философиянын функциясы жана предмети; диний философиядагы негизги философиялык проблемалар; диний философиядагы онтологиялык, метафизикалык, эпистемологиялык, аксиологиялык, этикалык жана социалдык-саясий маселелердин чечмеленишинин өзгөчөлүктөрү. Диний философия жана теология: окшоштуктары жана айырмачылыктары. Христианчылык: Византиянын философиялык маданияты, академиялык философия, славянофилдердин философиясы, православ антропологиясы, биримдүүлүк метафизикасы, софианство; августинизм, томизм, неотомизм, неоавгустинизм, тейярдизм; ортодоксалдык протестанттык теология, либералдык теология, кризис теологиясы, жаңы теология. Иудаизм: библия доорундагы еврей ойлору, Экинчи храм доорундагы еврей ойлору, Талмуд доорундагы еврей ойлору, орто кылымдарда еврей философиясынын түзүлүшү, Агартуу доорундагы еврей ойлору, грек, араб жана еврей философиясынын байланыштары, европа ойлорунун еврей философиясына таасири. Буддизм: хинаянанын философиялык мектептери (вайбхашика, саутрантика), философиялык мектептер жана махаян агымдары (йогачара, мадхьямака). Ислам: ортодокстор, модернистер (диалектикалык монадизм, куран философиясы, ортолук дүйнө. Конфессионалдык эмес жана синкретикалык диний философия.

Араб тили

Араб тилинин грамматикасы, мааниси жагынан текст үстүндө иштөө жана ирабы (жөндөмөсү). Араб тилинде сүйлөө, сүйлөм түзүү, суроо түзүү, суроого жооп берүү, жазуу, сыпаттар, сандар, саноо, этиштер, бардык темаларга байланыштуу практикалык тексттер.

Ишеним эркиндиги жана дин-мамлекет мамилеси

Дин жана адам укугу: ишеним жана дин тутуу эркиндиги. Ишеним эркиндигинин конституциялык-укуктук негиздери, дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдардын ишмердүүлүгү. Ишеним эркиндигинин конституциялык гарантиясы. Мамлекет жана диний уюмдар. Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө дин жана мамлекет байланыштары: өтмүш жана учур. Чет өлкөлөрдүн дин жөнүндө мыйзамдары. Кыргызстанда диний бирикмелер: диний бирикмелер жөнүндө түшүнүк, диний бирикмелердин формалары (диний группа жана диний уюм). Диний уюмду түзүү жана аны мамлекеттик каттодон өткөрүү. Диний уюмдардын укуктары жана шарттары. Диний билим берүү.

Дин психология сы

Дин психологиясы дин таануунун бир компоненти катары; В.Вунд, Т.Рибо, Т.Фирнуа, У.Джеймса, Е.Д.Старбека, Дж.А.Леутанын эмгектеринин негизинде динди анализдөө; дин психологиясынын негизги багыттары; динди окууда жалпы психологиялык мамилелер; бихевиоризм, гештальт-психологиясы, дин психологиясында психоанализ, пастырдык психологиясы, диндин курак психологиясы, диний ишеним психологиялык феномен катарында; диний культтун психологиясы жана коом; диний медитация; диний тайпалардын жана индивиддин психологиясы; диний личность жана анын типтери.

Диний антропология

Диний аң-сезимдин жазуу маданиятына ээ болгон жана болбогон коомдор менен байланышы жөнүндө түшүнүк. Ж. Фрезер, Э. Тайлор, Э. Ленг, Р. Маретт, Э. Дюркгейм, Б. Малиновский, Э. Эванс-Причард, М. Спиро, М. Элиаде, В. Тернер, К. Гирц, К. Леви-Стросс, М. Дуглас сыяктуу дин тарыхчылары, антропологдор жана социологдордун көз караштарында антропологиялык анализ.

Диний түшүнүктүн негизги баскычындагы анализ жана түшүнүктөр: традициялык маданиятта ыйык жана ыйык эместин өз ара байланышы; диний дүйнө таанымдын психотехникалык багыты; миф жана ритуалдын өз ара байланышы. Дин антропологиясынын негизги түшүнүгүн изилдөө, традициялык коомдордогу сыйкырдык-диндик изилдөөлөргө методикалык баа берүү. Дүйнөлүк диндер системасынын антропологиялык өзгөчөлүгү - Буддизм, ислам жана христианчылык.

Конкреттүү эмприкалык изилдөөлөрдүн методун жүргүзүү, тар чөйрөдө изилдөөлөрдүн программаларынын алгоритимдик түзүмү, түздөн-түз байкоо, тар чөйрөдө интервью, жалпы интервью, документтердин анализи сыяктуу методдорду колдонуунун өзгөчөлүктөрү.

Дин антропологиясынын негизги категориясынын түзүмү жана көрсөткүчтөрүнүн түшүнүгү. Сыйкыр жана диндин өз ара байланышы, йога тажырыйбасынын психотехникасы, кызыкчылыктардын өнүгүшү жана традициялык коомдордогу диний жашоо феномендеринин социалдык- антропологиялык маанилеринин ийкемдүүлүктөрү.

Куран

Тажвид илими жана генезиси. Куранды жүзүнөн туура жана так окуу, белгиленген сүрөлөрдү жаттоо жана маанилерин түшүндүрүүнү камсыз кылуу. Намаз сүрөлөрүнүн кайталанышы, 78-Небе, 67-мүлк, 36-ясин сүрөлөрүнүн жана курандын башка 3 сүрөсүн жаттоо жана маанилерин үйрөнүү, Курандын 100-200-беттеринин жүзүнөн окулушу. Кыраат илими. Кыраат илиминин генезиси, өзгөчөлүктөрү, түрлөрү.

Дин педагогикасы

Динди окутуунун методикасы. Личность жана педагогика. Педагогика менен диний окуулардын байланышы. Динди окутуу жана диний проблемалар. Дин жана адептик окуулардын маселелери; дин жана адептүүлүктүн негизги өзгөчөлүктөрү; дин, адептүүлүктү окутуунун каражаты жана ыкмалар; диний окуулардын коомду жана личносту калыптандырууда таасири; диний мектептердин келечек муундарды тарбиялоодогу милдеттери/функциялары.

Теология (богословие-келам)

Теологиянын маани-маңызы. Теологиянын илим катары калыптанышы. Исламга чейинки ишенимдерде теологиялык проблемалар. Ислам теологиясы жана анын пайда болушун шарттаган негизги факторлор. Исламды түшүнүүнүн натыйжасында пайда болгон теологиялык агымдар, көз караштары жана алардын исламды түшүнүү методдору. Аллах-аалам-адам байланышы. Жаратуучунун өзгөчөлүктөрү. Пайгамбарлардын негизги милдеттери, касиеттери. Адам баласынын жашоодогу орду, милдети, жоопкерчилиги жана тагдыр маселеси. Жараткандын бар экендиги жөнүндөгү онтологиялык, космологиялык жана телеологиялык далилдер. Аалам жана метафизика; Метафизикалык заттар (периштелер, жиндер). Өлүмдөн кийин кайра жаралуу маселеси. Акыреттин бар экендиги жөнүндө Курандагы аналогиялык далилдер. Теология илимине байланыштуу адабияттар.

Ислам агымдар тарыхы

Ислам агымдары тарыхынын темасы, максаты, методу, негизги терминдери жана булактары. Ислам мазхабдарынын пайда болуу себептери, алгачкы саясий жана итикадий айрымачылыктар, пикир келишпестиктер. Алгачкы ислам мазхабтары: Харижи, Муржия, Мутазыла, Шиа, Зайдия, Исмаилия, Имамия, Хадис тарапкерлери, Ашарилик жана Матуридилик. Ислам агымдарынын жайылган аймактары, таасирлери, Ислам динине кошкон салымдары.

Мистиканын тарыхы

Мистиканын тарыхында суфизмдин баштапкы доорлорунан баштап бүгүнкү күнгө чейинки абалы; пайда болуусу, себептери, максаттары, өнүгүүсү, суфизмдин көрүнүктүү өкүлдөрү, мектептери, суфизмдик окууларды, ордендердин (тарыйкаттардын) пайда болуусу, өнүгүүсү, жайылуусу, азыркы күндөгү абалы, элдик маданиятка тийгизген таасирлери. Мындан сырткары мусулман дүйнөсүндө алгач ирет түзүлгөн суфизмдик окуулардын, мектептердин ролу, айырмачылыктары. Мистисизмдеги негизги терминдер алардын чечмелениши, жалпы түрк элдеринин исламды кабылдоолорунда мусулман мистикалык ордендеринин (тарыйкаттарынын) ролу, анын ичинде кыргыздардын ислам динин кабыл алууларында мусулман мистиктеринин жана тарыйкаттарынын: Кадырийлик, Ясавилик, Ишкилик, Накшибандилик жана алардын аткарган иштери, кыргыздарга таасири.