Тарыхы

Кафедранын тарыхы

Жалпы физика жана ФОУ кафедрасы 1951-жылы Ош мамлекеттик пединституту ачылганда «Физика кафедрасы» деген ат менен түзүлүп жалпы физика, теориялык физика жана физиканы окутуунун усулдугу боюнча бардык сабактарды тейлеп турган.

1965-жылы ал «Жалпы физика» жана «Эксперименталдык жана теориялык физика» кафедраларына бөлүнгөн. 1978-жылы булл эки кафедранын эсебинен ФОУ жана ОТК кафедрасы түзүлгөн. 1995-жылы ФОУ жана ОТК кафедрасы жалпы физика кафедрасына биригип «Жалпы физика жана ФОУ» кафедрасы деп аталган.

2003-жылы «Технологиялык процесстер жана колдонмо физика» кафедрасы ЭТФ жана «Жалпы физика жана ФОУ» кафедраларынан бөлүнүп чыкты.

Өткөн мезгилдин аралыгында кафедранын жамааты өлкөбүздүн орто, атайын орто жана жогорку окуу жайлары, эл чарбасынын түрдүү тармактары үчүн миңдеген жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жигердүү катышты, адис даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталган илимий, илимий – усулдук изилдөөлөрдү жүргүзүштү, окуу процессин окуу лабораториялык жабдуулар, окутуунун заманбап технологиялары, окуу – усулдук маалыматтар менен тынымсыз камсыздап келе жатышат.

Учурда кафедра университеттин күндүзгү, сырттан жана дистанттык окуу бөлүмдөрүндө Жалпы физика, ФОУ, АТС, тандоо жана атайын курстар боюнча сабактардын өтүлүшүн, квалификациялык жумуштардын аткарылышын камсыз кылат.

Кафедрада Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген 1 кызматкер, 1 профессор, 4 доцент, 2 улук окутуучу, 1 окутуучу жана 4 жардамчы кызматкер эмгектенет.

Кафедра мүчөлөрү илимий, илимий-усулдук иштерди жүргүзүшөт, студенттердин өз алдынча жана илимий иштерине жетекчилик кылышат, тарбиялык жана коомдук иштерди аткарышат.
Кафедраны түрдүү жылдары Половиков Ф.Н., Кармышаков Э., Абдылдаев А., Черненко В.П., Луканцевер Ю.Л., Заитов Ф.Н., Койчуманов М., Текенов Ж., Сидляренко В.И., Дүйшенов Э., Исмаилов Ш., Меңдибаев К., Бабаев Д., Аллахунов Б., Эгембердиев Ж. жетектешкен. Учурда кафедра башчысы болуп п.и.к., доцент Омаралиева З.И. иштөөдө.