Жаңылыктар Архив

725 12:45 29-04-2019

"КВН"

Факультеттин КВН-ШТК командасы
      Тарых жана маданият жылына карата жана факультеттин шайыр тапкычтар клубуна (ШТК) курама команданы түзүү максатында 1-курстун тайпалары ортосунда 14-октябрь саат 15:00 дө ФТФнын №104 аудиториясында 4 команда ортосунда таймаш болуп жыйынтыгында 1-орунду ЭСо9-1-16 тайпасынан куралган “Капитан KG”, 2-орунду ТОРАТо9-1-16 жана ТОРАТо9-2-16 тайпаланынан куралган “Крассавчиктер”, 3-орунду ЭСб-1-16 тайпасынан “Адреналин” жана 4-орунду ТОРАТо-1-16 тайпасынан “Жалгыз адам” командасы ээледи. Жыйынтыгы студенттикке кабыл алуу аземинде дипломдор тапшырылды.
      10-октябрь Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата ОшМУнун факультеттер аралык студенттик шайыр тапкычтар клубунун – ШТК (КВН) 31-октябрда Р.Абдыкадыров атындагы филармонияда болгон оюнунда факультеттин “Жигиттер” курама командасы мыкты ойун көрсөткөндүгү үчүн диплом менен сыйланышкан.