Отчеты преподавателей кафедры
14-февраль куну конушу Озбекстан малектинин Фергана областынын Ташкент медициниалык академиясынын Ферганадагы филиалынын проректору Ботиров Муроджон Тургунбаевич жетектеген делегаттар келишип, ОшМУнун медицина факультетинин "Анатомия"кафедрасында болушуп,бир катар пикир алышып, андан сон анатомия кафедрасынын музейинде,окутуучулардын сабактарына катышып,бир топ ой пикирлер менен болушуп жылуу маанайда кетишти.


2018-жылдын 8-11-апрель айында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын "Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомия" кафедрасынан кафедра башчысы м.и.к., доцент Абаева Т.С., доценти Сатвалдыев М.А. жана Кубат Исмаиловичтер Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин "Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы конституционалдык типология курсу менен" кафедрасына иш сапары менен келишти. Алар кафедранын "Адам таануу" музейиндеги анатомиялык экспонаттарды жаны суйуктуктарга алмаштырууга усулдук жактан жакындан көмөк көрсөтүштү. Факультеттин бардык адистиктердин 1-2 курстарына "нормалдуу анатомия" жана "топографиялык анатомия" предметтери боюнча обзордук лекцияларды окушту.


03.04.2018жыл "Анатомия, ОХТА" кафедрасынын башчысы, доцент Кахаров Зафар Абдурахманович, ошол эле кафедранын ассистентти Ахмедов Улугбек Бахадировичтер Анатомия кафедрасынын башчысы Муратова Жанара Кочкоровнанын чакыруусу менен келип медицина факультетинин башкы корпусу, анатомиялык музейи, лабораториялары менен жана ошондой эле кафедранын окуу-методикалык, илимий иштери менен жана болуп жаткан озгорулорго,жанылыктарга студенттердин жасап жаткан эмгектерин коруп,озунун ойлорун,калоо тилектерин билдирип кетти.


2018- жылдын 22-январында биздин Ош МУнун медицина факультетине Андижан медицина институтунун ректору Мадаминжон Муминович Мадазимов менен бирге бир канча делегаттар иш сапары менен келип кетишти. Коноктор кафедранын окуу-усулдук, илимий жана материалдык базалары менен жакындан таанышышты.


2017-жылдын 26 - сентябрь айында КРнын премьер-министри Сапар Исаков Ош шаарына жасаган иш сапары учурунда, Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетине караштуу «Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомия» кафедрасынын материалдык-техникалык базасы, окуу-усулдук жана илимий иштери менен кенен таанышып, кафедранын окутуучулары менен маек курду. Жыйынтыгында ал кафедранын кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип кетти


13-17.11.2017 Женева университетинин медицина факультетинин эксперттери Анн Бароффио, Джордж Саволделли «Продолжение внедрения интегрированных программ, проведение анализа программ, оценка знаний, введение симуляционного курса в процесс обучения» аттуу семинардын алкагында медицина факультетинин “Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомия конституционалдык типология курсу менен” кафедрасына келишип Козуев Кадыр жана Олжобаев Ильяз аттуу окутуучулардын сабактарына келип катышып, модулдук-интеграцияланган окуу программасын ишке ашыруу боюнча кеп-кенештерин айтып кетишти.


Ѳзбекстан Республикасынын Анжиян мамлекеттик медициналык университетинин делегациясы 2017-жылдын 11-декабрь айында ОшМУга караштуу «Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомия» кафедрасы менен алака түзүү ниетин билдиришип, кафедранын окутуучулары менен тажрыйба алмашып үчүн келишти