Кафедра жөнүндө
Кафедранын перспективдүү иш планы (2021-2026)


РОМАН-ГЕРМАН ФИЛОЛОГИЯСЫ КАФЕДРАСЫ

1.РОМАН-ГЕРМАНФИЛОЛОГИЯСЫ КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫ

      Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин роман-герман филологиясы кафедрасы 1994-жылдын апрель айында өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу түзүлгөн.

      Кафедраны филология илимдеринин кандидаты, доц. Ш.В.Мараш-Оглы жетектеп турган. 1997-2006 жылдары кафедраны улук окутуучу С.Б. Алымкулова жетектеп турган. 2007-жылдан баштап 2017 жылга чейин кафедраны кайрадан филология илимдеринин кандидаты, доц. Ш.В.Мараш-Оглы жетектеген. Ал учурда кафедрада 24 окутуучу, анын ичинен 2 доцент,6 улук окутуучу, 15 окутуучу жана 1 лаборант эмгектенген.

      Учурда РГФ кафедрасын филология илимдеринин кандидаты, доцент Кабылов Тойчу Бекмуратович жетектеп келүүдө.



      Француз тили бөлүмү 1995-жылы сентябрь айында түзүлгөн.Бул секция Франциянын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен Кыргызстандын маданий жана тил боюнча өкүлү Жорж Колердин колдоосу аркылуу негизделген жана Бишкектеги Француз Консулдук кызматы факультеттин жана кафедранын окуу процессин өркүндөтүү максатында материалдык көмөк көрсөтүп келет.

      2001-2002 окуу жылдарында Франциянын маданият жана кызматташтык атташеси Шарлотта Урбен жыл бою DALF,DELF экзамендерине даярдануу курстарын жетектеп жана башка окуу-усулдук жумуштарды аткарып келген. 2002-2003 о.ж. Лорен Карлье үй-бүлөсү менен келип РГФ кафедрасында эмгектенип кеткен. 2003-2004 о.ж. Полин Куто сабак өтүү менен биргеликте көптөгөн француз адабиятына жана маданиятына арналган кечелерин, аңгеме жазуу жанадиспуттарды өткөргөн.

      2005-2006 о.ж. Александра Тиркюир, 2012-13 о.ж. Амели Шаркоссе, 2013-14 о.ж. Натали Сенгсаванг жана февраль 2016 о.ж. Алекси Сантрен көптөгөн салымдарын кошуп кетишкен. Алар маектешүү клубун өткөрүшүп, француз тилинде кинотасмаларды тартуулап, конкурстарга студенттерди даярдашып, көптөгөн иш-чараларды кафедранын окутуучулары менен биргеликте өткөрүшкөн.

      Француз тили окутуучуларынын көпчүлүгү, атап айтканда, Бекбоева Б.К., Золотенко Л.Л., Цой Е.Т., Исакова Б.О., Забаева Б., Саипова Ч. Франция элчилиги тарабынан Франциянын Гренобль, Безансон, Страсбург ж.б. шаарларында лингвистикалык жана педагогикалык курстардан өтүп келишкен.


2. АЗЫРКЫ УЧУРДА АТКАРЫП ЖАТКАН МИССИЯСЫ

      Улуттук жогорку мектеп салттарынын негизинде, илим жана жогорку билим берүү чөйрөсүндө заманбап технологияларды колдонуу менен, атаандаштыкка жооп бере алган жогорку квалификациялуу, компетенттүү, кесипкөй адистерди даярдоо.


3. ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМЫ ЖАНА САПАТТЫК КӨРСӨТКҮЧ

      Кафедрада жалпысынан 23 профессордук-окутуучулук курам, анын ичинен: 3 ф.и.к. доценттер, 1 э.и.к., улук окутуучу, 1 доцент, 6 улук окутуучу, 12 окутуучу, 1 улук лаборант иштешет.

      Кафедранын жана анын мүчөлөрүнүн билими, илимий даражалары, иш тажрыйбалары жогорку оку жайларындагы кафедралар үчүн нормативдик талаптарга толук жооп берет.

Кафедранын сапаттык көрсөткүчү 20 % түзөт.


4. УЧУРДАГЫ НЕГИЗГИ ИШМЕРДҮҮЛҮК БАГЫТТАРЫ (ОКУУ, ИЛИМИЙ, ОКУУ-УСУЛДУК ЖАНА КООМДУК МАДАНИЙ ЖУМУШТАРЫ)

      Кафедра өзүнүн иш- аракетин жана окуу процессин мамлекеттик стардарттын негизинде алып барат. 2020-21-окуу жылы үчүн предметтер боюнча окуу пландары түзүлгөн жана ал ОшМУ нун Окумуштуулар Кеңешинин жыйынында бекитилген.

      Роман–герман филологиясы кафедрасынын негизги иш аракети биринчи курстан төртүнчү курска чейин окуу -тарбиялык жана илимий –методикалык иштерди камтыйт. Кафедра мүчөлөрүнүн алдында төмөнкүдөй максаттар турат:

-окуу-методикалык иштерди жакшыртуу аркылуу студенттерди англис жана француз тилдерди билүүсүн өстүрүү;

-студенттерди тилдик теориялык жактан даярдоо;

-студенттерге англис жана француз тилдерин окутууда прогрессивдүү колдонмолорду жана эффективдүү методдорду колдонуу менен экинчи тили катары окутуу.

      Окутуучулар лекция окушат жана семинар сабактарды лингвистикалык дисциплинада өтүшөт –тил илимине киришүү, салыштырма типология, жалпы тил илими, илимий ишмердүүлүктүн негиздери. Алар ошондой эле англис, француз жана латын тилдеринин практикалык курсу, жана курстук жана квалификациялык иштерди жетектешет. Мындан сырткары кафедра мүчөлөрү төмөнкүдөй тартиптеги негизги ишмердүүлүк багыттарда иш алып барышат:


4.1. ОКУУ ИШТЕРИ





►Окуу жылына карата предметтер боюнча силлабустарды, жумушчу программаларды түзүү;

► Предметтер боюнча түзүлгөн ОМКларды анализдөө жана толуктоо;

► Ачык сабактарды графигин боюнча өтүү;

► Профессордук-окутуучулардын ачык сабактарына катышуу жана өтүлгөн сабак боюнча тыянак чыгаруу;

► Профессордук-окутуучулардын лекциялык жана лабораториялык-практикалык сабактарынын иштелмелерин талкуулоо жана окутууга сунуштоо;

► Студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруу жана көзөмөлдөө;

► Предметтер боюнча экзамендик билеттердин, тесттик материалдардын даярдыгын анализдөө;

► Ички, сырткы мобилдүүлүктү жандандыруу багытында иш алып баруу.

4.2. ИЛИМИЙИЗИЛДӨӨИШТЕРИ

► Квалификациялык жана магистрдик иштердин темаларын иштеп чыгуу;

► Изилдөө темаларга байланыштуу илимий макалаларды жазуу;

► Эл аралык, республикалык, регионалдык масштабда өткөрүлүп туруучу конференцияларга катышуу.

4.3. ОКУУ-УСУЛДУК ИШТЕР

► Ачык сабактарды график боюнча өтүү;

► Дидактикалык, көрсөтмө, таркатма материалдарды даярдоо;

► Видео сабактарды өтүүнү уюштуруу;

► Илимий-усулдук семинарларды өткөрүү жана жыйынтыгын чыгаруу;

►Факультеттинжанауниверситеттинмасштабындаөткөрүлгөнусулдуксеминарларгакатышуу;

► Окутуунун жаңы технологияларын пайдалануу менен сабак өтүүнү жакшыртуу;

► Ачык сабактардын иштелмелерин талкуулоо жана сабак өтүүгө сунуштоо;

► Бакалавриат, магистранттарүчүнокуу-методикалыкколдонмолордудаярдоо;

► Баалоо каражаттардын фондун иштеп чыгуу жана кафедрада талкуулоо;

► Квалификацияны жогорулатуучу курстардан өтүү;

► Ар кандай деңгээлдеги методикалык семинарларга, конференцияларга катышуу.

4.4. КООМДУК (ТАРБИЯЛЫК) ИШТЕР





► Даталуу күндөргө карата иш чараларды пландаштыруу жана өткөрүү;

►Факультеттин жана университеттин масштабында өткөрүлгөн ар түрдүү иш чараларга активдүү катышуу.


5. КАФЕДРА МҮЧӨЛӨРҮНҮН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

      - Доцент Алымкулова Светлана Батырбековна – 2 жолу ОшМУнун мыкты лектору конкурсунун жеңүүчүсү болгон (2008, 2019 жж.);

      - Ф.и.к, доцент Суркеева Динара Бекмаматовна – ОшМУнун мыкты лектору конкурсунун жеңүүчүсү (2016 ж.);

6. СТРУКТУРАНЫН НЕГИЗГИ ПАРТНЁРЛОРУ (ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮЛӨР, ИЛИМИЙ-ӨНДҮРҮШТҮК ЖАНА ПРАКТИКАЛЫК БАЗА Ж.Б.) ЖӨНҮНДӨМААЛЫМАТ

- Ош шаарына караштуу мамлекеттик жана менчик мектептер, Тил үйрөтүү борборлору.

- Франциянын Кыргызстандагы элчилиги.

7 . ПЕРСПЕКТИВД ҮҮ ИШ-ПЛАНДАРЫ





1. Кафедраны жогорку квалификациялуу кадрлар менен толуктоо, сапаттык көрсөткүчтү жогорулутуу багытында иштерди алып баруу;

2. Окуу-лингвистикалык лабораторияны заманбап технологиялар менен жабдылоо багытында иш жүргзүү;

3. Окутуучулардын педагогикалык жана усулчулук чебердигин өстүрүү максатында факультете жана университете өткөрүүчү “Мыкты окутуучу", "Мыкты лектор", “Мыкты усулчу" конкурстарына жигердүү катышуу;

4. Окуу куралдарын, семинардык жана практикалык сабактарды өтүү боюнча усулдук колдонмолорду даярдоо жана басмага сунуштоо;

5. Жарыяланган эмгектердин негизинде университеттик жана республикалык конкурска катышуу.

6. Студенттерди экинчи чет тили боюнча факультеттер жана университеттер аралык олимпиадаларга даярдоо;

7. Алдынкы тажрыйба ныжайылтуу максатында системалуу жана пландуу түрдө ай сайын ачык сабактарды уюштуруу жана талкуулоо;

8. Илимий журналдарга, жыйнактарга макалаларды басып чыгаруу. РИНЦ, SCOPUS, WebofScience сайтарына илимий макалаларды жарыялоого жетишүү;

9. Чет өлкөлүк университеттер менен мамилелерди түзүүжана чыңдоо.