Материалдык база

Энергетика кафедрасынын материалдык техникалык базасы "Электроэнергетика жана электротехника" адистиктери боюнча окуу процессин уюштуруу ОшМУнун башкы жана 3-окуу корпусунда физика-техника факультетинин базасында жүргүзүлүүдө жана студенттердин сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Лекциялык жана практикалык сабактар ОшМУнун башкы корпустун № 206 (28 м2), 210 (32 м2), 209 (30 м2), 207 (28 м2), 229 (49 м2), 230 (16 м2), 231(16 м2), аудиторияларында, ал эми лабораториялык сабактар 15-корпустун атайын адистештирилген 104 (42 м2) жана 213 (49 м2) атайын лаборатория кааналарында өткөрүлөт. Кафедранын окутуучулары үчүн 15-корпустун № 110 (4 м2), 105 (16 м2) кабинеттери колдонулат.
Энергетика кафедрасында даярдалып жаткан 640200 – «Электроэнергетика жана электротехника» багытындагы бакалаврлар жана магистранттарды сапаттуу даярдоо максатында жана жогоруда көрсөтүлгөн программаларды көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүдө ААОПО агенттигинин берген сунушунун негизинде Энергетика кафедрасынын материалдык-техникалык базасын өркүндөтүү үчүн жалпы баасы 2 154 133,44 сом. болгон заманбап лабораториялык жабдыктарды сатып алууга билдирүү берилип тендер жарыяланган. Тендердин жыйынтыгында Энергетика кафедрасынын материалдык техникалык базасы жалпы баасы 1462538 сом турган жаңы заманбап окуу лабораториялык жабдуулар менен толукталды. Энергетика кафедрасында окутулуучу төмөнкү дисциплиналары боюнча:
    Электр менен камсыздоо системдериндеги электр коопсуздугу (25 лабораториялык иш);
       Электр менен камсыздоо системдериндеги релелик коргоо жана автоматика (9 лабораториялык иш);
      Электроэнергетикалык системдер жана тармактар (10 лабораториялык иш);
      Электр жабдууларын монтаждоо, куроо жана иштетүү (24 лабораториялык иш);
       Электрдик машиналар (12 лабораториялык иш);
      Виртуалдык заманбап лаборатория (46 лабораториялык иш) алынды.




Электрдик машиналар дисциплинасы боюнча атайын лабораториялык стенд.




Электр менен камсыздоо системдериндеги электр коопсуздугу дисциплинасы боюнча атайын лабораториялыкстенд. 

     


Электр жабдууларын монтаждоо, куроо жана иштетүү дисциплинасы боюнча атайын лабораториялык стенд.





Электр менен камсыздоо системдериндеги релелик коргоо жана автоматика дисциплинасы боюнча атайын лабораториялык стенд.
 
       

            
Электр менен камсыздоо системдериндеги электр коопсуздугу дисциплинасы боюнча атайын лабораториялык стенд.
  
          

     “Электр коопсуздугу” дисциплинасы боюнча “Александр-01” атайын тренажор- манекени.      
     

     
 Электр жабдууларын монтаждоо, куроо жана иштетүү дисциплинасы боюнча атайын лабораториялык стенд.