Студенттердин илим-изилдөө иштери
      2016-жылдын 24-25 апрель күндөрүндө Физика-техника факультети алкагында Энергетика кафедрасында «Илим жумалыгы» күндөрү өткөрүлдү. «Илим жумалыгы» күндөрү алдын ала түзүлүп, бекитилген план боюнча иш алып барылган.
      Илимий баяндамаларды угуу беш секцияда жүргүзүлдү. Жалпы беш секцияда 39 баяндама пландаштырылган. Анын ичинен Энергетика секциясында 8 баяндама угулду.
Студенттик илимий көргөзмө, президент Атамбаев А.Ш., премьер-министр Сатыбалдиев Ж.Ж., ОшМУнун ректору, проф. Исаков К.А., Энергетика каф.башчысы, доцент Айдарбеков З.Ш. жана ЭС-07 тайпасынын студенттери Жумакулов Ж.А., Шарипов О.И.
Илимий жумалык көргөзмөсү, Энергетика кафедрасынын мугалимдеринин колдоосу менен ЭС-07 тайпасынын студенттери Шарипов О.И.,Жумакулов Ж.А., Манасов М.Д., тарабынан жасалган Токтогул ГЭСинин иштөөчү макети
Студенттик илимий көргөзмө, Энергетика кафедрасынын мугалимдеринин колдоосу менен ЭС-08 тайпасынын студенти Эркиналиев З. тарабынан жасалган Велогенератордун иштөөчү макети
Студенттик илимий көргөзмө, Энергетика кафедрасынын мугалимдеринин колдоосу менен ЭС-08 тайпасынын студенти Эркиналиев З. тарабынан жасалган Велогенератордун иштөөчү макети
Баяндамаларды угуу 22-апрелден 25-апрелге чейин болуп өттү. Угулган баяндамалардын ар бири угуучулардын өзүнчө кызыгуусун туудурду жана факультеттин студенттери, мугалимдери кызыктырган суроолорго жоопторду ала алышкан. Студенттердин илимий-техникалык жетишкендиктеринин конкурсун баалоонун жыйынтыгы боюнча, дипломдор менен сыйланышты.
Студенттик илимий көргөзмө,Токтогул ГЭСинин иштөөчү макетин ОшМУнун проректорлору Кенжаев И.Г., Эркебаев Т.К., Оморалиев А.Ч., жана Энергетика кафедрасынын башчысы Айдарбеков З.Ш. тер студенттер менен бирге талкууда
Студенттик конструктордук бьюро, илим жумалыгына макеттерди даярдоо учуру

      Окуудагы эң мыкты жетишкендиктери, илимий багыттагы ишмердүүлүгү, коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн Ош мамлекеттик университетинин физика-техника факультетинин студенти 2012-жылдын май айында М.Калатбековго жана 2016-жылы октябрь айында Д.Алымырзаевга Президенттик Үмүт стипендиясы Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев тарабынан ыйгарылды. Профессор С.Каримовдун стипендиясына ЭС-08 группасынын студенти З.Эркиналиев татыктуу болду.
            

       "Кайра жаралуучу энергия булактарынын жана энергияны үнөмдөөчү технологиялардын негизинде иштөөчү автономдук энергетикалык түзүлүштөр” багытындагы долбоорлордо “Энергетика” кафедрасынын окутуучулар курамы жана ошондой эле жогорку курстардын студенттери катышып турушат. Физика-техникалык базасында конструктордук бюро

      2017-жылдын 17-ноябрь күнү ОУДТда студенттер күнүнө карата Шаардын жаштар комитети тарабынан уюштурулган илимий көргөзмө болду. Энергетика кафедрасынын студенттери окутуучулардын жардамында жасалган иштөөчү макеттерди жана стенддерди көрсөттү. Көргөзмөлөр менен шаар жетекчилери келип таанышышты. Велогенератор, Сулайман-Тоону түнкү жарыктандыруу, Двигатель Бедини, Күн духовкасы жана башка макеттер коюлду.
      Адистигине болгон кызыгуусун арттыруу жана студенттердин ортосундагы достукту бекемдөө максатында 22-декабрь Энергетиктер күнүнө карата жыл сайын майрамдык иш-чаралар уюштурулуп турат. Иш-чарага кафедранын профессордук-окутуучулук курамынан тышкары факультеттин башка кафедраларынан, деканаттан, ректораттан жана Энергетика тармактарындагы адистер катышып турушат. Өндүрүштөн келген адистер студенттерди жана окутуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктоо менен бирге, студенттердин университетте алган билимдерин өндүрүштүк практикада айкалыштыра алган студенттерди белгилеп туруу традицияга айланган.