Ректор

Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич


Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор

Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич 1975-жылы 30-декабрда Чон-Алай районунда туулган.
1992-1997-жылдары ОшМУнун физика-математика факультетинде билим алган.

Эмгек ишмердигин 1997-жылы ОшМУнун колдонмо математика жана информатика кафедрасында окутуучу болуп баштаган.
2002-2007-жылдары Компьютердик технологиялар факультетинин деканынын сырттан окуу боюнча орун басары, прикладдык жана компьютердик математика кафедрасынын улук окутуучусу болуп иштеген.
2008-2011-жылдарда Математика жана информациялык технологиялар факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары, программалоо кафедрасынын улук окутуучусу, доценти.
2011-2016-жылдары ОшМУнун окуу-информациялык департаментинин директору, программалоо кафедрасынын доценти.
2016-2017-жылдары ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору кызмат орундарында эмгектенген.
2017-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары кызматын аркалаган.
2019-жылдын 13-сентябрынан 28-октябрына чейин ОшМУнун ректорунун милдетин аткаруучу.
2019-жылдын 11-ноябрынынан ОшМУнун ректору кызматына шайланды.


СЫЙЛЫКТАРЫ:

-Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы (2005);
- Ош мамлекеттик университетинин Ардак грамотасы (2008);
- КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (2012);
- Россия табигый илимдер академиясынын профессору (2016).


НЕГИЗГИ ИЛИМИЙ ЭМГЕКТЕРИ:

- 2009-жылдын 25-декабрында ф.-м.и.д., профессор А. Сопуевдин жетекчилиги астында «Аралаш типтеги үчүнчү тартиптеги жекече туундулуу дифференциалдык теңдемелер үчүн чек аралык маселелер» деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон.
- 2014-жылдын 27-мартында КРнын жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен “Математика” адистиги боюнча доценттик илимий наам ыйгарылган.

-2020-жылдын 18-июнунда ф.-м.и.д., профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти К. Алымкуловдун жетекчилиги астында “Бисингулярдуу козголгон дифференциалдык теңдемелердин чечимдеринин бир калыптагы асимптотикасы” аттуу темада физика-математика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын коргогон.

Байланыш:

Кабылдама:

0(3222) 7-22-73


Факс:

0(3222) 7-09-15


e-mail:

rector@oshsu.kg