Илимий-изилдөө иштери

МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕЖДИН ИЛИМ –ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ БОЮНЧА ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Окутуучу-профессордук курамдын сапаттык көрсөткүчү

ОшМУнун медициналык коллежи, ОшМУнун илимий-изилдөө иштери КРдин Жогорку аттестациялык комиссиянын 2015-жылдагы, КРдин Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы №327-токтому менен бекитилген ЖОБОлорго, КРдин “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 2019-жылдын май айындагы өзгөртүүлөрүнө ылайык жүргүзүлүп келүүдө. Медициналык коллеж университетте илимий-изилдөө ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасындагы жогорку билим берүү жана илим саясатындагы университеттин ролуна ылайык жана илимдин приоритеттүү багыттары менен тыгыз байланышкан деңгээлде аткарылышына салым кошуп келе жатат.

2024-жылдын 1-январына карата медициналык коллеждин жалпы профессордук-окутуучулук курамынын саны – 218, анын ичинен: 15 - илимдин кандидаты, тактап айтканда: Арынов З.С., Коланов О., Аттокуров К.Ш., Төрөбаева Д.К., Барынбаева А.А., Борсонов А.Р., Орунбаева Б.М., Абжалов М.А, Шоокумова Д.П., Эркебаев Т.К, Сүйүнбекова А., Жапаров Ө.Т., Сатиев М.О., Кеңешов Б.М., Орунбаева Г.Ж., эмгектенишүүдө. Жалпы профессордук-окутуучулук курамынын сапаттык көрсөткүчү 6,8% түзөт.

Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо

2023-жылы коллежде 2 кандидаттык диссертация корголгон. Сатиев М.О.- 2022-жылдын 23-декабрында УИА караштуу Химия жана фитотехнология институту жана ОшМУга караштуу Д 02.21.629 диссертациялык советинде Бишеке шаарында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду.Темасы:«Получение наноматериалов на основе висмута и сурьмы в водной и органических средах» .

Барынбаева А.А. - 2023-жылдын 19-майында саат 13:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын А. А. Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институту жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине караштуу философия илимдери боюнча Бишкек шаарында кандидаттык диссертацияларды коргоду.Темасы: “Медициналык жоопкерчиликтин биоэтикалык маңызы” 09.00. 11 – социалдык философия.

Мындан сырткары көптөгөн диссертациялар диссертациялык кенештерде коргоонун алдында турат. ОшМУда илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн материалдык колдоо көрсөтүү көптөн бери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет, ошол мүмкүнчүлүктөн биздин окутуучулар да пайдаланып келишүүдө. Тактап айтканда, 2012-жылдын октябрь айынан баштап кандидаттык диссертация коргогон окутуучулар 20 000 сом, докторлук диссертация коргогон доценттер 40 000 сом акчалай сыйлык алышса, 2014-жылдын 24-январынан баштап кандидаттык диссертация коргогон окутуучулар 25 000 сом, докторлук диссертация коргогон доценттер 50 000 сом акчалай сыйлык алышкан. Ал эми 2015-жылдын 5-мартынан баштап кандидаттык диссертация коргогон окутуучулар 30 000 сом, докторлук диссертация коргогон доценттер 60 000 сом акчалай сыйлык алып келишкен болсо, 2018-жылдын 2-мартынан баштап кандидаттык диссертация коргогон окутуучулар 50 000 сом, докторлук диссертация коргогон окумушутулар 100 000 сом акчалай сыйлык алып жатышат. Бул колдоо илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө, илимдин кандидаттары жана докторлору үчүн чоң стимул болоору талашсыз.

Коллжде жаш окумуштуулар менен адистердин кесиптик өсүшүнө өбөлгө түзүү, алардын кызыкчылыгын коргоо, илим жана билим берүү чөйрөсүндө жаштар саясатын өнүктүрүү максатында илимий изилдөө бөлүмүнүн алдында жаш илимпоздордун кеңеши менен иш алып барууда.

Илимий долбоорлор

Коллеждин окутуучулары жергиликтүү мамлекеттик бийликтерде түзүлгөн эксперттик кеңеши менен биргеликте Республикабыздын түштүк аймагында экономикалык, социалдык өнүгүүсүнүн перспективдүү багыттарына, билим берүү процессине түздөн-түз колдонууга багытталган жана КРдин Билим беруу жана илим министрлиги тарабынан каржыланган илимий долбоорлорду ийгиликтүү аткарып келе жатышат. Медициналык коллежде “Использование ресурсных возможностей малоиспользуемых дикарустущих лекарственных и других полезных растений Кыргызстана и разработка рациональных технологических новшеств их использования в народном хозястве” атуу илимий долбоор 200 студент менен биргеликте б.и.к., доцент Коланов О. К. иш алып барууда.

Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан бөлүнгөн 8050 сом өлчөмүндөгү грантты фармацевтикалык дисциплиналар ПЦКсынын башчысы О. Коланов жетектеген долбоор утуп алган.

Колледждеги аспиранттар жөнүндө маалыматтар

Аты-жөнү

Илимий темасы

Илимий жетекчиси

Бекитилген мекеме, датасы

1

Абдырахманова Ж.С.

“Азолла (Azolla) өсүмдүгүнүн биоэкологиялык өзгөчөлүктөрү жана аны практикада колдонуу перспективалары”

б.и.д., профессор Каримова Б.К.

ОшМУ, ТТГФ, Ботаника, ЖБД жана БОУ кафедрасы, 29.10.2016, пр.№3

2.

Бердигулова М.А.

Влияние экологических факторов на состояние биоразнообразия растительности Туркестано-Алайского хребта

а/ч.и.д., профессор Шамшиев Б.Н.

ОшТУ, Технология жана жаратылышты пайдалануу факультети, экология жана айлана чөйрөнү коргоо кафедрасы

3.

Маметова К.К.

“Шаар чөйрөсүн стресстик факторлордун таасирлеринен коргоодо парктык бак-дарактардын экологиялык ролу”

а/ч.и.д., профессор Шамшиев Б.Н.

ОшТУ, Технология жана жаратылышты пайдалануу факультети, экология жана айлана чөйрөнү коргоо кафедрасы

4.

Мурзакулова Н.А.

“Орто кесиптик медициналык окуу жайларында химияны кесипке багыттап окутуунун методикасы”

п.и.д., профессор Турдубаева Г.Т.

ОШМУ, ТТГФ, Жалпы химия жана химия-экологиялык, криминалистикалык экспертиза кафедрасы, 27.11.2019, пр.№4

5.

Муратова Ж.Ж.

“Ак-Буура дарыясынын бассейндеринде таралган дары-дармек өсүмдүктөрүнүн түрлөрүнүн учурдагы флоралык абалы, аларды коргоо, байытуу, натыйжалуу пайдалануу”

б.и.к., доцент Коланов О.К.

ОшМУ, ТТГФ, Ботаника, ЖБД жана БОУ кафедрасы, 25.02.2014, пр.№7

6.

Шооруков А.А.

«Асимптотика решения сингулярно возмущенных задач с особенностью»

д.ф.-м.н., профессор Кожобеков К.Г.

ОшМУ, МИТФ, кафедра "Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн"

12.11.2020 пр.№2

7

Кыдыршаева Ж.А.

"Коомдук ден-соолук жана саламаттык сактоо" адистиги боюнча... "Орто медициналык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн өркүндөөтүнүн жолдору"

М.и.д., профессор Шамшиев А.А.

ОшМУ, Коомдук саламаттыкты чыңдоо кафедрасы

8

Исманалиева Ж. А.

Билим берүүнүн кридиттик технологияларын орто кесиптик окуу жайларга киргизүүнүн педпгогикалык шарттары

П.и.к.,доцент Касымов А.А.

Кыргыз Билим Берүү Академиясынын аспиранты

9

Чотурова У.А.

Медициналык колледждердин окуу, тарбия процессинде маалыматтык жана компютердик технологияларды колдонуунун дидактикалык шарттары

П.и.д., профессор, Бабаев Д.Б.

ОшМУ, ТТАФ.

Медициналык коллеждин бардык окутуучулары ОшМУнун дүйнөлүк рейтингге кирүү иш аракеттерине салым кошуу үчүн төмөндөгү маалыматтарды ала алышат: https://www.oshsu.kg/kg/page/21 2

Журналдын "Импакт фактору", же "Citation Index" (англисче impact factor) таасирдин индикатору маанисине ээ. Журналдын импакт фактору жарыяланган илимий материалдардын маанилүүлүгүн баалоо үчүн таанылган критерийлердин бири болуп эсептелет.

Ош Мамалекеттик Университетинин өнүгүү приоритеттеринин бири болуп дүйнөлүк илимий коомчулукка толук интеграциялануу болуп саналат. Ар бир окуу жайдын кадыр-баркы анда иштеген илимий кызматкерлердин илимий жетишкендиктерине эл аралык баа берүүдөн турат. Илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жарыялоо заманбап илимий ишмердүүлүктүн атрибуту болуп саналат жана университеттин академиялык өнүгүүсүнүн ийгилигинин көрсөткүчтөрүнүн бири катары кызмат кылат.

Кирүү үчүн паайдалуу шилтемелер:

Web of Science

Scopus

Taylor & Francis Group

Science Direct

Springer

Web of Science платформасындаиштөөтууралуумаалымат порталы

ResearcherID

https://researcheracademy.elsevier.com

https://journalfinder.elsevier.com

www.clarivateanalitics.com

Бааланган журналдардын тизмеси

Journal Citation Reports Wos

Маалымат жана Scopus базасына кирген бардык журналдардын тизмеси

Скопус базасына кирген журналдардын тизмеси

Презентациялар

Clarivate Analytics Илимий изилдөө жана илимий натыйжалуулукту баалоо үчүн маалыматтык ресурстарды сертификаттоо программасы

Springer колдонуучу колдонмосу

Илимий журналдарда жарыялоо процессин түшүнүү

Ийгиликтүү илимий карьера үчүн план түзүү

Тейлор жана Фрэнсис онлайн платформасынын колдонуучу колдонмосу

Taylor & Francis eBooks Online Platform User Guide

Scopus жана SciVal

Презентация "Туура макаланы кантип даярдоо керек"

Презентация "Илимий макаланы даярдоодо "ScienceDirect", "Mendeley" жана "Scopus" программаларын колдонуу жана аны басып чыгаруу үчүн журналды тандоо"

Презентация "Изилдөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн Scopus жана Science Directти колдонуу"

Видео

Компаниянын бардык ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча видео нускамаларды жана жазылган видеосабактарды камтыган Clarivate Analytics Youtube каналына шилтеме:

https://www.youtube.com/user/WOKtrainingsRussian

Web of Science программасында профилди каттоо жана алыстан кирүү боюнча видеого шилтеме:

https://www.youtube.com/watch?v=7bmJeG6tBFQ

Scientometrics колдонмосунун 2-басылышы. Бардык толук маалымат шилтемеде да бар:

https://clarivate.com/ru/book/