Исаков Каныбек
Новая страница 1

Исаков Каныбек Абдуваситович

Туулган жылы:
1969-жыл, 4- июнь.
Туулган жери:
Ош областы, Ноокат району, Жаңы-Ноокат айылы
Илимий даражасы жана наамы:
Филология илимдеринин доктору, профессор
Электрондук дареги, жумуш телефону:
kanybek.isakov@gmail.com
0 (32 22) 2-22-73

Эмгек жолу:

• 1986-ж. «Бел-Өрүк» колхозунда кызматкер болуп эмгектене баштаган
• 1987-ж. Ош мамлекеттик университетин “Кыргыз тили жана адабияты” адистигине тапшырган.
• 1988-1990-жж. Советтик Армияда кызмат өтөгөн.
• 1990-1993-жж. Ош мамлекеттик университетинде окуусун улантып артыкчылык диплому менен аяктаган.
• 1993-ж. Ош МУнун кыргыз филологиясы факультетинин тил таануу кафедрасында окутуучу, улук окутуучу (1999-ж.), доцент (2002-ж.) кызматтарында иштеген.
• 1995-ж. “Нур” гезитинин башкы редактору болуп дайындалган.
• 1997-ж. Ош МУнун кыргыз филологиясы факультетинде декандын орун басары болуп дайындалган.
• 1998-ж. Ош МУнун тарбия иштери боюнча ректордун жардамчысы кызматына дайындалган.
• 2000-ж. Ош МУнун коомдук жана тарбия иштери боюнча проректорлук кызматында иштей баштаган.
• 2005-ж. Ош МУнун мамлекеттик тил боюнча проректору болуп дайындалган.
• 2001-ж. кандидаттык диссертатциясын коргогон.
• 2011-ж. докторлук диссертатциясын ийгиликтүү коргогон.
• 2006-2011-жж. Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректору болуп эмгектенген.
• 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеп келе жатат.
• Окумуштуу катарында 5 монография, 5 окуу-методикалык колдонмолордун жана 100дөн ашык илимий макалалардын автору.

Сыйлыктары:

1. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси (Буйрук № 32 04.04.2006-ж.)
2. “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги” төш белгиси (Бишкек ш. Буйрук № 23/4, 22.08.2005 –ж.)
3. Ч. Айтматов коомдук академиясынын академиги (Бишкек ш. 2007-ж.)
4. Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы (2014-жыл, 24-январь Бишкек ш.)