ФАКУЛЬТЕТТИН ТАРЫХЫ

КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГИЯСЫ

ЖАНА ЖУРНАЛИСТИКА ФАКУЛЬТЕТИ

Кыргыз тили жана адабияты адистигине даярдоо 1945-1946-жылдары башталган. 1945-жылы Ош мугалимдери институту болуп түзүлүп, 1951-жылы Сталиндин буйругу менен Ош мамлекеттик педагогикалык институту болгон. Ал эми 1992-жылы 2-июлдагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин буйругу менен өз алдынча Кыргыз филологиясы факультети болуп түзүлүп, адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Факультеттин биринчи деканы болуп профессор Н.Бейшекеев (1991.10.09 − 17.12), андан кийин доценттер Д.Туратов (1991.17.12 − 1992. 06.07), Т.Аширбаев (1992. 06.07 − 1997. 27.09), Т.Нуруев (1997. 27.09 − 1999. 01.08), С.Момуналиев (1999. 13.09 – 2007. 27. 06), Ж.Элчиев(2007.27.06 − 2010. 09.02), Г.Жамгырчиева (2010. 09.02 − 2010. 13.02) , 2010-жылы 13-сентябрынан факультетти педагогика илимдеринин доктору С.Момуналиев жетектеди. Ал 2011-жылы 2-декабрда кайрадан дагы 5 жылга декандык кызматка шайланган. 2016-жылдын 15-декабрында филология илимдеринин кандидаты, доцент Н.Турганбаев атаандаштыктын негизинде шайланган.

2010-жылы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин (31.09.10.) чечимине ылайык факультет Кыргыз филологиясы жана журналистика деп аталып, кайра түзүлгөн. Курамына журналистика бөлүмү кирген.

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин негизги кызматы кыргыз филологиясы боюнча адистерди, ошондой эле болочок журналисттерди даярдоо болуп саналат. Бул факультеттин түштүк аймакта ээлеген орду − өзгөчө. Анткени факультет болочок филолог жана журналисттерди даярдоо менен гана чектелбестен бул аймакта мамлекеттик тилдин бекем орун-очок алышына да олутуу салым кошууда. Ошондой эле факультет илимий иликтөө иштерин уюштуруунун, педагогикалык кадрлардын билим деңгээлдерин жогорулатуунун негизги борбору болуп келет.

Факультетти түптөп, алгачкылардан болуп иштеп кетишкен белгилүү окумуштуулар − проф. А.Турсунов, проф. А.Садыков, академик А.Акматалиев, проф. С.Ибрагимов, проф. С.Шатманов, проф. Н.Бейшекеев, проф. Ж.Мамытовдор. Факультеттин тунгуч бүтүрүүчүлөрү болушкан п.и.д., проф. Б.Алымов, ф.и.к., доцент А.Сыдыков, ф.и.к., доцент С.Гапаров, ф.и.к., проф. Ж.Шериев, ф.и.д. проф. М.Сулайманов белгилүү мугалимдер КРнын Эл мугалими М.Байымбетов, Эл агартуу мыктылары А.Мамажунусов, Э.Каримов, А.Козуевалар − жалпы эле кыргыз илими менен билим берүүсүнө өзгөчө салым кошушкан инсандар.

Мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болушкан бүтүрүүчүлөр да арбын. Булар − Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты К.Коңкобаев, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты ф.и.д., проф. Т.Аширбаев, «Кыргыз тили» төш белгисинин ээлери К.Исаков, С.Момуналиев, Т.Нуруев, Ж.Элчиев, А.Мурзакметов, К.Нармырзаева ж.б.

Билим берүүгө, илимге сиңирген эмгеги үчүн «КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкерине» К.Оморкулов, Д.Туратов, «КРнын билим берүүсүнүн мыктысына» Т.Нуруев, С.Момуналиев, З.Тагаева, Л.Жусупакматов, Б.Темирова, Ж.Элчиев, З.Раимбердиевалар татыктуу болушкан.

Факультеттеги кафедралар төмөндөгүдөй багытта илимий иликтөө иштерин жүргүзүшөт:

1. Кыргыз тилинин изилдениш тарыхы;

2. Түрк тилдеринин тарыхы;

3. Азыркы кыргыз тилинин актуалдуу маселелери;

4. Кыргыз тилинин стилистикасы;

5. Көркөм чыгарманын тилдик курулушу;

6. Кыргыз фольклору;

7. Ырчылар чыгармачылыгы;

8. Кыргыз профессионал жазма адабияты;

9. Кыргыз тилин жана адабиятын мектептерде окутуунун актуалдуу маселелери;

10. Окутуунун жаңы технологияларынын теориялык – практикалык негиздери;

11. Жогорку окуу жайлары үчүн окуу программаларын жана окуу куралдарын түзүү принциптери;

12. Студенттердин илимий – изилдөө иштерине жетекчилик кылуу;

13.Жалпы билим берүүчү мектептер үчүн кыргыз тили жана кыргыз адабиятынан окуу куралдарын түзүүнүн проблемалары.

Факультетте 1 илимдин доктору, 3 профессор, 21 илимдин кандидаты, доценттер, жалпысынан 65 окутуучу эмгектенип, «Тил илими», «Кыргыз адабияты», «Филологиялык билим бер үү технологиялары», «Журналистика» жана “Факультеттер аралык кыргыз тили” кафедралары окуу-тарбиялык жана илимий-усулдук иштерин жүргүзүшүп, төмөнкүдөй адистиктерди даярдашат.

  • Кыргыз тили жана адабияты;
  • Журналистика;

Студенттердин кесиптик чеберчиликтери менен чыгармачылыгын өркүндөтүүгө «Усулчу», «Тилчи» , «Көркөм чабыт», «Бүчүр» ийримдери өбөлгө түзсө, Япон борбору, “Казак тили жана маданияты”, “Өзбек тили жана адабияты” борборлору «Кут ордо», «Манас таануу», Ж.Шериев, Т. Аширбаев атындагы окуу кабинеттери жана «Мамлекеттик тил үйрөнүү», «Хромокей», “ЧатырЛаб” кааналары жана “Журналистика стедиялары мыкты адистерди даярдоого кызмат кылууда. Демек, адистикке даярдоодо факультетте жеткиликтүү материалдык-техникалык база түзүлгөн.

Сырттан окуу бөлүмүнүн тар ыхы

Институтту 1945-46-жылдары М.М. Хашагульгов жетектеген. Бул мезгилде Эл агартуу комиссариаты институттун сырттан окуу бөлүмүн ачууга жана ага 250 студент кабыл алууга уруксат берген. 1945-жылдын 18-октябрынан сырттан окуу бөлүмүнө абитуриенттерди кабыл алуу башталып, бөлүм расмий түрдө 1946-жылдын 1-январынан ачылган. Сырттан окуу бөлүмүнүн башчысы болуп А. Мусаев дайындалган. Сырттан окуу ачылгандыгы жөнүндө жергиликтүү жана республикалык гезиттерде үч ирет жарыя басылып, алты жолу радио аркылуу маалымат берилген. Партиянын Ош обкомунун катчысы Сулейкиндин колу коюлган телеграмма райондордун жетекчилерине жөнөтүлгөн. Мындай иш-аракеттердин баары сырткы бөлүмгө студенттерди тартуу максатында уштурулган.

1946-жылдын 1-январына чейин сырттан окуу бөлүмүнө 210 абитуриенттер арыз беришкен. Ал эми 2-январда болгон кабыл алуу экзаменине 170 абитуриент келип катышып, жыйынтыгында окууга кабыл алынгандар 134 болгон. Адистиктер боюнча: тарых – 7, тил жана адабият -59, физика–математика -36, табияттаануу –география – 32 студентти түзгөн. 1946-жылы Ош мугалимдер институту жер-жерлерде сырттан окуган студенттерге консультация берүү пункттарын ача баштаган. Алгач мындай пункттар 3 жерде: Өзгөндө, Молотовабадда (азыркы Ноокат кыштагы) жана иституттун өзүндө ачылган. Бул пункттардын максаты, сессиялар аралык мезгилде сырттан окуган студенттер менен байланышып, аларга кошумча тапшырмаларды берүү, китептер менен камсыздоо болуп эсептелген.

1946-жылдын 19-сентябрында Кыргыз ССРинин эл агартуу министрлигинин №362 буйругунун негизинде математика, физика жана педгогика предметтер боюнча 3 окутуучу (А. Исаков, Н. В. Григорьев, Т. Х. Чормонов) Ош мугалимдери институтуна жөнөтүлгөн. 1947-жылы да институт бир катар окутуучулар менен толукталып, алардын арасында (Кыргыз ССРинин болочоктогу Билим берүү министри (1978-1986-ж. иштеген) Аскар Турсунов да болгон. 1946-жылдын 4-октябрында институттун директору кызматына Н.С.Камалов дайындалып, 1949-жылга чейин жетектеген. Директордун окуу жана илимий иштери боюнча орун басарлыгына А. Мусаев дайындалган.

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде адистикке даярдоо бюджеттик жана келишимдик негизде күндүзгүжана сырттан окуу формасында жүргүзүлөт жана магистратура бөлүмдөрү бар. Азыркы күндө факультетте кыргыз тили жана адабияты адистигинин күндүзгү бөлүмүндө 628, сырттан окуу бөлүмүндө 260 студент жана магистратура бөлүмүндө 150 магистрант билим алууда.

2022-2022-окуу жылында кыргыз тили жана адабияты адистигине бюджеттик негизде 16 стедент, келишимдик негизде 81 студент, журналистика багытына 29 студент 1-курстун күндүзгү окуу бөлүмүнө кабыл алынды.

2021-2022-окуу жылында кыргыз тили жана адабияты адистигине бюджеттик негизде 16 стедент, келишимдик негизде 81 студент, журналистика багытына 18 студент 1-курстун күндүзгү окуу бөлүмүнө кабыл алынды.

2022-2022-окуу жылында кыргыз тили жана адабияты адистигине бюджеттик негизде 16 стедент, келишимдик негизде 109 студент, журналистика багытына 18 студент 1-курстун күндүзгү окуу бөлүмүнө кабыл алынды.

ФАКУЛЬТЕТТЕР АРАЛЫК КЫРГЫЗ ТИЛИ КАФЕДРАСЫ

ӨЗБЕК ТИЛИ ЖАНА МАДАНИЯТЫ БОРБОРУ

ФАКУЛЬТЕТТИН ОКУМУШТУУЛАР КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫ

ФИЛОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ТЕХНО-ЛОГИЯЛАРЫ КАФЕДРАСЫ

ЖУРНАЛИСТИКА КАФЕДРАСЫ

КЕСИПТИК КОШУУН

ДЕКАНАТ ДЕКАН Ф.И.К., ДОЦ. Н.О. ТУРГАНБАЕВ

КАЗАКТААНУУ БОРБОРУ

ИННОВ-К ЛАБОРАТОРИЯ ЖАНА КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА РЕСУРСТУК БОРБОР

ЖАПАН БОРБОРУ

МАГИСТРАТУРА

БӨЛҮМҮ

УСУЛДУК КЕҢЕШ

ПРАКТИКАЛАР

БОЮНЧА ЖООПТУУ

СТУДЕНТТИК ЖАШТАР КОМИТЕТИ

КЫРГЫЗ ТИЛ ИЛИМИ КАФЕДРАСЫ

ДЕКАНДЫН ОКУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА ОРУН БАСАРЫ

ДЕКАНДЫН ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРИ БОЮНЧА ОРУН БАСАРЫ

ДЕКАНДЫН ИЛИМИЙ ИШТЕРИ БОЮНЧА ОРУН БАСАРЫ

ФАКУЛЬТЕТТИН СТРУКТУРАСЫ


ФАКУЛЬТЕТТИН СТРУКТУРАСЫ

Факультеттин структурасы (Кызмат)

Аты-жөнү

Илимий даражасы

1

Декан

Турганбаев Нурмамат Орозович

ф.и.к., доцент

2

Декандын окуу иштер боюнча орун басары

Эргешова Сейил Бактыбековна

ф.и.к., доцент

3

Декандын тарбиялык иштер боюнча орун басары

Тажибаева Жыпаргүл Жамшитовна

Окутуучу

4

Декандын илимий иштер боюнча орун басары

Камардинова Уялхан Нурмаматовна

ф.и.к., доцент

5

Магистратура бөлүмү

Табалдыева Медергүл

Улук окутуучу

6

Усулдук кеңеш

Маматова Асылкан

Улук окутуучу

7

Практикалар боюнча жооптуу

Камчыева Жылдызкан Абдикадировна

Улук окутуучу

8

Профком

Жумаев Нурбек

Улук окутуучу

9

Кыргыз тили илими кафедрасы

Кошуева Майниса Жумаевна

ф.и.к., доцент

10

Кыргыз адабияты кафедрасы

Мурзакметов Абдымиталип Камытович

т.и.к., доцент

11

Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы

Момуналиев Сатканбай Момуналиевич

п.и.д., проф.

12

Журналистика кафедрасы

Жамгырчиева Гулина Төлөбаевна

ф.и.д., проф.

13

Факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасы

Каразакова Зувайда Жамиловна

ф.и.к., доцент

14

Жапон маданияты борбору

Мурзакметов Абдумиталип Камытович

т.и.к., доцент

15

Казак тили жана маданияты борбору

Мурзакметов Абдымиталип Камытович

т.и.к., доцент

16

Өзбек тили жана маданияты борбору

Исманова Акибатхан Алимжановна

Окутуучу

18

Студенттик жаштар комитети

Темиров Баястан

Студент