Жаңылыктар Архив

Өткөрүлгөн иш-чаралар
Карьера борбору бүтүрүүчүлөргө зарыл семинар-тренингдерди өткөрүп жатат
      Ош мамлекеттик университетинде 2018-2019-жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн Карьера борбору тарабынан “Резюмени туура жазуу”, “Карьералык өсүү”, “Ийгиликтин сырлары” аттуу семинар-тренингдер уюштурулуп жатат. “Аталган семинар учурда бардык факультеттерде, колледждерде графикке ылайык уюштурулуп жатат. Бул иш чараларды уюштуруунун негизги максаты бүтүрүүчүлөрүбүздүн жумушка жайгашуусуна, карьералык өсүүсүнө, жумуш берүүчүлөргө туура кайрылып, жакшы пикир калтырып, кесипкөй болуусуна аз да болсо салымыбызды кошуу болуп саналат. Учурда бүтүрүүчүлөрүбүз түрдүү суроолоруна жооп алып жатышат”, -деди ОшМУнун Карьера борборунун башчысы А. Маткалыков.