Колдонмо информатика жана информациялык коопсуздук

Колдонмо информатика жана информациялык коопсуздук

Кафедранын ишмердиги - студенттер үчүн татыктуу билим берүү, аларды азыркы замандын талаптарына толук ылайык келген кесипкөй, компененттүү адис кылып даярдоого багытталган. Окутууда натыйжалуу жаӊы маалыматтык технологияларын колдонууга чоӊ басым жасалган. Студенттердин билим алуусуна, илимий изилдөө иштерине жана ойлоп-табуучулук жөндөмүн өрчүтүүгө бардык ыӊгайлуу шарттар түзүлгөн.

Кафедранын негизги максаты - “Колдонмо информатика” багыты боюнча техниктерди, бакалаврларды, магистрлерди жана “Колдонмо математика жана информатика” багытында бакалаврларды, магистрлерди даярдоо менен университеттеги бардык багыттардагы студенттерге заманбап компьютердик технологияларды кесиптик ишмердүүлүктөрүндө колдонууга үйрөтүү. Заманбап математикалык методдорду жана IT технологияларды экономикада колдонуу менен менчиктин ар кандай формасындагы ишканаларда иштей алуучу кесипкөй адистерди даярдоо.

Колдонмо информатика жана информациялык коопсуздук кафедрасы төмөнкү багыттагы адистерди даярдайт:

Магистратура:
510200. Колдонмо математика жана информатика
710300. Колдонмо информатика (экономика аймагында)

Бакалавриат:
510200. Колдонмо математика жана информатика
710300. Колдонмо информатика (экономика аймагында)
590100. Информациялык коопсуздук
710300. Архитектурадагы колдонмо информатика
710300. Бизнес-процесстерди жана каржыны автоматташтырылган башкаруу адистиги

Кафедранын дареги:
723500. Ош ш., Ленин к., 331, ОшМУнун башкы корпусу,
Математика жана информациялык технологиялар факультети,
КИжИК кафедрасы, 222-каб.
Телефон: 03222-7-29-60, +996 779 111 110
E-mail: Uluk3188@mail.ru