НЕГИЗГИ БЕТ

Стоматология кафедрасынын тарыхы

ОшМУнун медицина факультетинин стоматология кафедрасы

2001-жылы ачылган. Стоматология бөлүмүнө 1-сентябрда 24 студент кабыл алынган.

2002-жылы 70 студент кабыл алынган.

2003- жылы 86 студент кабыл алынган.

2004 – жылы 98 студент кабыл алынган

2005-жылы 120 студент кабыл алынган

2005-жылы ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин чечими менен

(2005-ж. 24.06. №9 буйругу) жана ОшМУнун ректорунун 2005-жылдын 18-июнундагы №145 буйругу менен ОшМУнун стоматология факультети болуп түзүлгөн. Факультеттин деканы доцент Арстанбеков М.А. дайындалган.( Приказ №146, 18.07.2005 жыл ).

2006-жылы стоматология факультети жабылып, ОшМУнун медициналык инстититунун стоматологиялык кафедрасы болуп калтырылып, кафедра башчылыгына м.и.к., доцент Арстанбеков М.А. дайындалган.

2008 жылы стоматология адистиги кайрадан ачылып, мурда башка ЖОЖдорго которулган студенттер ОшМУнун медицина факультетинин стоматология адистиги бөлүмүнүн 2-3-курстарына которулуп келишкен.

2008-жылы 1-курска 50 студент кабыл алынган.

2011 жылы стоматология кафедрасы эки кафедрага бөлүнүп (буйрук №574 .28.10.11)

1. “Ортопедиялык жана терапевтикалык стоматология кафедрасы”,

кафедра башчысы профессор Арстанбеков М.А. дайындалган.

2.”Хирургиялык жана курактык стоматология курсу менен”

кафедра башчысы м.и.к., доцент Мамажакып уулу Ж. дайындалган.

Хирургиялык стоматология кафедрасы т өм өнк ү багыттагы предметтер боюнча сабактар от улот.

1. Хирургиялык стоматология;

2. Имплантология;

3. Онкологиялык стоматология;

4. Балдардын терапиялык стоматологиясы;

5. Балдардын хирургиялык стоматологиясы;

6. Жаш курактагы стоматологиялык оорууну алдына алуу;

7. Пластикалык хирургия;

Кафедрада стоматология адистиги боюнча 1-курстан 5-курска чейинки 786 студенттерге билим берилет. Студенттердин ичинде Пакистандан,Непалдан, Индиядан, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттер бар.

Усулдук – методикалык иштер

Кафедранын ишчилери окуу-усулдук жаңы ыкмаларды, көргөзмө куралдарды, практикада фантомдук столдо көрсөтүү, лекцияларды мультимедиалык ыкмаларды колдонуу, студенттер суроо жооп иретинде баарлашуу. Клиникалык базада келген оорулуларды пратикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү жана мануалдык сезип үйрөнүү практикасын колдонобуз.

Кафедра ишчилери окутуп үйрөтүүчү видеофильмдердин практикасын тартып студенттерге көрсөтүү, окуу педогикалык ишкерлигин өркүндөтүү, эл аралык конференцияларга катышуу, стоматологиялык съездге катышуу, билимин өркүндөтүү.

Кафедранын илимий- изилдөө иштери

Кафедрада илимий иштер төмөнкү темада: «Разработка методов хирургической реабилитации больных с дефектами, деформациями, повреждениями и воспалительными процессами ЧЛО и зубного ряда». 2006 –жылга кафедра ишкерлери 10 патент ачылыш жана

8 рацпредложениясы жасалды.

Студенттердин илимий – изилдөө иштери

Кафедрада хирургия стоматологиясы боюнча илимий студенттик ийрим иштеп келет.Окутуучулардын жетегинде жылда кафедра ичинде, кийин факультет аралык конференция өтүп алдыңкы оорундарды ээлеп келет.

Хирургиялык жана курактык стоматология» кафедрасынын изден үүчүлөрү.

1.Пакыров Ж.К., темасы: «Ош областынын жана Ош шаарынын элдеринин тиштерин патологиялык жешилүүсү, дарылоонун клиникасы жана эпидемиологиясы».

2013-2014-жылдары студенттер үчүн окуу - усулдук колдонмолор иштелип, басмага сунушталды.

1. Стоматологиялык терминдердин түшүндүрмө сөздүгү

2. Тиштин катуу ткандарын дарылоо усулдары жана этиологиялык патогенез

3. Аскердик токсикологиянын усулдук колдонмосу.

4. Тиштин бекем ткандарындагы кемчиликтерди дарылоо, иш катарына металлды, керамиканы, фарфорду пайдалануу ыкмалары.

5. Тиштин бекем ткандарындагы кемчиликтерге жасалма тишчелерди даярдоонун технологиясы.

6. Стоматология адистигиндеги врачтын квалификациялык мүнөздөмөсү

7. Пародонтоз илдетине чалдыккан ооруларды дарылоо клиникасы.

8. Пародонтоз оорусун дарылоонун ортопедиялык ыкмалары.

Кафедранын аудиториялык фонду

Стоматология кафедрасы уч кабаттуу имаратта жайгашкан.

12 окуу-дарылоо каанасы, 2 лекциялык залы, 2 тиш жасоо лабораториясы, 1 фантомдук каанасы, 1 стерилизациялык каанасы бар.

Имараттын жалпы аянты 2236,4 кв. метрди түзөт.

Кааналарда 11 бормашина жайгаштырылган. Бул окуу процессинде студенттердин толук билим алып, өз алдынча иштеп, окуу процессин ийгиликтүү жүргүзүшүнө толук шарт түзүлгон

Ошондой эле Ош областык стоматология поликлиникасы , Ош шаардык №1, №2 стоматологиялык поликлиникасы, областтык оорукананын 30 орундуу стоматологиялык бет-жаак хирургиялык бөлүмү менен келишим бар. Билим сапатын көтөрүү, окуу процессин эффективдүү жетектөө максатында кафедрада усулдук көрсөткүчтөр иштелип чыккан.

1. Модулдук-рейтингдик система;

2. Зачеттук-экзамендик сессия;

3. Студенттердин өз алдынча иштөөсүн кабыл алуусунун жобосу.

Кафедра мамлекеттик программаларды ишке ашырууга да активдүү катышат. Кафедранын эмгек жамааты каржылоонун кошумча булактарын издеп, Ата Мекендик жана чет элдик гранттар менен активдүү иш алып барат. Жакынкы жана алыскы жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланышта. Алар: КММА (Бишкек), Кыргыз Славян Университети (Бишкек), Түштүк Корея жана Америка мамлекеттери.

1. Кафедранын профессордук – окутуучулук курамынын сапаттык көрсөткүчү жана алардын аткарган кызматы

1. Асанов А.К.- кафедранын окутуучусу.

2. Абдыкайымов А.Т.- кафедранын завучу, окутуучу, лектор.

3. Беков Ш.Б. - кафедранын окутуучусу.

4. Ешиев А.М.-профессор, кафедранын окутуучусу., лектор,(совместитель)

5. Курманбеков Н.О.-илимий иштери боюнча башчысы, лектор.

6. Кубанычов Ч.К. - кафедранын окутуучусу.

7. Латипов А.Л.-кафедранын окутуучусу. (совместитель)

8. Мамажакып уулу Ж.- каф.башчысы., лектор.

9. Маматкасымов М.Б. - кафедранын окутуучусу.

10. Миңбаев Замирбек Улукбекович –окутуучу.

11. Мырзашева Н.М.-кафедранын ага куратору, окутуучу.

12. Орозбекова М.М.- кафедранын окутуучусу .

13. Пакыров Ж.К.- кафедранын улук окутуучусу., декандын орун басары.

14. Сабиркулова А.А. - кафедранын окутуучусу.

15. Сейтбекова Т.М. - кафедранын окутуучусу.

16. Токтобаева Ш.А.-кафедранын окутуучусу. (совместитель)

17. Усен кызы Айгул - кафедранын окутуучусу.