Тапшыруучуларга

БИЗНЕС И МЕНЕДЖМЕНТ ФАКУЛЬТЕТИ

"БИЗНЕС ИНФОРМАТИКА ЖАНА ЭКОНОМИКАДАГЫ МАТЕМАТИКА" КАФЕДРАСЫ

Бийликтин далдаасында дайыма бирөөлөр жүрөт, алардын кимдер экенин билиш үчүн көрүнөөгө чыгарыш керек. Кин ХАББАРД.

Бизнес – бул кармаш, анда акча менен информациялык технологиялар гана курал боло алат



Абитуриенттер, көңүл бургула!!!

2012-жылдан бери Ош МУ жаңы перспективдүү 580500


БИЗНЕС-ИНФОРМАТИКА

адистигине кабыл алып келүүдө.

квалификациясы — бизнес-информатиканын бакалавры


«"Бизнес информатика"»- бул эки өңүттүн: экономика менен информатиканын кошулушунда туруучу, XXI кылымдын адистерин кесиптик даярдоо багыты.

"Бизнес информатика" - бул экономика жаатындагы фундаменталдык билимдер жана бизнес-процесстерди колдоо үчүн маалымат технологияларын иштеп чыгуудагы, талдоодогу жана колдонуудагы кесиптик көндүмдөр.

«Бизнес- информатика» багытындагы программа республикалык инновациялары бар классикалык университеттик билим берүү менен европалык бизнес-билим берүү системаларын бириктирет.

Бул адистиктин бүтүрүүчүлөрү бизнестин бардык чөйрөсүндө, б.а. ишкананын жана мекеменин стратегиялык өнүгүүсүнө о.э. бизнес-маселелерди чечүүгө көмөктөшүү максатында маалымат технологияларын колдонуу керек болгон тармактарда (корпоративдик финансылар, маркетинг, персоналдарды башкаруу, логистика ж.б.у.с.). иштей алышат.

Бизнес – информатика бакалаврынын кесиптик ишмердүүлүгүнүн объектилери болуп :

  • Бизнес чөйрө;
  • Банктык мекемелер;
  • Фискалдык органдар;
  • Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер;

жана экономика о.э. маалымат технологиялары боюнча мыкты билим талап кылынган бардык чарба жүргүзүүчү субъекттер эсептелет.

Кабыл алуу окутуунун күндүзгү формасы боюнча контракттык негизде жүргүзүлөт, мындан сырткары атайын орто окуу жайын бүткөндөр үчүн окутуунун кыскартылган программасы каралган.

Бакалавриаттын окуу мөөнөтү – төрт жыл. Акырында бүтүрүүчүлөр жогорку билими тууралуу мамлекеттик дипломго ээ болушат, о.э. бакалаврлар билимин өркүндөтүүнү магистратурада уланта алышат.

Бүтүрүүчү кафедра:

«Бизнгес-информатика жана экономикадагы математика» кафедрасы Ош МУнун БиМ факультетинин структуралык бөлүмү болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө кафедрада 20дан ашуун кызматкерлер эмгектенет. Алар:

· Математикалык моделдештирүү жана маалымат технологиялары багытындагы дисциплиналарды окутуучу тажрыйбалуу профессорлор, доценттер жана улук окутуучулар;

· Аспирантураны аякташкан, диссертацияларын коргошкон жаш окутуучулар;

· Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп туруучу изденүүчүлөр жана аспиранттар;

Кафедра орто жана атайын орто билимдин базасындагы адистерди күндүзгү жана дистанттык окутуу формасында даярдайт.

Жыл сайын 50 ашуун студент кафедрадан бүтүрүп чыгат. Кафедранын бүтүрүүчүлөрү эч качан жумушсуз калбайт, анткени, коом маалымат технологияларынын доорунда жашай баштады. Маалымат технологиялары ишмердүүлүктүн кайсыл гана тармагы болбосун өз артыкчылыгын жана тиешелүүлүгүн далилдеп келүүдө. Бул адистиктин өзгөчөлүгүн билдирет.

Бизнес жана менеджмент факультети Ош мамлекеттик университетинин структуралык бөлүмү катары 1996-жылы АКШнын Портленд университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосундагы макулдашуу жана долбоордун негизинде уюшулган.

2012-жылы эл аралык аккредитациядан өттү.

Факультетте билим-берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн эң жакшы материалдык-техникалык база уюштурулган. Факультет кенен жана жарык аудиториялары, лекциялык залдары, атайын кабинеттери жана лабораториялары бар өз алдынча корпуска ээ. Ал корпус 2009-жылы курулган. Окуу корпусунда 5 лекциялык зал, 42 окуу аудиториялары, 2 окуу залы, 1 китепкана, 1 жыйындар залы, 14 кабинет, 1 электрондук китепкана жана 7 компьютердик класстар бар. 400 орундуу актылык зал студенттердин колдонуусуна берилген.

Кафедралар заманбап компьютердик техникалар менен жабдылган.

Факультеттин компьютердик класстары заманбап компьютерлер менен жабдылган жана алар бүткүл дүйнөлүк Интернет, о.э. ички Интранет тармактарына туташтырылган. Жалпы 120 даана компьютер факультеттин окуу-тарбия иштерине колдонулуп келүүдө. Бардык компьютерлерге заманбап программалар орнотулган, мисалы окууга тиешелүү болгон «1С: Предприятие программалык пакетинин Кыргызстан үчүн түзүлгөн 8.1 версиясы» орнотулган. Бул программаны республиканын түштүгүндөгү алдыңкы мекемелердин бухгалтерлери түздөн-түз колдонушат, андан сырткары ишкананын долбоорлорун башкаруу программалары жана ишмердүүлүгүн талдоо боюнча эксперттик системалар орнотулган. Билим берүү жана илимий жумуштарды аткарууда Интернет-ресурстар активдүү о.э. масштабдуу түрдө колдонулат. Факультеттин техникалык жабдылуусу окутуучулар башка өлкөлөрдөгү кесиптештери менен, студенттер курдаштары менен видеоконференцияларды, лекциялык сабактарды, семинарларды жана тегерек столдорду жандуу эфир режиминде (on-line) уюштурууга мүмкүндүк берет.

Факультет окуу залы жана абономенттик бөлүмү бар жеке китепканага ээ. Китепкананын китеп фондун 36000 ашуун экономика багытындагы китептер түзөт, 2 окуу залында студенттер окуу адабияттары менен катар 18 аталыштагы профилдик журналдар жана 23 аталыштагы газеталар менен таанышып турушат.

Факультеттин структурасында жалпысынан 114 адам эмгектенүүчү 6 кафедра бар, аларда: - КР УИАсынын 2 мүчө-корреспонденти, илимдин 7 доктору, илимдин 17 кандидаты, КР илимине эмгек сиңирген 2 кызматкер, КР билим берүүсүнүн 5 мыктысы, КР финансы жана экономикалык ишмердүүлүгүн 4 мыктысы иштешет. «Бизнес жана менеджмент» факультетинин окутуучулары квалификацияны жогорулатуу курстарында жана тренингдерде өздөрүнүн кесиптик билимдерин системалык түрдө өркүндөтүп турушат.

Бүгүнкү күндө факультет ири илимий борбор болуп саналат, себеби анын базасында экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча адистештирилген кеңеш иш алып барууда.

Факультеттин дареги:

Ош ш, Масалиев көч. 80.

Электрондук дарек: www.oshsu.kg

Тел.: 0773613328, 0773264370,

0772264975, , 0550455065