Профессордук-окутуучулук курамы

Кафедранын максаты : бакалавр жана магистрлердин “550 100-Табигый илимдер боюнча билим берүү”, “520100-Химия” багыттары боюнча жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу менен, аталган багыттардагы компетенцияларга ээ болгон заманбап педагогдорду жана химиялык билимин экологиялык, криминалистикалык ж.б. ар түрдүү практикалык маселерди чечүүдө колдонууга жөндөмдүү болгон адистерди даярдоо.

Кафедра тейлеген дисциплиналардын күтүлүүчү окутуу натыйжаларына жетишүү үчүн окутуунун мурдатан калыптанып калган традициялык ыкмалары менен бирге ар кандай жаңы технологиялар жана интерактивд үү методдор колдонулат.

Окутуунун кредиттик технологиясынын шарттарында окуп жаткан студенттердин жана магистрлердин окуу жетишкендиктеринбаалоонун баллдык-рейтингдик системасы пайдаланылып, баа коюу обөективдүүлүк, ачыктык, ийкемдүүлүк жана дифференциация эрежелерине негизделген.

Профессордук-окутуучулук курам ө з ү н ү н квалификациясын ү зг ү лт ү кс ү з жогорулатуунун ү ст ү нд ө иштеп келет: “Сынчыл ойлоону өстүрүү боюнча окуу жана жазуу”, “Окутуунун дистанттык технологиялары”, Борбордук Азиядагы билим берүүнү реформалоо боюнча Германия коомчулугунун GIZ программасынын негизиндеги SEA - старттык эксперимент, аккредитациялоо жана рейтинг көз каранды эмес агентствосу (IAAR), көп тилдүү билим берүү программасы CLIL усулу ж.б. боюнча курстардан өтүшүп, сертификаттарды алышкан. Академиялык мобилдүүлүк боюнча: Мамытов Т.- Кастамону жана Синоп университеттеринде (Турция), Синьцзянь пединститутунда(Кытай), Абдуллаева М.- Тракия университетинде (Турция), Синьцзянь илимий-техникалык институтунда(Кытай), Турдубаева Г.- Гете университетинде, Назарбаев университетинде (Казахстан), окутуунун жаңы технологиялары боюнча О.Жапаров - Ллейда университетинде (Испания) квалификацияларын жогорулатышты.





Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, химия илимдеринин кандидаты, профессор А.Сүйүнбекова сабак учурунда



Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын эксперттик бөлүмүнүн башчысы, эксперт-криминалист, милициянын майору Муратов А. криминалистикалык экспертиза сабагында.