Практика жана өндүрүш менен байланыш

БИЗНЕС И МЕНЕДЖМЕНТ ФАКУЛЬТЕТИ

"БИЗНЕС ИНФОРМАТИКА ЖАНА ЭКОНОМИКАДАГЫ МАТЕМАТИКА" КАФЕДРАСЫ

Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок

580500 "Бизнес информатика” адистиги үчүн практика боюнча жумушчу программалар.

Практиканттарды кабыл алуу боюнча жумуш берүүчүлөр менен жаңыдан түзүлгөн келишимдердин базасы

Практика обьектилери

Макулдашылган адам

Мөөнөтү

1.

А. Момунова атындагы футбол академиясы

Алтыбаев Р.М. директор

31.12.2024

2.

Араван үй-бүлөлүк медицина борбору

Турдукулова С.А. директор

31.12.2024

3.

КР Өкмөтүнө караштуу ММК Фондунун Ош АБ

Омокеев М.К. директор

31.12.2024

4.

Евразиялык сактык Банк

Матураим у. М. касса башчысы

31.12.2024

5.

Ош ИИИБнын Маалымат талдоо Борбору

Камкожоев А. Бөлүм башчы

31.12.2024

6.

“Аю-Гарант” камсыздандыруу компаниясы” ААК Ош филиалы

Рахматилла у. Н. директор

31.12.2024

7.

“Салым финанс” МФК” ААК аймактык бөлүмү

Директор

31.12.2024

8.

“Медмаркет” ЖЧК

Дилер А.М. директор

31.12.2024

9.

“АТН Полис” Камсыздандыруу компаниясынын” Ош шаардык филилалы

Муратов А.А. директор

31.12.2024

10.

“Жору” ЖЧК

31.12.2024

11.

“Инфоком” мамлекеттик ишканасы

31.12.2023

12.

Ош шаардык Мамлекеттик каттоо башкармалыгы

31.12.2024

13.

“Кыргыз почтасы” ишканасынын Алай райондук филилалы

31.12.2028

14.

Ɵзгɵн райондук мамлекеттик администрациясы

30.01.2028

15.

АКНЕТ ЖЧКсы

01.02.2028

16.

ОШ электр тармактар ишканасы

31.12.2027

17.

“Шоро-Ош” жоопкерчилиги чектелген коому

30.01.2028

«Бизнес информатика жана экономикадагы математика» кафедрасы Кыргыз Республикасынын Түштүк аймагындагы көптөгөн ишканалар, уюмдар, банктар, мамлекеттик башкаруу органдары жана башка субьектилер менен тыгыз байланышта иш алып барууда. Мисалы, Ош Жаш ишкерлер ассоциациясы, Кыргыз-Россия камсыздандыру компаниясы, Экоисламикбанк, КИКБ банкы, Кыргызстан коммерциялык банкы, Юникредит банк, РСК банкы ОшМУнун БиМ факультети менен туруктуу мамиледе болуп, кээ бир студенттердин арасында уюштурулган интеллектуалдык мелдештерде демөөрчү катары кызматташып, тестирлөөнү өткөрүп ошону менен бирге өзүлөрүнө татыктуу компетенттүү кадрларды тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

«Бизнес информатика жана экономикадагы математика» кфедрасы адистик боюнча Ош областындагы жана коңшулаш областтардагы ишкана, уюмдар менен байланышты чындоо иши колго алынган. Бул максатта окуу жылы ичинде эки жолу командировкалар уюштурулат. Бул иш сапарлары учурунда бир нече багытта иштер аткарылат:

  1. студенттер үчүн практика орундарын түзүү боюнча келишимдерди түзүү же мурунку келишимдердин мөөнөтүн узартуу;
  2. практика өтөп жаткан студенттердин ишин көзөмөлдөө, алар жөнүндө ишканадагы адистердин ой-пикирин билүү;
  3. профориентациялык иш-чараларды өткөрүү, буклеттерди таратуу, мектептерде жолугушуулар ж.б.
  4. адистиктерди даярдоо боюнча ишканалардагы ой-пикирди билүү, алардын суроо-талаптарын кийинкиде эске алуу.

Ичинде “БИж-аЭМ” кафедрасы болгон БиМ факультети боюнча азыркы күнгө практика өткөрүү боюнча 129 ишкана-уюм менен келишим түзгөн.

Келишимдердин аймактар боюнча бөлүнүшү:

  • 90 келишим – Ош шаары, Кара- Суу, Араван
  • 16 келишим – Ноокат, Кызыл- Кыя, Баткен, Лейлек
  • 10 келишим – Алай, Чоң-Алай
  • 7 келишим – Өзгөн, Кара- Кулжа
  • 6 келишим - Жалал- Абад областы

Келишимдердин тармактар боюнча бөлүнүшү:

  • 24 - банктар, кредиттик союздар, микрокредиттик компаниялар менен;
  • 47 - бюджеттик мекемелер менен;
  • 58 - келишим АО, ОсОО, жеке ишкерлер, фонддор, ассоцациялар менен түзүлгөн.

Негизги өнөктөштөр болуп төмөнкү субьекттер саналат:

Финансылык сектордо: ЗАО БТА Банк, ОАО “ФинансКредитБанк, ОАО РК “Аманбанк”, ОАО “ЭкоИсламикБанк”, АО “КБ Кыргызстан”, ОАО “Росинбанк”, ЗАО “Банк Азии”, ОАО РСК Банк, ОАО Доскредобанк, ОАО ОАО “Страховая компания Кыргызстан”, Кыргызко-Российское страховое АО, 4 – Микрокредиттик уюмдар, 6 – Кредиттик союздар.

Бюджеттик сектордо: КРнын Жогорку Кеңешинин иш башкармалыгы, КРнын Экономика министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгы, КРнын Эсеп палатасынын Түштүк аймактык бөлүмү, Финансылык рынокту көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын түштүк бөлүмү, Мамлекеттик салык кызматынын Түштүк аймактык башкармалыгы, Ош шаардык мериясы, Райондук мамлекеттик администрациялар, салык кызматтары, билим берүү бөлүмдөрү, райондук финансы бөлүмдөрү ж.б.

Бизнес чөйрөсүндө: Жаш ишкерлер ассоцациясы (Ош шаарында – 80, Бишкек шаарында 300 дөн ашуун мүчөсү бар), өндүрүш тармагы - 12 ишкана, соода тармагы - 23 ишкана, курулуш тармагы - 6 ишкана, кызмат көрсөтүү - 8 ишкана.

Бизнес-ассоциациялардын ичинен Жаш ишкерлер ассоцациясы(ЖИА) менен байланыш жакшы жолго коюлган. Азыркы күндө экономика багытында 3-4-курстарда окуган 16 студент ЖИАнын волонтерлору болуп эсептелет. Алар бул ассоциациянын иш-чараларына туруктуу катышышат, ишкерлер менен түз байланышта болушат жана жыйынтыгында жумушка жайгашууда артыкчылыктарга ээ болушат.

Бүтүрүүчүлөр менен байланышты жакшыртуу максатында (2012-жылы) “Бизнес жана менеджмент факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн коому (ассоциациясы) түзүлгөн. Анын максаты:

  • жалпы эле билим берүү системасында, анын ичинде адистиктин өнүгүүсундөгү жаңылыктар, өзгөрүүлөр жөнүндө бүтүрүүчүлөргө маалымат берип туруу;
  • бүтүрүүчүлөр менен, алар аркылуу өндүрүш менен байланышты чыңдоо;
  • факультеттеги окуу программаларын түзүүдө өндүрүштөгү адистердин (бүтүрүүчүлөрдүн) ой-сунуштарын эске алуу;
  • өндүрүштүк практикаларды өткөрүү маселесиндеги бүтүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу;
  • окуу процессине професионалдуу бүтүрүүчү-адистерди тартуу (мастер-класс, ишканага экскурсиялар ж.б.)
  • бүтүрүүчү-адистердин катышуусунда экономикалык суроолор, маселелер боюнча семинар, дискуссия, конференцияларды уюштуруу.
  • жумушка жайгаштырууну маселесинде тыгызыраак кызматташуу ж.б.

Азыркы күндө бүтүрүүчүлөрдүн маалымат базысы түзүлүп кафедра тарабынан практикаларды уюштурууда, иш-чараларга бүтүрүүчүлөрдү катыштырууда кеңири пайдаланылат.

Бүтүрүүчүлөрдүн ичинен бир топ тажрыйбага ээ болгондор менен окуу предметенин мазмунун талкуулоо, алардан рецензиларды алуу жолго коюльган. Адистердин ой-пикири эске алынып предметтердин тематикасы, студенттерге берилүүчү тапшырмалар, окутуу сааттары боюнча тактоолор ишке ашырылат

Бизнес информатика(бакалавр) багыты боюнча студенттер үчүн практикалардын түрлөрү адистиктин окуу планында аныкталган.Атап айтсак 2- курс үчүн окуу практикисы 2 жума, 3-курс үчүн 4жума, 4-курс үчүн квалификация алдындагы практикалар 4 жумага пландаштырылган.

Студенттердин өткөрүлүп жаткан практикалары сжигарку кесиптик билим берүү программасынын курамдуу бөлүгү болуп эсептелет жана студенттерге практика өтүлүүчү мекеме-ишканаларда кесиптик-практикалык даярдоону камсыздоочу окуу процессинин формы катары каралат.

«Бизнес информатика жана экономика математика» кафедрасы бизнес информатика багытына практикены уюштуруу үчүн Ош шаары,Ош, Баткен, Жалал-Абадская областная биржа рынка мекеме-ишканалар жана банк менен байланыштарды түзүп келет.

Практика боюнча туруктуу кызматташтыкта ​​болгон төмөнкү мекеме-ишканаларды жана банктарды атоого болота.Ош шаарынын мериясы, Ош мамлекеттик каттоо башкармалыгы, Ош облусутук статитстика башкармалыгы, мамлекеттик салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгы, Айыл банк, РСК банк, Халык банк, КИКБ банк, Кыргызстан банки, Азия банки, Оптима банк, Бай түшүмбанки, Ош шаарынын салык кызматы,райондук администрациялар ж.б.

«Бизнес информатика жана экономика математика» кафедрасы Ош шаарындаги «Жаш ишкерлер ассоциации» менен тыгыз байланышта иш алып барат. Ассоциация тарабынан уюштурулган семинарларга окутуучулар жана адистиктин студенттери үзгүлтүксүз катышышат. Кафедра тарабынан уюштурулган иш чараларда ассоциациянын мүчөлөрү, уюмдун кесипкөй адистери лекцияларын окупутурушат. Ассоциация адистиктин алдынкытерин ассоциация студентга мүчө болгон мекемелерге кызматка орношушуна жардамдарын берүүдө.

Коммерциялык банктарга практика үчүн тарифтер так белгиленген (1000 сомдон 4000сомго чейин).Студенттерге жеңилдик катары бул төлөмдөрдүн 50% ОшМУнун эсебинен төлөнүп берилет.

Окуу программарын ишканалардын адистери менен талкуулоо:

580500- «Бизнес информатика» багыты боюнча (бакалавр)» окутуу программы сапатты камсыздоо боюнча аккредитациядан өтүүгө даярдалып жатат. Көз карандысыз аккредитациян критерийлерине ылайык окуу программы сөзсүз түрдө практик-адистердин ой-пикирин изилдөөнүн негизинде түзүлүшү шарт. 580500- «Бизнес информатика» багыты боюнча боюнча окуу прграммасынын түзүлүшүн жана мазмунун кесипкөй адистер жана БиМ факультетинин бүтүрүүчүлөрү менен талкуулап керектүү сунуштарды эске алып андан киин окуу планн бекитүү колго алынган.

Атап айтканда ишкана-уюмдардын адистерин катышуусунда семинар-талкуулар өткөрүлүп турат жана алардын жыйынтыгында окуу программасына оңдоолор киргизилет.

2020-2021-жылдарда мындай иш чаралардан төмөнкүлөр уюштурулган:

2019-жылдын 26-ноябрында “Бүткүл дүйнөлүк маалыматташтыруу күнүндө” Б & М факультети бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер менен «Бизнес-информатика» багытынын ролу жана өзгөчөлүктөрү” деген темада кеңири масштабдуу жолугушуу өткөрүлгɵн.

2021-жылдын 16-апрелинде илим күнүндө бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр менен «Санариптик доордогу чакырыктар» деген темада жолугушуу болуп өттү.

2022-жылдын 15-мартында илим жумалыгында бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр жана ата-энелер менен «Рыноктогу иш берүүчүлөрдүн талаптарына ылайык санариптик экономикада болочок адистердин сапаттык квалификациясын сжигарулатуу» деген темада жолугушуу уюштурулду. ."

2022-жылдын 29-апрелинде "Ишкананын ишмердүүлүгүндө бизнес-информатиканын роль" деген темы тегерек столовуюштурулду

2022-жылдын 16-декабрында бүтүрүүчүлөр, жумуш берүүчүлөр жана ата-энелер менен «Бизнес-информатика чөйрөсүндө адистерди сапаттуу даярдоону камсыздоодо кызыкдар тараптардын кызматташуусун өнүктүрүү» темасында жолугушуу уюштурулду.

26-ноябрь Буткул дуйнолук информатизация күнүнө карата студенттер менен адистердин жолугушуулары системлуу өткөрүлөт.

Мындан сырткары окуу процессине ишканалардын алдыңкы адистерин тартуу колго алынган. Мисалы:

Ø Асанов Ж.О. -«Ош Электро» АКнын бухгалтери;

Ø Ташибеков Т.Ч. – «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ош шаардык бɵлүмүнүн БАС (АСУ) башкы адиси

Ø Умарбеков Б. Б,- ОшПВЭСтин АСУ бөлүмүнүн башчысы

Ишкана-уюмдар менен биргеликте жогоруда маалымдалган иш-чаралардын жүргүзүлүп жатышы аталган кафедрада өндүрүш менен байланыштын жакшы жолго коюлгандыгын айгинелейт.


"Бизнес информатика жана экономикадагы математика" кафедрасынын ондуруш менен байланышы томонку схемада корсотулду