Илимий иш сапарлар

Илимий конференция

Т.и.д., проф. А.С.Джаминбаевдин 90-жылдык юбилейине арналган “Жаратылыш кен байлыктарын рационалдуу пайдалануу көйгөйлөрү жана көмүрдү кайра иштетүүнүн заманбап технологиясы деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференциянын 7-секциясында ЭТФ кафедрасынын доцентти М.Ч.Осконбаев “Математиканын жана табийгый илимдердин заманбап көйгөйлөрү” деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференциянын 7-секциясында ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч.Осконбаев “Энтропиянын маалыматтык аныкталышы” деген аталыштагы илимий баяндамасын жасап, 2-даражадагы диплом менен сыйланды.


Конференция ОшТУ

30-ноябрь 2023-жылы т.и.д., проф. А.С.Джаминбаевдин 90-жылдык юбилейине арналган “Жаратылыш кен байлыктарын рационалдуу пайдалануу көйгөйлөрү жана көмүрдү кайра иштетүүнүн заманбап технологиясы деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга ЭТФ кафедрасынын профессору Ы.Ташполотов жана ЭТФ кафедрасынын доцентти, т.и.к., доцент Э.Садыков жана физика-техника кафедрасынын деканы, т.и.к., доцент З.Ш.Айдарбеков катышып келишти.



Илимий конференция!

Кафедранын мүчөлөрү: ф.-м.и.д., профессор Б.Арапов, профессор Ы. Ташполотов, доценттер Э. Садыков, М.Ч. Осконбаев, аспиранттар А. Орозбаева, А. Садыкбекова жана магистрант Салайдин к. Т. 19-май 2018-ж. күнү Ош технологиялык университетинде “Физика” кафедрасынын б.и.к., профессору Асанов Маматазим Асановичтин жаркын элесине арналган жана кафедранын 25 жылдык юбилейине уюштурулган “Илимде жана билимде физика-техникалык проблемалар” аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференцияга катышышып, доклад жасашты. Жасалган докладдардын илимий макалалары “Известия Ошского технологического университета” журналында жарыкка чыкты.


Илимий иш сапар!

ОшМУнун физика-техника факультетинин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор Б. Арапов жетектеген делегация: профессор Ы. Ташполотов, доценттер Э. Садыков, М.Ч. Осконбаев, доцент м.а. Т. Матисаков жана аспирант А. Орозбаевалар Өзбекстандын Фергана областынын Фергана политехникалык институтуна IV Эл аралык илимий конференцияга барып, илимий доклад жасап кайтышты.


Магистрлер ОшТУда илимий конференцияда

ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент М.Ч. Осконбаев жана 510400 «физика» адистигинин 2-курсун магистранттары А. Байгазыев жана Г. Шабданова менен 1- курсунун магистр Г.Жумабаевалар «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук» жылына карата «Илим, технологиялар, инновациялар » аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин аймактык илимий практикалык конференцияга катышып , баяндама жасап келишти .


ОшМУнун окутуучусу “Илим-мамлекеттик тилде” аттуу конференцияга катышты

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган "Илим-мамлекеттик тилде" аттуу илимий-практикалык конференцияга ЭТФ кафедрасынын окутуучусу А.Орозбаева катышып, "Физика-математика илиминдеги мамлекеттик тилдин орду" деген темада баяндама жасады. Катышуучулар тарабынан жасалган баяндама кызуу талкууланып, баяндамада сунушталган сунуштар жактырылды.



Астанада илимий конференция

ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент М.Ч. Осконбаев Астана шаарындагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде өткөн катуу телолордун физикасы боюнча өткөн XV эл аралык конференцияга катышып, илимий баяндама жасап келди. ЭТФ кафедарасынын профессору, ф.-м.и.д., проф. Ы. Ташполотовдун окуучулары менен жазган илимий баяндамасы жарык көрдү. “ Техникалык физика” кафедрасы менен 510400 “физика” багытындагы магистратураны даярдоодо кош дипломдуулук боюнча жогоруда аты аталган ЕНУ менен келишимин түзүп келди. Иш чара 2022-жылдын 8-10-декабрында Астана шаарында өттү.



Илимий иш сапар!


2018-жылдын 20- , 21-апрель күндөрү кафедранын кафедра башчысы, ф.-м.и.д., профессор Б.Арапов, доцент М.Ч. Осконбаев жана аспиранттар А. Садыкбекова жана А. Орозбаевалар Захриддин Мухаммад Бобур атындагы Андижан мамлекеттик университетинин техника илимдеринин доктору, профессор Алиев Райимжон Усмановичтин 60-жылдык юбилейине арналган “Яримутказгичлар физикасининг ва кайта тикланувчи энергия манбаларини ривожлантиришнинг замонавий муаммолари” деген аталыштагы Эл аралык илимий конференцияга катышып, илимий баяндама жасап, активдүү катышкандыктары үчүн сертификат менен сыйланып кайтышты. Аны менен бирге, эки өлкөнүн профессордук-окутуучулары илимий багытта мындан ары да тыгыз байланышта болуп, көп ийгиликтер жаратаарын сүйлөшүштү. ОшМУдан мобилдүүлүк боюнча барган студенттер менен жолугушуп, маек курушту.


Эл аралык конференцияда

2023-жылдын 28-30-сентябрында ЭТФ кафедрасынын профессору Ы. Ташполотов жана кафедра башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев Өзбек Республикасындагы Фергана политехникалык институту уюштурган Эл аралык VI-илимий конференцияга катышып, пленардык жыйында баяндамаларды жасап келишти.


АнГУда эл аралык конференция

“Энергиянын альтернативдүү булактары жана алардын келечеги. Жарым өткөргүчтүк опто жана наноэлектроника”- деген аталыштагы эл аралык конференция Андижан мамлекеттикуниверситетинде өттү. ЭТФ кафедрасынaн профессору Ы. Ташполотов, кафедра башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев, улук окутуучу А. Орозбаева жана ЭТФ кафедрасынын аспирантты Т. Ибраимов илимий конференцияга катышып, профессор Ы. Ташполотов жана доцент М.Ч.Осконбаев пленардык отурумда илимий баяндама жасашты. Профессор Ы.Ташполотов программалык комитетке , ал эми доцент М.Ч. Осконбаев уюштуруу комитетинде мүчө болуп программага киргизишти. Илимий конференция 12-13- октябрда (2023-ж) АнГУда өттү.


Илимдеги аялдар жана инновациялык билим берүү конференциясы.

2023-жылдын 16- ноябрь күнү Бишкек шаарында "Илимдеги аялдар жана инновациялык билим берүү" Борбордук Азиялык форумга ЭТФ кафедрасынын доценти Каденова Батмакан Ажимаматовна илимий иш сапар менен барып катышып келди. Форумда "Илимдеги аялдар- өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү " аттуу китеп- каталогдун бет ачаар кечеси болуп өттү. Бул китепке республикабыздын 100 дон ашык окумуштуу аялдары киргизилген. Форумда Кыргызпатенттин директору Керимбаева Рахат, Ага Хан фондунун жетекчиси Давлатсултон Доргобекова ж.б. куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү, пленардык баяндамалар, секция боюнча баяндамалар угулуп, кызыктуу талкуу жүргүзүлдү жана жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.


Ферганага сапар.
2023-жылы 23-январда Эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын профессору Ысламидн Ташполотов Фергана политехника институтуна 1-күндүк илимий-өндүрүштүк сапарга барып келди. Сапар учурунда профессор Сыражидин Фаязович Эргашев менен жолугушуп политехника институтунун технологиялык паркы менен жакындан таанышты. Бул институтун өзгөчөлүгү илимий изилдөө иштерине жакшы шарттарды түзүү(Жаңы жабдыктар менен жабдылган илимий лабораторияларды ар түрдүү багыттар боюнча түзүүнүн аракетинде) менен анын жыйынтыктарын технологиялык паркта өндүрүштүк деңгээлге чейин жеткирип жатышкандарында, б.а. өндүрүштүк буйрутмалар боюнча технологиялык паркта 3-D технолгияны колдонуу менен моделди даярдап андан ары керектүү деталды толугу менен жасашып буйрутма берүүчүгө тапшырып жатканында болуп саналат. Бул паркта магистранттар, PhD докторанттар иштешет экен. PhD-доктаранттардын стипендиясы 500 америка доллар болгону менен катар, алар буйрутмалар боюнча иштеп тапкан каражаттын эсебинен дагы кошумча айлык алышат. Бугункү күндө института толук мүмкүнчүлүккө ээ болгон полиграфия борбору, кийим тигүү цехи, курулуш материалдарын изилдөөчү жана чыгаруучу цех, мебелдик цех, металлургия цехи, микро-ГЭСтерди(Өзбек Республиканын өкмөтү 50 мкро-ГЭСин жасоого буйрутма беришкен)жана күн батерияларынын жардамында иштөөчү светофорду жасоочу участок ж.б. иштөөдө.

Бул сапардын дагы бир негизги максаты “Сайкал” жеке ишканасы менен жакындан таанышып келүү болучу. Бул ишкананын Ташкент шаарында 2 фирмасы, Фергана шаарында 3 ишканасы иштеп жаткан жана 8-дей инновациялык продукцияларды жана ошондой эле инновациялык эмес продукцияларды да чыгаруучу ишкана экен. Кээ бир продукцияларын СНГ мамлекеттеринде жалгыз ушул гана ишкана өндүрөт. Биз барганда бир ишканасында чыгарып жаткан продукциясына Туркиядан буйрутма түшкөн. Мына ушул буйрутманы аткаруунун үстүндө иштеп жатышыптыр. Алар менен болгон сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болду. Байланышты алар менен улантуу менен бирдикте тереңдетебиз деген ойдобуз.


Илимий иш сапар!
ОшМУнун физика-техника факультетинин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор Б. Арапов жетектеген делегация: профессор Ы. Ташполотов, доценттер Э. Садыков, М.Ч. Осконбаев, доцент м.а. Т. Матисаков жана аспирант А. Орозбаевалар Өзбекстандын Фергана областынын Фергана политехникалык институтуна IV Эл аралык илимий конференцияга барып, илимий доклад жасап кайтышты.