Билим берүү программалары

Даярдоонун багыттарынын жалпы мүнөздөмөсү

Теология - 531600 даярдоо багыты боюнча төмөнкүлөр ишке ашырылат:

- бакалаврларды даярдоо боюнча жалпы кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасы;

- магистрлерди даярдоо боюнча жалпы кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасы (ЖКББ НББП).

Бакалаврларды даярдоо боюнча ЖКББ НББПны толугу менен өздөштүргөн жана белгиленген тартипте мамлекеттик жыйынтык аттестациясынан ийгиликтүү өткөн жождордун бүтүрүүчүлөрүнө "бакалавр" деген академиялык даражасын ыйгаруу менен жогорку билими тууралуу диплом берилет.

Магистрлерди даярдоо боюнча ЖКББ НББПны толугу менен өздөштүргөн жана белгиленген тартипте мамлекеттик жыйынтык аттестациясынан ийгиликтүү өткөн жождордун бүтүрүүчүлөрүнө "магистр" деген академиялык даражасын ыйгаруу менен жогорку билими тууралуу диплом берилет.

Күндүзгү окуу формасындагы жалпы орто же кесиптик орто билим базасында Теология- 531600 бакалаврларды даярдоодо ЖКББ НББПны өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү - 4 жылдан кем эмес.

Бакалаврларды даярдоодогу ЖКББ НББПны өздөштүрүүнүн жалпы эмгек сыйымдуулугу 240 тан кем эмес кредитке (зачеттук бирдикке) барабар.

Күндүзгү окуу формасы боюнча окуу жылындагы ЖКББ НББПнын эмгек сыйымдуулугу 60 тан кем эмес кредитке (зачеттук бирдикке) барабар.

Бир окуу семестринин эмгек сыйымдуулугу 30 кредитке (зачеттук бирдикке) барабар.

Бир кредит (зачеттук бирдик) студенттин окуу ишинин 30 саатына барабар (анын ичинде анын аудиториялык, өз алдынча иштери жана аттестациянын бардык түрлөрү).

Теология- 531600 багыты боюнча даярдоодо бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн мейкини төмөнкүлөрдү камтыйт:

- жалпы орто билим берүү жана кесиптик орто билим берүү мекемелерин (орто мектептер, лицейлер, гимназиялар ж.б.);

- жогорку билим берүү, маданият жана ММКлардын мекемелерин, диний маселелер менен байланышкан академиялык жана илим-изилдөөчү уюмдарын, диний бирикмелер менен алакалашкан мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерин.

Теология -531600 багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик обьектилери болуп :

-жалпы орто жана кесиптик орто билим берүүнүн окуучуларын окутуу;

- окуу процессинде уюштуруучулукту, технологиялык коштоо жана консультациялык иштерди камсыздоо;

- музей экспонаттарын иреттештирүү, мүнөздөмөлөө жана экскурсияларды өткөрүү;

- китепканалардагы жана архивдеги диний жана дин таануу боюнча материалдарды жана адабияттарды каталогдоштуруу,

- дин боюнча материалдарды анализден өткөрүү аркылуу ММКларда консультациялык кенеш көрсөтүү жана басылмаларга материалдарды берүү;

- басмаканаларга диний жана дин таануучулук боюнча адабияттарга жалпы жана илимий редакциялык жардамдашуу;

- мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүнүн чегинде диний уюмдар менен иш алып баруу.

Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмерд үүл үг үн үн түрлөрү:

- илимий-изилдөөчүлүк;

- педагогикалык;

- уюштуруучулук-башкаруучулук.