Студенттер жана магистранттарга
                                                                                 МАГИСТРАТУРАНЫН ТАРЫХЫ

      ОшМУ менен Туркия Дианет фондунун ортосундагы келишимге ылайык теология факультетин ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр 1998-жылдан бери Туркия мамлекетинин Анкара университетинде магистратурада билимдерин улантып келишет. Алгачкы магистранттар 2001-жылы магистратураны аяктаган. Азыркы мезгилге чейин 30дан ашык бүтүрүүчү магистратурада окуп, магистр даражасына ээ болушкан. Ал эми 20 магистр кайрадан докторантурада билимдерин өркүндөтүшүп, диндер тарыхы, келам, тефсир, ислам агымдар тарыхы, ислам тарыхы, хадис, ислам укугу, дин педагогикасы, дин философиясы, дин социологиясы багыттары боюнча диссертацияларын жактоо менен теология адистиги боюнча илимий даражага ээ болушту.

      2014-2015-окуу жылынан баштап КРнын билим берүү жана илим министрлигинин 531600 «теология» адистиги боюнча магистрлерди даярдоого окуу ишмердигин жүргүзүүгө берилген укугунун (лицензиянын) негизинде магистратурага кабыл алуу жана окутуу ОшМУда жүргүзүлүүдө.
      Магистратурага тапшыруу үчүн абитуриент тиешелүү багыт же тектеш адистик боюнча “бакалавр” академиялык даражасы же “адис” квалификациясы ыйгарылган жогорку кесиптик билимге ээ болушу керек.
      Магистратураны ийгиликтүү аяктаган жана магистрдик диссертацияны коргогон магистранттарга “магистр” академиялык даражасы ыйгарылат жана мамлекеттик үлгүдөгү магистрдин диплому берилет.

                                                Теология адистиги боюнча магистр даражасына ээ болгон бүтүрүүчүлөр

· Орто жана жогорку окуу жайларда дин таануу, диндер тарыхы, дин психологиясы сыяктуу предметтерден сабак бере алышат.
· Мамлекеттик коопсуздук мекемелеринде экстремисттик секталардын ишмердүүлүгүнүн алдын алуу боюнча аналитикалык иштерди алып баруучу адис катары иштей алышат. · Коомдук уюмдарда жана массалык-маалымат каражаттарында динге байланышкан маселелерде эксперттик баа жана консультация берүүчү адис катары иштей алышат.
· Илим-изилдөө мекемелеринде, китеп басмаканаларында, массалык маалымат каражаттарында диний тексттерге редактор, котормочу болуп иштей алышат.
· Динге байланыштуу мамлекеттик жана коомдук структураларда (дин комиссиясы, муфтият, казыят ж.б.) иштей алышат.
· Окууну ийгиликтүү аяктаган магистрлер докторантурада билимдерин өркүндөтүшүп, диссертацияларын жактоо менен теология адистиги боюнча илимий даражага ээ болушат.
      «Теология» магистрдик программасынын жетекчиси философия илимдеринин доктору, доц.Ажимаматов З.К. жетектейт. Ал эми магистратура боюнча жооптуу милдетти факультеттин окуу бөлүм башчысы Кошубаева С. аткарат.