Маданий-массалык жана коомдук иштер

24-Ноябрь 2023-жыл.

24-Ноябрь 2023-жыл: БиМ факультеттинде Жогорку Кенештин депутаты Кокулов Эрулан Калчорович студенттер учун мотивациялык жолугушууга келип катышып берди.

Бул жолугушуу “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” кафедрасынын инициативасы жана «Бизнес жана менеджмент” факультетинин “Жаштар комитетинин” колдоосу менен уюштурулду.

Депутат Эрулан Калчороевич студенттерге дем беруучу мыкты сунуштарды айтуу менен аларды Кыргызстандын патриоттору болууга, мекенди сүйүүгө, кыргыз тилин баалоого чакырды. Студенттер өздөрүнө кызыктуу болгон суроолоруна жоопторду алышты.

Жолугушуу жогорку денгээлде өттү.


23-Ноябрь 2023-жыл.

2023-жылдын 14-ноябрында ОшМУнун БжМ факультетинде, КРдин Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругунун негизинде жарыяланган "Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы" аттуу мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында "Аалам алпы - Айтматов" аттуу иш-чара болуп өттү. Бул саамалыкка факультеттин 1-курсунун студенттери жогорку деңгээлде катышып беришти. Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү сахналык көрүнүштөр коюлуп, ыр-бий, көркөм окуулар менен коштолду.

Факультеттин китепканачылары Азиза, Элнура эжекелер тарабынан көргөзмө уюштурулду.

Иш-чаранын факультеттерде өткөрүлүшүн көзөмөлгө алып, жетекчилик кылган ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, п.и.к., доцент Шарипова Мастура Сайпидиновна, факультеттин деканы, э.и.к., доцент Исраилов Тимур Мурзабекович жана ФАКТкафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Каразакова Зувайда Жамиловна агай-эжейлерибиз катышып, уюштуруучулар улук окутуучу Ръана Шаимкулова жана Рахат Бекмуратова эжекелерге ыраазычылык билдиришип, студенттерге дайыма көркөм чыгармаларды окуп жүрүүнү сунушташты.


17-Ноябрь 2023-жыл.

ОшМУнун БжМ факультетинде 17-Ноябрь "Эл аралык студенттер күнүнө" арналган "Студенттик күндөр керемет" аталышында майрамдык иш-чара болуп өттү.

Урматтуу, кымбаттуу жана сүйүктүү биздин студенттерибиз!!!

Сиздерди 17-ноябрь Эл аралык студенттер күнү менен куттуктайбыз. Сиздер Кыргызстандын келечеги, сиздер мамлекетибизди алдыга сүрөөчү, биздин жолду улоочулар катары ар дайым бар болуңуздар. Окууда дайым ийгилик коштосун. Келечегиңиздер кең болсун.

Майрамыңыздар менен!!!