Илимий изилдөө иштери
2019-2020 жана 2020-2021-окуу жылында Табият таануу жана география факультетинин магистратурасында табигый илимдери: 520100 “Химия”, 520200 “Биология”, 520400-“География”, педагогикалык: 550100 “ Табигый илимий билим берүү (профиль биология)”, тейлөө чөйрөсү 600200 “Туризм” багыттардагы магистрантар ар тараптуу илим чөйрөсүндө катышып келүүдө.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ

ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ГЕОГРАФИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

“АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ, САНАРИПТЕШТИРҮҮ, БАЛДАРДЫ КОРГОО ЖЫЛЫНА ЖАНА ОШМУНУН 80 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙИНЕ” КАРАТА УЮШТУРУЛГАН “ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕРДИН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮКТӨРҮН ЖОГОРУЛАТУУДАГЫ АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕР” АТТУУ ИЛИМИЙ ЖУМАЛЫКТЫ ӨТКӨРҮҮҮНҮН

ИШ ПЛАНЫ

2020-жыл

Табият таануу жана география факультетинде 2020- жылынын 24-28-апрель күндөрү “Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, балдарды коргоо, жылына жана ОшМУнун 80 жылдык юбилейине” карата “Табигый илимдердин эффективдүүлүктөрүн жогорулатуудагы актуалдуу маселелер” аттуу илимий жумалык болот.

1. 24.04.2020-жыл саат 13:00. БАЗда “Илим жумалыгынын” ачылышы

Табият таануу жана география факультетинин деканы, г.и.д., профессор Низамиев Абдурашит Гумарович факультеттин жамаатын жана студенттерди илим жумалыгы менен куттуктоосу.

Илим жумалыгынын ачылышында эки илимий баяндама болот:

1. Учурдагы ТТГФнин эл аралык жана абройлууWeb of Science, Scopus, Google Scholar, Digital Object Identifie (DOI), (РИНЦ, РИНЦ ядро) индекстүү ИФ илимий журналдарына жарыяланган макалалары жана индекс Хиршаларынын абалдары (баяндамачы: б.и.к., доцент Молдалиев Ж.Т.).

2. Айыл- чарбанын жана ветеринариянын өнүгүүсүнүн Кыргызстандагы абалы (баяндамачы: айыл.ч.и.д., профессор Абдурасулов А.Х.)

3. Факультеттин илим жумалыгына карата студентер тарабынан чакан концерттик программасы.

ТТГФДЕГИ 6 КАФЕДРАНЫН ИЛИМИЙ ЖУМАЛЫКТАРЫ ИЛИМИЙ БАГЫТТАРЫ (СЕКЦИЯЛАРЫ)

24 - апрель. Саат 1400.

БАЗда Жалпы химия жана химико-экологиялык, криминалистикалык экспертиза жана Физколлоиддик, аналитикалык, органикалык химия жана химиялык технология кафедраларынын биргеликтеги илим жумалыгы өткөрүлөт

Ачылышында х.и.д., профессор Д.Т. Алтыбаеванын куттуктоо сөзү.

Жалпы химия жана химико-экологиялык, криминалистикалык экспертиза жана Физколлоиддик, аналитикалык, органикалык химия жана химиялык технология кафедраларынын профессордук-окутуучуларынын, студенттеринин жана магистранттарынын илим жумалыктагы илимий баяндамалары.

1. Зардалы кениндеги нефилин сиенитинен глиноземду алуу

(баяндамачы: т.и.д., профессор Абдуллаева М.Д.)

2. Электроэрозиялык метод менен татаал карбиддерди алуу

(баяндамачы: х.и.к., доцент Абдулазизов Т.А.).

3. Кыргызстандагы өскөн дары-дармек өсүмдүктөрүнүн химиялык курамын изилдөөнүн поблемалары (баяндамачы: х.и.к., доцент Кенешов Б.).

4. Окутуучулар, магистранттар жана студенттер.

25 - апрель. Саат 1300. 222-аудитория

Физикалык география, колдонмо геодезия жана табият таануу концепциясы жана Экономикалык, социалдык жана саясий география кафедраларынын илим жумалыгы өткөрүлөт

Ачылышында г.и.д., профессор К.Матикеев куттуктоо сөзү.

Физикалык география, колдонмо геодезия жана табият таануу концепциясы жана Экономикалык, социалдык жана саясий география кафедраларынын профессордук-окутуучуларынын жана студенттеринин, магистранттарынын илим жумалыктагы илимий баяндамалары

1. Баткен областындагы табигый коркунучтуу кубулуштар (баяндамачы: г.и.к., доцент Сатыбалдыев Б.С.).

2. Кыргыз республикасынын түштүгүнүн туруктуу өнүгүү өзгөчөлүктөрү(баяндамачы: окутуучу Султанов Ж.М.)

3. Ош облусундагы улуу жибек жолунун туризмге таасири (баяндамачы: окутуучу Сарыков Р.Б)

4. Окутуучулар, магистранттар жана студенттер.

25 - апрель. Саат 1300. 324-аудитория

З о ология жана экология кафедрасы

Кафедра башчысы б.и.к., доцент Р.Т.Муратованын куттуктоо сөзү

З о ология жана экология кафедрасы нын профессордук-окутуучуларынын, студенттеринин, магистранттарынын илим жумалыктагы илимий баяндамалары

1. Түштүк Кыргызстанда ветеринариянын өнүгүү абалы

(баяндамачы: б.и.к., доцент Халмурзаев А.)

2. ОшМУнун “Агробиостанциясын” реконструкциялоо

(баяндамачы: б.и.к., доцент Каримов Б.А.)

3. Окутуучулар, магистранттар жана студенттер.

27 - апрель. Саат 1300. 313-аудитория

Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулу кафедрасы

Кафедра башчысы п.и.к., доцент Д.А.Эмилбекованын куттуктоо сөзү.

Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулу кафедрасынын профессордук-окутуучуларынын, студенттеринин, магистранттарынын илим жумалыктагы илимий баяндамалары

1. Кыргызстандагы структуралык ботаниканын өнүгүшү жана абалы (баяндамачы: б.и.д., профессор Тажибаев А.)

2. Кулун –Ата коругунун сууларынын флорасы

(баяндамачы: б.и.д., профессор Каримова Б.К.)

3. Флора водорослей почвенного слоя чеков рисовых полей Узгенского района (баяндамачы: Исраилова Г. С.)

4. Окутуучулар, магистранттар жана студенттер.

28-апрель. Саат 1300. 208-аудиторияда табият таануу жана география факультетинин бардык кафедралар менен биргеликте жыйынтыктоо

Табият таануу жана география

факультетинин деканы, г.и.д., профессор: Низамиев А.Г.

Илимий иштер боюнча декандын

орун басары, б.и.к., доцент: Молдалиев Ж.Т.

Табият таануу жана география факултетинин илимий иштери боюнча декандын орун басары Молдалиев Жоомарт Тумаковичтин 2020-жылында 28-30-апрель аралыгына пландалган онлайн илим жумалыгы боюнча отчету

ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинде 2020-жылдын 28-30-апрель аралыгына пландалган “Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, балдарды колдоо жылына жана ОшМУнун 80 жылдык юбилеине карата уюштурулган табигый илимдердин эффективтивдүүлүктөрүн жогорулатуудагы актуалдуу маселелер” аттуу онлайн илим жумалыгы болду.

I. 2020-жылдын 28-апрелинде саат 13:00 ТТГФде “Илим жумалык” онлайн (Zoom) платформа программаларынын жардамында башталды. ТТГФнин 63 окутуучу профессордук курам (ОПК) катышты. Ачылышын Табият таануу жана география факультетинин деканы, г.и.д., профессор Низамиев Абдурашит Гумарович ТТГФнин ОПК жамаатын жана магистранттарды студенттерди илим жумалыгы менен куттуктап илимий жумалыкты ачып берди.

Илим жумалыгынын ачылышында эки илимий баяндама болду

1. Кыргызстандын түштүгүндөгү мал чарбасынын өнүгүү абалы

(баяндамачы: айыл.ч.и.д., профессор Абдурасулов Абдугани Холмурзаевич)

2. Учурдагы ТТГФнин эл аралык жана абройлуу Web of Science, Scopus, Google Scholar, Digital Object Identifie (DOI) , (РИНЦ, РИНЦ ядро) индекстүү ИФ илимий журналдарына жарыяланган макалалары жана индекс Хиршаларынын абалдары (баяндамачы: б.и.к., доцент Молдалиев Жоомарт Тумакович) видеоматериалдар, илимий баяндамалар тиркелет.

II. 28 - апрель. Саат 1400. Жалпы химия жана химико-экологиялык, криминалистикалык экспертиза жана Физколлоиддик, аналитикалык, органикалык химия жана химиялык технология кафедраларынын биргеликтеги илим жумалыгы онлайн уланды.

Конференцияга катышуучулардын саны - 37

Кыргыз республикасынын илим жана техника багытындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, х.и.д., профессор Алтыбаева Дильбара Тойчуевна жана т.и.д., профессор Абдуллаева Майрам Дукуевна илим жумалыктагы конференциянын катышуучуларын куттукташты.

Илим жумалыкты модератор т.и.к., доцент Полотов Ибраим Жеңишбекович алып барды.

Төмөндөгү илимий баяндамалар угулду

1. Кыргызстандын түштүгүндөгү минералдык ресурстарды керамика өнөр жайынын сырьесу катарында изилдөө (баяндамачы: т.и.д., профессор Абдуллаева Майрам Дүкүевна).

2. Кыргызстанда өскөн өсүмдүк түрлөрүн химиялык изилдөөнүн жыйынтыктары (баяндамачы: х.и.к., доцент Кеңешов Бакыт Маматакимович).

3. Биометалдардын туздарынын нитроксалин менен болгон координациялык бирикмелерин синтездөө жана касиеттерин изилдөө (баяндамачы: 2-курс, химия магистри Абдиллаева Акмарал Абдиллаевна. Илимий жетекчиси х.и.к., доцент Сапаров Кубаныч Кармышакович).

4. Ferula jeaskeana өсүмдүгүнүн кумариндери жана татаал эфирлери (баяндамачы: 2-курс химия магистри Неьматилла кызы Гулнара. Илимий жетекчиси х.и.к., доцент Кеңешов Бакыт Маматакимович).

5. Химиялык калыбына келтирүү методу менен жездин нанобөлүкчөлөрүнүн туруктуу гидрозолдорун алуу (баяндамачы: 2-курс химия магистри Абдусатарова Шахноза Анваровна. Илимий жетекчиси х.и.к., доценттин милдетин аткаруучу Орозматова Гүлнур Тынчылыковна).

6. Мономерные катехины околоплодника растения Jugnals regia произрастающих в Узгенском районе. (докладчик: 1-курс магистр химии Жунусалиева Элиза Жунусалиевна. Илимий жетекчиси х.и.к., доцент Кеңешов Бакыт Маматакимович).

Химия багыты боюнча илимий жумалык талкууланып жыйынтыкталды (видеоматериалдар, докладдар тиркелет).

III. А. 29 - апрель. Саат 1300. Физикалык география, колдонмо геодезия жана табият таануу концепциясы жана Экономикалык, социалдык жана саясий география кафедраларынын илим жумалыгы онлайн өткөрүлдү.

Конференцияга катышуучулардын саны-51

Алар: ОшМУнун жетекчилигинен катышкан коноктор, «География» бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамы, магистранттар жана студенттер катышты.

1. «География» бөлүмүнүн башчысы г.и.к., доцент Э.К.Алайчиевдин куттуктоо сөзү.

2. «Физикалык география, колдонмо геодезия жана ТТК» кафедрасынын башчысы г.и.к., доцент З.Э.Шербаеванын куттуктоо сөзү.

3. «Экономикалык география жана эл аралык туризм» кафедрасынын башчысы г.и.к., доцент К.Т.Самиевдин куттуктоо сөзү.

Төмөндөгү илимий баяндамалар угулду.

1. Баткен областындагы табигый коркунучтуу кубулуштар (баяндамачы: г.и.к., доцент Сатыбалдиев Байсал Салиевич).

2. Кыргыз Республикасынын түштүгүнүн туруктуу өнүгүү өзгөчөлүктөрү (баяндамачы: ага окутуучу Султанов Жанарбек Маматкулович).

3. Ош облусундагы Улуу Жибек жолунун туризмге таасири (баяндамачы: окутуучу Сарыков Рысбек Базарбаевич)

4. Орто кесиптик колледждерде география предметин окутууда студенттердин экологиялык маданияттулугун калыптандыруу (баяндамачы: улук окутуучу Зулушова Акылай Токторалиевна)

5. Кыргызстандагы курулуш технологияларынын өнүгүүсүнүн экологиялык аспекттери (баяндамачы: ага окутуучу Камчиев Улан Мансурович)

6. Сактар доору Кыргыз доорунун башталышы (баяндамачы: окутуучу Аташбаев Актилек Мелисбекович)

7. Фергана жана Алай тоолорунун урунушкан аймагындагы кооптуу процесстер жана алардын алдын алуу жолдору (баяндамачы: окутуучу Шаимкулова Роза Раимбердивна)

8. Кытайдын металлургия тармагынын мүнөздөмөсү (баяндамачы: Ражап кызы Үмүтай магистрант. Жетекчиси: г.и.д., профессор Низамиев Абдурашит Гумарович)

9. Зергер жана Кара-Дарыяларынын алабындагы экзодинамикалык процесстер жана алардын алдын алуу жолдору (баяндамачылар: Алмазбекова Каныкей., Мамырбекова Айзирек магистранттар. Жетекчиси: г.и.к., доцент Сатыбалдиев Байсал Салиевич)

10. Кыргызстандагы шаар калкынын калыптануусу жана учурдагы маселелер (баяндамачылар: Шергазыева Жазгүл, Эмилбек кызы Айзада магистрантар. Жетекчиси: г.и.к., доцент Алайчиев Эрнст Каныбекович)

11. Гид экскурциялык иштерди уюштуруунун актуалду проблемалары (баяндамачы: Марат уулу Нуристан магистрант. Жетекчиси: г.и.к., доцент Самиев Калыбек Тартаңкушович)

12. Туризмди негизги түшүнүктөрү жана мектепте калыптандыруу (баяндамачы: Ташбаев Султан магистрант. Жетекчиси: г.и.к., доцент Самиев Калыбек Тартаңкушович)

13. Кыргызстандагы жер көчкү процесстеринин негизги мыйзам ченемдүүлүктөрү (баяндамачы: Шербаев Манас магистрант. Жетекчиси: г.и.к., доцент Аккулов Абжапар Ураимович)

14. Кыргызстандагы кен байлыктарды иштетүүдөгү экологиялык проблемалар (баяндамачы: Бекмамат кызы Бегимай ГК-1-16 т, студенти. Жетекчиси: улук окутуучу Зулушова Акылай Токторалиевна)

15. Геодезические разбивочные работы (баяндамачы: Абдувахид уулу Абдумалик ПГ-1-16 т, студенти. Жетекчиси: т.и.к., доцент Абжапарова Динара Амалбековна)

16. Касиеттүү Сулайман-Тоону коргоо ыйык жана милдеттүүбүз (Жыргалбек уулу Амантур ГК(б)-1-19 т, студенти. Жетекчиси: улук окутуучу Зулушова Акылай Токторалиевна). Видеоматериалдар, докладдар тиркелет.

III. Б. 29 - апрель. Саат 1300. Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулу кафедрасы илим жумалыкты онлайн өткөрдү.

Конференцияга катышуучулардын саны - 30

Илим жумалык кафедра башчысы п.и.к., доцент Эмилбекова Динара Арынбаевнанын куттуктоосу менен башталды. Сөз ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Анарбаева Гулжамал Маматовнага берилди, ал куттуктап илимде чоң жоготуу болгонун белгилеп б.и.д., профессору Б. Каримованы эскерип “Профессор Б. Каримова атындагы өсүмдүктөрдүн биоартүрдүүлүгү окуу-илимий лабораториясы” боюнча сөз сүйлөдү.

Төмөндөгү баяндамалар угулуп талкууланды

1. Кыргызстандагы структуралык ботаниканын өнүгүшү жана абалы (баяндамачы: б.и.д., профессор Тажибаев Акынбек.)

2. Өзгөн районунун күрүч талааларынын топурак катмарындагы балырлар флорасы (баяндамачы: б.и.к., окутуучу Исраилова Гүлбарчын Салимовна)

3. Спорт дүйнөсүндөгү чет элдик терминдердин кыргызча чечмеленишин жана колдонулушун анализдөө (Баяндамачы: ага окутуучу Кулуев Бакытбек)

4. Ош шаарында төрөгөн энелердин сүтүнөн, ымыркайлардын заарасынан «С» витаминди жана сүттүн фазалык курамын изилдөө (баяндамачы 2-курс, биология магистри Жумакадырова Назгул Асылбековна. Илимий жетекчиси б.и.к., доцент Молдалиев Жоомарт Тумакович).

5. Сулайман тоонун жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөрү (баяндамачы 2-курс, биология магистри Абдимиталип кызы Динара. Илимий жетекчиси б.и.д., проф. Тажибаев Акынбек).

6. Сулайман тоодогу жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөрдөгү сезондук кубулуштарды изилдөө (баяндамачы 2-курс, биология магистри Раимберди кызы Майрамкан. Илимий жетекчиси б.и.д., проф. Тажибаев Акынбек).

7. Кочкор-Ата шаарындагы № 19 минералдык термалдык, суунун химиялык курамы жана анын организмге тийгизген таасири (баяндамачы 2-курс ТИББ, биология магистри Ниязова Нагима Бектемировна. Илимий жетекчиси б.и.к., доцент Молдалиев Жоомарт Тумакович).

8. Төө Моюн аймагындагы кээ бир дары өсүмдүктөрдүн биологиясы (баяндамачы 2-курс, биология магистри Жапарова Жумагул Кочконбаевна. Илимий жетекчиси б.и.д., проф. Тажибаев Акынбек).

9. Ош шаарындагы бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган студенттерди заарасынын көрсөткүчтөрүн изилдөө (баяндамачы 1-курс, биология магистри Асомидинов Каныбек Михидинович. Илимий жетекчиси б.и.к., доцент Молдалиев Жоомарт Тумакович).

10. Мөмө-жемиштердин химиялык курамын изилдөө (баяндамачы: ХБ (б)-1-16-тайпасынын студенти Муса кызы Айпери. Илимий жетекчиси б.и.к., доцент Молдалиев Жоомарт Тумакович). Илим жумалык талкууланып жыйынтыкталды. Видеоматериалдар жок, докладдар тиркелет.

III. В. 29 - апрель. Саат 1400. Зоология жана экология, айыл-чарба кафедралары илим жумалыкты онлайн өткөрүлдү.

Конференцияга катышуучулардын саны – 15. Алар: кафедралардын мүчөлөрү, магистранттар жана студенттер.

Илим жумалык модератор б.и.к., доцент Көчкөнбаева Насира Асаналиевна тарабынан алып барылды.

Сөз кафедра башчыларга берилди, б.и.к., доцент А.М. Абдыкааров, жана б.и.к., доцент Р.Т. Муратовалар “Илим жумалык” күнү менен куттукташты.

Төмөндөгү баяндама угулуп талкууланды

1. Айыл чарбанын жана ветеринариянын өнүгүүсүнүн Кыргызстандагы абалы (баяндамачы: б.и.к., доцент Халмурзаев Абдирашит Назирбекович) деген темада доклад жасады.

Илим жумалык талкууланып жыйынтыкталды. Видеоматериалдар, докладдар тиркелет.

IV. 30-апрелде Табият таануу жана география факультетинин бардык кафедра башчылары, программа жетекчилери менен биргеликте онлайн жыйынтыктоо өткөрүлдү.

Талкууга Табият таануу жана география факультетинин деканы, г.и.д., профессор А. Г. Низамиев жана илимдин докторлору: г.и.д., профессор Матикеев К. М., б.и.д., профессор Тажибаев А., х.и.д., профессор Алтыбаева Д.Т., айыл.ч.и.д., профессор Абдурасулов А.Х., т.и.д., профессор Абдуллаева М.Д. Илимдин кандидаттары, доценттери: х.и.к., доцент Мамытов Т.А., х.и.к., доцент Кенешов Б.М., т.и.к., доцент Полотов И.Ж., х.и.к., доцент Абдулазизов Т.А., г.и.к., доцент Алайчиев Э.К., г.и.к., доцент Сатыбалдыев Б.С., г.и.к., доцент Самиев К.Т., г.и.к., Шербаева З.Э., п.и.к., доцент Эмилбекова Д.А., б.и.к., доцент А.М. Абдыкааров, б.и.к., доцент Муратова Р.Т., б.и.к., доцент Каримов Б.А., б.и.к., доцент Стамалиев К.Ы., айыл. ч.и.к., доцент Халмурзаев А., б.и.к., доцент Молдалиев Ж.Т. ж.б. ТТГФнин окутуучу профессордук курамдар өз ойлорун айтып, илим жумалыгынын иш аракеттерин, учурдагы эл аралык жана абройлуу Web of Science, Scopus, Google Scholar, Digital Object Identifie (DOI) , (РИНЦ, РИНЦ ядро) индекстүү имфакт факторлору (ИФ) бар илимий журналдарына жарыяланган макалаларды жана индекс Хиршалардын абалдарын илимий баяндамалардын сапатын талкуулашты.

Илим жумалыктын жыйынтыгында Кыргыз республикасындагы кырдаалды эске алуу менен бүтүрүүчү бакалавр студенттеринин жана магистранттардын илим жумалыктагы жасаган баяндамалары канааттандыраарлык деп табылып, темаларын толуктоолор менен апробациядан өткөрүү жөнүндө жана илимий докладдарын баяндаган окутуучуларды, магистранттарды жана студенттерди (диплом, грамота жана сертификаттар менен) сыйлоо боюнча сунуштар кабыл алынды.

Факультеттин Окутуучу профессордук курамы жана катышуучулары илим жумалыктын жакшы уюштурулуп өткөндүгүн белгилешти. Өткөрүлгөн иш-чаранын видеоматериалдарды, фотоотчётторду сайтка жайгаштыруу сунушталды.

Эскертүү: ТТГФнин илим жумалык 2020- жылынын 24-28-апрель күндөрү өтүлүшү керек эле. Бирок ТТГФнин админ кеңешинин чечими менен 28-30-апрель аралыгына жылдырылды.

Табият таануу жана география

факультетинин деканы, г.и.д., профессор: Низамиев А.Г.

Илимий иштер боюнча декандын

орун басары, б.и.к., доцент: Молдалиев Ж.Т.