Магистратуранын артыкчылыктары

Магистратурада билим алуунун өзгөчөлүгү эмнеде?

1. Магистратурада окутуу европалык билим берүү моделинин негизинде адистик компетенттүүлүктү өстүрүүгө багытталгандыктан, эки жылдык программадан өткөн магистрант - тиешелүү жалпы кесиптик, башкаруучулук, маданий жана коомдук компетенцияларга ээ болот.

2. Магистратурада окутууда негизинен өз алдынча анализдөө, ойлонуу чеберчилигин арттырууга жана заманбап илимий технологияларды пайдаланып илимий изилдөө иштерин жүргүзөө билүүгө көңүл бурулуусу шарт. Ошондуктан аудиториялык сааттардын көлөмү жумасына 24-28 сааттан ашпайт.

3. Лекциялар окуу процессинин 20-30% гана түзүп, аларга алдыңкы окутуучулар: тиешелүү багыттарда илим менен активдүү шугурланган илимдин докторлору, профессорлор жана мыкты адис-практиктер тартылат.

4. Магистрлерди даярдоодо негизги орун илим-изилдөө иштерине берилет (36-50 кредиттке чейин). Мында тиешелүү багыттарды бекитилген темалар боюнча иш алып барып жаткан илимий мектептердин, кафедралардагы илимий лабораториялардын жана кайсыл бир ишканалардын илимий борборлорунун базаларын пайдаланууга болот.

5. Магистранттарда тиешелүү компенттүүлүктөрдү калыптандырууну ишке ашыруу үчүн окуу процессинде сабактарды өтүүнүн түрдүү жолдору, интерактивдүү, активдүү формалары кеңири сунушталат. Атайын адистерди, профессорлорду чакыруу практикаланат. Магистранттарды илимий конференцияларга, семинарларга, төгөрөк столдорго, түрдүү дискуссияларга, тренингдерге катыштыруу пландаштырылат.

6. Бул илимий карьеранын башаты гана эмес, жетекчилик кызматтарга жана престиждүү жумушка орношуудагы негизги конкуренциялык артыкчылык.

7. Тандап алган илимий чөйрөсү боюнча тереңдетилген билим алуу.

8. Илимий-изилдөөчүлүк иши менен алектенүү мүмкүнчүлүгү.

9. Стажировка, практика өтүү жана илимий-изилдөө орду эске алынган жекече окуу планын тандоого мүмкүндүк берген өздүк билим берүү траекториясын түзүү мүмкүнчүлүгү.

10. Магистрдик диссертация жазуудагы тажрыйба.

11. Магистранттар жогорку окуу жайларда, атайын орто окуу жайларында, лицейлерде жана орто мектептерде иштөө үчүн окутуучулук тажрыйба.

12. Магистр даражасына ээ болуу эмгек акынын жогорулашы жана жумушка орношуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет.

Магистрлердин профессионалдык иш-аракети болуп төмөнкүлөр эсептелет:
• уюштуруучулук-башкаруучулук;
• аналитикалык;
• проекттик-экономикалык;
• илимий-изилдөөчүлүк;
• илимий-педагогикалык.

“Илим Фестивалы” магистратура бөлүмүндөгү чоң долбоор (проект)

Мен оюмду мындай сөздөн баштагым келди, эгерде 1117-жылы жергиликтүү бир чиркөө, өзүнүн алдында чиркөө университетин (азыркы “Оксфорд” университети) ачпаганда Воловий Брод айылы кандай болмок. Албетте Университеттин алдындагы эң чоң бир милдет билим берүү болсо, экинчи милдети бул андан кем калышпаган - өзү жайгашкан чөйрөнү кошо өзгөртүү.

Биздин “Илим Фестивалынын” максаты жаштарга терең билим жана тарбия берүү менен аларды илимге кызыктыруу аркылуу коомду, чөйрөнү өнүктүрүүгө, экономиканы көтөрүүгө салым коштуруу, Өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүгүүсүнө багыт алуу. Ошентип биздин университеттик “Илим Фестивалыбыз” — бул магистранттардын өз алдынча ойлонуу, анализдөө чеберчилигин арттырууга жана заманбап илимий технологияларды пайдаланып илимий изилдөө иштерин жүргүзөө билүүгө үйрөтүүчү, алардын жалпы кесиптик, башкаруучулук, коомдук жана маданий компетенцияларын калыптандыруучу алдыдагы чоң долбоор. “Илим Фестивалынын” алкагында:

1. “Билимим, билгендерим, көргөндөрүм, көндүмдөрүм, компетенцияларым баа үчүн эмес, өзүмдүн жаркын, жакшы жашоом үчүн!”, - деген девиз менен магистранттардын окуу процессиндеги, илимий иштериндеги жетишкен ийгиликтеринин, ачык сабактарынын иштелмелеринин, (портфолиолору), чыгармачылыктарынын жеке көргөзмөлөрү ж.б. магистратура бөлүмдөрүндөгү жетишкендиктердин, магистранттардын илимий долбоорлорунун ярмаркаларын байма-бай өткөрүү;

2. Ар жылы өткөрүлүүчү “Жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү: гипотезалар, практикалык сунуштар, иштелмелер” аттуу илимий конференциясы алардын чыгармачылык идеяларынын, ойлоп табууларынын, өндүрүшкө практикалык сунуштарынын, гипотезалардын жана мыкты инновациялык иштелмелеринин, долбоорлорунун сынак (конкурстары) менен “Магистранттар дүйнөсүндө” аттуу ярмарка менен коштолмокчу. Мындай ярмарканын негизги максаты магистранттардын чыгармачылык менен иштөөсүн арттыруу, аларга шык, дем берүү менен аларды коомдогу кайсыл бир багыттагы көйгөйдү чечүүгө салымын коштуруу;

3. “Илимий ишембилик” – бул студенттер, магистранттар, жаш окумуштуулар үчүн практикаланып, негизги максаты жаштардын ой жүгүртүүсүн, билим, илим деңгээлин, маданиятын жогорулатуу. Илимий ишембиликтин алкагында илимдин түрдүү багыттары боюнча илимий–популярдык лекциялар, ачык сабактар, түрдүү форматтагы мастер-класстар, “брейн-ринг”, “квесталар”, алдыңкы окумуштуулар менен жолугушуулар жана учурдун көйгөйлүү маселелерине арналган айлампа пикир алышуулар жана илимий семинарлар, баарлашууларды байма-бай өткөрүү;

4. Негизги билим берүү стандарттарынын негизинде атайын иштелип чыгып, бекитилген магистранттардын практикаларынын программаларына ылайык маршруттук багыттарын тактоо жана тиешелүү уюмдар, ишканалар менен келишимдер түзүү, өтүү сапатын жогорулатуу, багыттоочу жана жыйынтыктоочу конференцияларды, көргөзмөлөрдү уюштуруу;

5. Тиешелүү бул же тигил багыттагы актуалдуу маселени изилдөө үчүн түзүлгөн илимий экспедициялар;

6. Магистранттарга, жаш окумуштууларга илимий иштерди аткарууда чет элдик гранттар менен иштөө, долбоор түзүү (fund rising) багытында иш алып баруу;

7. Тиешелүү колдонмо жана фундаменталдык багыттардагы илимдин актуалдуу багыттарын жана жергиликтүү көйгөйлөрдү изилдөөгө, чечүүгө арналган изилдөөлөр, илимий иштер жана бул багыттагы аткарылган иштердин натыйжасында өткөрүлүүчү илимий конференциялар, конференцияда угулган баяндамалар, материалдар талкууланып, чоң окумуштуулардын-эксперттердин талдоосунан өткөрүлөт, натыйжада сапаттуу илимий макалалар, ийгиликтүү корголгон магистрдик диссертациялар.

Фестивалдын милдети магистранттарды илимге тартуу аркылуу , аларды фундаменталдык, колдонмо багыттарындагы илимий изилдөөлөрүнөн алынган материалдары, натыйжалары тураалуу ой бөлүштүртүү, илимий талкууга катыштыруу, өз ойун бөлүшүүгө, көз карашын эркин айтууга жана коргоого үйрөтүү менен тиешелүү жалпы кесиптик, башкаруучулук, маданий жана коомдук компетенцияларын калыптандыруу.

Жалпысынан бул, жогоруда айтылган иш чаралардын негизги максаты – магистрлерди, студенттерди, жаш окумуштууларды окуусун бүтөөрү менен СНГ мамлекеттерине, чет өлкөлөргө кетүүдөн башка өнүгүү, өсүү жолду көрбөгөн коомдогу өзгөрүүлөргө, өнүгүү процессине кайдыгерликтен, кош көңүл мамиледен чыгаруу жана алар үчүн изилдөөлөрү туралуу кеңири ой бөлүшүүчү, ачык-айкын пикир алмашуучу чөйрөнү калыптандыруу, аларды инновациялык идеялар менен куралданган илимий долбоорлордун, идеялардын, сунуштардын, ойлоп табуулардын генераторлоруна, коомдун туруктуу өнүгүүсүнө өз салымдарын кошо турган активдүү граждандарга айландыруу.

Мына ошондуктан Илим Фестивалынын эшиги бир эле магистранттар үчүн эмес жаш окумуштуулар, практиктер, мугалимдер, студенттер үчүн да ачык.

Магистрдик программанын өзгөчөлүгү андагы илим изилдөө компонентинин көлөмүндө (б.а. 120 кр, 50 кр). Демек магистранттар илимий изилдөө иштерине активдүү катышуучу гана болбостон кайсыл бир илимий долбоордун аткаруучусу, жетекчиси болууга милдеттүү. Магистранттардын илимий изилдөөлөрдү аткаруудагы дагы бир өзгөчөлүгү алардын өз алдынча, максаттуу ой жүгүртүүсүндө жана чыгармачылык мамилесинде.

Албетте магистранттардын илимий иштерин аткаруусунда, илимий практикаларды сапаттуу өткөрүүгө багыт берүүдө жана тиешелүү Программаны ишке ашырууда - мыкты окумуштууларды, профессорлорду, дасыккан адистерди, профессордук-окутуучулук курамдын алдыңкыларын жетекчиликке тартуу тиешелүү факультеттердин декандарынын, кафедра башчыларынын, программа жетекчилеринин кызматтык милдети экендигин баса белгилегим келет. Анткени алар практика өтүлүүчү базаларын тактап, алар менен тиешелүү өз ара кызматташтык келишимдерди түзүүгө, кафедранын ичинде заманбап жабдылган илимий лабораторияларды түзүп, адабий булактар менен камсыздоого милдеттүү жана эң башкысы илимий жетекчини туура тандоого көмөк көрсөтүүсү зарыл.

Ош мамлекеттик университетинин магистратура бөлүмү эми араң эки жаштан өткөнүнө карабастан, түрдүү тармактарга керектүү мыкты адистердин 1-бүтүрүүчүлөрүн жиберди, алардын ичинен 203 магистр учурда ОшМУда үзүрлүү эмгектенишүүдө. 2016-жылы жалпысынан 366 магистрант магистрдик диссертациясын ийгиликтүү коргоду, 145и артыкчылык диплому менен “магистр” академиялык даражасына ээ болду.

Таасилкан Жумабаева, б.и.д., профессор, ОшМУ