Жаңылыктар Архив

Эл аралык мамилелер кафедрасы.

Эл аралык мамилелер кафедрасы .

Эл аралыкмамилелеркафедрасынын башчысысы – Нурдинова Канышай Хамитовна, философия илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын билимберүүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын бир катар мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган, Ош мамлекеттик университетинин эмгек сиңирген ишмери. Ош мамлекеттик университетинин Эл аралыкмамилелер факультетинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Эл аралык мамилелер кафедрасы (ЭАМ) 2000-жылы Ош мамлекеттикуниверситетинин Эл аралык билимберүү интеграциясы факультети менен биргеликте түзүлгөн, факультеттин эң биринчи кафедрасы. Бүгүнкү күндө Эл аралык мамилелер кафедрасы эл аралык мамилелер факультетинин негизги түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бири болуп, 530800 “Эл аралыкмамилелер”программасын даярдоо багытында окуу, усулдук жана илимий изилдөө иштерин жүргүзөт. Кафедра "Эл аралык мамилелер" жаатында бүтүрүүчүлөр үчүн теоретикалык жана практикалык атайын даярдыктарды өткөрүп, ошондой эле алардын мамлекеттик аттестациясын жана бүтүрүүчүлөрдүн квалификациялык иштерин башкарууну уюштурат.

Кафедранын миссиясы – жогорку билимберүүнүн классикалык салттарынын жана заманбап билим берүү технологияларынын, жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулук курамдын, кыргыз жана эл аралык эмгек рынокторунда атаандашууга жөндөмдүү адистерди даярдоонун жана кесиптик өнүгүүсүнүн негизинде жогорку сапаттагы компетенттүүлүккө негизделген кесиптик билим берүү.

Кафедранынмаксаты: "Эл аралык мамилелер" багыты боюнча жогорку кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруу.

Кафедранын милдеттери;

- профессордук-окутуучулук курамдын окуу-усулдук ишин өркүндөтүү;

- 530800 "Эларалыкмамилелер" программасын даярдоодо окуу-усулдук комплекстерди иштеп чыгып жана жумушчу программаларын ишке ашыруу;
- студенттердин чыгармачылык потенциалын жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү максатында окутуунун жаңы технологияларын киргизүү;

- студенттердин жекече, билимберүү траекториясын түзүү, окуу, илимий, өндүрүштүк жана квалификациялык практиканы башкаруу;

- кафедранынпрофилибоюнчаизилдөөжүргүзүү, студенттердинилимий-изилдөөиштерининкөндүмдөрүнөздөштүрүү, илимий-изилдөөжанатажрыйбаиштеринуюштуруу;

- Студенттерарасындатарбиялыкиштердижүргүзүү.