“ОшМУнун жарчысы” илимий журналы
      Университетте илимдин приоритеттүү багыттары боюнча системалуу түрдө өткөрүлгөн аймактык, республикалык, эл аралык илимий конференциялардын, семинарлардын материалдары негизинен «Ош МУнун жарчысы» илимий журналында жана башка жыйнактарда жарык көрөт. “ОшМУнун жарчысы” илимий журналы 2000-жылдан баштап жарыкка чыгып келе жатат. «Ош МУнун жарчысы» илимдин түрдүү тармактары боюнча Кыргыз Республикасынын ЖАКынын атайын тизмесине киргизилген илимий журналдардын катарында. 2002-2013-жылдары жетимиштен ашуун «Ош МУнун жарчысы» басмадан чыккан.
      2009-жылдан баштап басмадан чыккан журналдардын электрондук варианттары менен бул жерден тааныша аласыздар.