Жаңылыктар Архив

МААЛЫМАТ
Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде 2022-жылдын 12-мартында "Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ" кафедрасынын окутуучулары тарабынан Ош шаарынын мектептеринин биология, химия мугалимдерине "Коопсуз билим берүү чөйрөсү" боюнча илимий-практикалык семинар уюштурулду. Семинарда төмөнкүдөй маселелер каралды: 1. Окуу имаратын жашылдандыруу. 2. Окуу имаратындагы микроклиматтын компоненттерин аныктоо. 3. Азык коопсуздугу боюнча мөмө-жемиштердин нитраттарын аныктоо. Учурдун талабына туура келген маселелер талкууланып мугалимдер үчүн өтө кызыктуу иш-чара өткөрүлдү. (12-март. 2022-ж)


Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасында 2017-жылдын 9-июнь күнү биология, химия-биология адистиктеринин 1-курсунун студенттеринин “Өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы”, ал эми 2-курсунун студенттеринин “Өсүмдүктөрдүн систематикасы” предметтери боюнча окуу талаа практикаларынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. 1-курстун студенттери 30-майдан 4-июнга чейин “Кара-Шоро” мамлекеттик жаратылыш паркында, ал эми 2-курстун студенттери “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркында болуп келишкен. Бүгүнкү жыйынтыктоочу конференцияга кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышышты. Студенттер практиканын жүрүшү боюнча доклад жасашты жана өздөрү жыйнап келген гербарий материалдары менен тааныштырышып, аткарган иштери боюнча отчет беришти. Жыйынтыгында кафедранын гербарийдик фондуна жалпы саны 400 гө жакын гербарийлер тапшырылды.
























Толеранттуулукту жана билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун өнүктүрүү борборунун ачылышы (29.06.2019)















Професссор Бурул Каримованын «Өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгү окуу-илимий лабораториясынын» ачылышы (11.03.2021)