Жаңылыктар Архив

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу

Маматова Айнура Базарбаевна

Урматтуу факультеттин кызматкерлери окутуучулар жана меймандар!

Урматтуу студенттер жана бүтүрүүчүлөр!

Акыркы жыйырма жылдын ичинде факультеттин курамы кыйла өсүп, университеттин флагмандарынын бири болуп калды. Ал эми бул статус бизди окуу-тарбия процессин, илимий турмушту тынымсыз жакшыртууга, өзубуздун эң баалуу «продукциябыз» — студенттерди тарбиялоого милдеттендирет.

Мен бүтүрүүчүлөрүм жана студенттерим менен абдан сыймыктанам деп айта алам - биз бардыгын алар үчүн жасайбыз. «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багытынын бүтүрүүчүлөрү жашоонун, бизнестин, саясаттын бардык чөйрөлөрүндө орун алган таланттуу адамдардын бүтүндөй галактикасын түзөт. Бүгүнкү күндө кафедра практиканын талаптарына жана өлкөнүн өнүгүү келечегине максималдуу түрдө багытталган окуу процессин сапаттуу уюштуруу үчүн колдон келгендин баарын жасоодо. Студенттердин ар бир мууну илимий жана кесиптик жетишкендиктердин эстафетасын алып, өлкөнүн келечеги кесиптик даярдыгынын жана жоопкерчилигинин деңгээлинен көз каранды.

Баарыңыздарга иштеги ийгиликтерди, чыгармачылык изденүүлөрүңүзгө ийгилик каалайм, ар дайым алдыга умтулуп, жолдоруңуз кызыктуу, максатыңызга татыктуу болушуңуздарды каалайм.

Урматтоо менен «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» кафедрасынын башчысы.
Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Маматова Айнура Базарбаевна