Кафедранын өндүрүш менен байланышы

Кафедранын мүчөлөрүнүн илимий потенциалы өндүрүш менен тыгыз байланышта. Алар региондогу өсүмдүк дүйнөсүн ар тараптуу изилдөө менен бирге эле коргоодогу же улуттук парктардагы илимий иштердин аткарылышы менен да өз иштерин байланыштырышат. Алсак, түштүк Кыргызстандагы Кара-Шоро, Кыргыз-Ата улуттук парктары, Сурма-Таш коругу менен илимий-чарбалык иштерди бирге алып баруу боюнча келишимдер түзүлгөн. Аталган мекемелердин өсүмдүк дүйнөсүн ар тараптуу изилдөө, алардын жыйынтыгын жарыялоо, рекламалоо боюнча иштер аткарылат. Кафедранын кээ бир мүчөлөрү КРнын УИАнын түштүк бөлүмүнүн Медициналык проблемалар институтунун илимий темасынын аткаруучулары болуп саналышат жана өздөрүнүн салымдарын кошууда. Кафедранын мүчөлөрүнүн бир бөлүгүнүн илимий изилдөөлөрү окутуунун усулияты менен байланышып, алар шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрү, айылдык мектептер менен тыгыз байланышта иш алып барат. Бул мекемелерде өз иштеринин жыйынтыгын, иштелип чыккан алгылыктуу окутуунун усулдарын сынашат, ал жердеги тажрыйбалуу кызматкерлердин иш тажрыйбаларын пайдаланышат. Аларга №42- Керме-Тоо орто мектебинин биология мугалими, №28 Уркуя Салиева атындагы таланттуу балдар лицей интернатынын биология мугалими, №38 Барпы Алыкулов атындагы орто мектебинин биология мугалими жана башкалар кирет. Жалпысынан алганда кафедранын усулчулары төмөнкү багытта иш алып барууда. Мектептин окуу китептеринин мазмунун кайрадан түзүп чыгуу. Мектеп окуучулары үчүн тесттик тапшырмаларды түзүү. Ар түрдүү усулдук колдонмолорду иштеп чыгуу. Окутуунун традициялык эмес формаларын анализдөө жана мектеп практикасына киргизүү. Мугалимдик кесипке багыт берүү иштерин алып баруу. Кафедранын усулчулары мугалимдердин секциялык иштерине катышышат. Ошондой эле кафедранын мүчөлөрүнүн бир бөлүгүнүн илимий изилдөөлөрү биологияны окутуунун методикасы менен байланышып, алар шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрү, айылдык мектептер менен тыгыз байланышта иш алып барышат. Мисалы, ОшМУнун алдында уюшту-рулган мугалимдердин билимин өркүндөтүү институ менен биргеликте кафедрадагы методисттердин жетекчилиги астында методикалык-семинарлар өткөрүлүп турат. Ал боюнча доцент Д.Эмилбекова, ага окутуучу Э.Буранов, окутуучу Ж.Абдиллаевалар тарабынан окутуунун заманбап технологияларын колдонуу аркылуу тренингдик-семинарлар уюштурулуп, жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери менен тыгыз байланыштар түзүлгөн. Педагогикалык жана мамлекеттик педагогикалык практикада аткарылуучу иштер Окутуунун эки баскычтуу системасына, б.а. бакалавр формасына өткөн-дөн бери окутууну өндүрүш менен байланыштырууга чоң маани берилген. Студенттер 2-курстан баштап эле мектептерге же башка өндүрүштүк мекемелерге адаптациялык практикаларды өткөрүү окуу пландарына кирген. Бул адаптациялык жана педагогикалык практикалардын алдына төмөндөгү-дөй милдеттер коюлат: • жалпы билим берүүчү орто мектептин иш системасы жана мектеп документтациясы менен таанышуу; • педагогикалык жана усулдук кеңешменин ишин жана аларды өткө-рүүнүн методикасын үйрөнүү; • мектептеги алдыңкы мугалимдердин иш тажрыйбасын үйрөнүү жана аны өздөрүнүн күнүмдүк ишмердүүлүгүндө колдонуу; • мугалимдердин сабактарына катышуу; • сабактарды өтүү жана аларга анализ берүү; • ата-энелер жана окуучулар жамааты менен иштөө ыкмаларын жана тарбиялык саат өтүүнүн методикасын үйрөнүү; • предмет боюнча класстан тышкаркы иштерди уюштуруу жана өткөрүү; • мектепти жана кабинетти жасалгалоону, көргөзмө куралдарды жана дидактикалык материалдарды даярдоону, окутуунун заманбап техникалык каражаттарын колдонууну үйрөнүү. Жалпысынан алганда кафедранын методисттери төмөнкү багыттар боюнча иш алып барышууда. 1. Мектептин окуу китептеринин мазмунун кайрадан түзүп чыгуу. 2. Мектеп окуучулары үчүн тесттик тапшырмаларды түзүү. 3. Түрдүү мазмундагы методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу. 4. Окутуунун инновациялык жана традициялык эмес методдорун ана- лиздөө менен аларды мектеп практикасына киргизүү. 5. Мугалимдик кесипке багыт берүү менен, алардын кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу. Мындан сырткары, кафедранын методисттери мугалимдердин шаардык, областтын райондорунун секциялык иштерине катышып турушат.
   

Кафедранын окутуучуларынын, кызматкерлеринин сырткы стейкхолдерлер менен байланышы

2020-2021 окуу жылынын январь айында Өзбекстан Республикасынын борбор шаары Ташкентке иш сапары пландалган. Иш-сапарынын максаты Өзбекстан Республикасынын Илимдер Академиясынын альгология жана микология лабораториясы менен кызматташтыкты чыңдоо, илимий изилдөө жумуштарын биргеликте алып баруу, илимий долбоорлорго катышуу, абройлуу илимий журналдарга биргеликте макалаларды жарыялоо болду.

       Иш сапарынын алкагында Исраилова Г.С. жана Абдырахманова Ж.С. Ташкенттин улуттук университетинин биология факультетине барып, окутуучулук-профессордук курам менен таанышышты жана ЖОЖдун ортосундагы окутуучулар менен студенттердин мобилдүүлүгүн күчөтүү иштерин жана окуу-методикалык, илимий карым-катнаш мамилелерди чыңдоо маселелерин талкуулашты. Мындан сырткары, Ташкенттеги фармацевтикалык институттун базасында жаңыдан түзүлгөн дары-дармектерди өндүрүүчү лабораториялык өндүрүштүк цех менен таанышуу болду. Фармацевтикалык институттун “Биотехнология” кафедрасынын окутуучулук-профессордук курамына жана студенттерине обзордук лекциялар өтүлдү. Ошондой эле окутуу илимий иштер боюнча семинардык талкуулар уюштурулду.