Органикалык эмес химия боюнча окуу лабораториясы
Интерактивдүү доска, студенттердин өз алдынча иштеринде жана «Окуу, жазуу аркылуу сынчыл ойлоону өстүрүү» долбоорунун стратегияларын колдонуу менен даярдалган материалдар, суунун тазалыгын аныктоочу, криминалистикалык жана дактилоскопиялык экспертизалар үчүн жабдуулар, микроскоптор менен жабдылган окуу лабораториялары түзүлгөн. Мультимедиялык окутуу каражаттарын сабактарда пайдалануу максатында CD дисктер, электрондук слайддар, электрондук окуу китептери, презентациялар даярдалган. Кафедрага караштуу 2 лекциялык зал, 4 окуу лабораториясы, 1 илимий лаборатория, химиялык реактивдер жана химиялык идиштер сакталуучу складдар бар. Окуу лабораториялары сордуруучу жана кургатуучу шкафтар, иономер, центрифуга, аналитикалык жана ВЛТК 500 таразалары, рН метр, муфельдик печь, ФЭК 56, коррозиметр, дистиллятор ж.б. менен жабдылган. Оргтехникадан 8 компьютер, 2 принтер, 1 ксерокс бар. Кафедрада түзүлгөн мындай жакшы материалдык-техникалык база окуу-илимий иштерди жогорку денгээлде алып барууга шарт түзөт. Кафедранын Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясы жана анын Түштүк бөлүмү, И.Арабаев атындагы педуниверситети, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Москва мамлекеттик педагогикалык университети, Д.И.Менделеев атындагы Россия химия-технологиялык университети, Аль-Фараби атындагы Казах Улуттук Университети, Синьцзянь педагогикалык институту, Синьцзянь илимий-техникалык институту (СУАР, КЭР), Турция мамлекетиндеги Костомона, Синоп, Тракия университеттери ж.б. менен илимий жана илимий-усулдук иштер боюнча тыгыз байланышы бар. Кафедранын дареги жана байланыш түйүнү: Ош шаары, Түштүк-чыгыш кичи району, Н. Исанов көчөсү 75 Жумушчу телефон: (03222) 5-46-65 e-mail- mairama59@mail.ru