Жаңылыктар Архив

Тарыхы


Кыргыз тили илими кафедрасы

Кафедранын тарыхы

Кафедра 1951-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институту ачылганда, “Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы” деген аталышта уюшулган. Анын алгачкы башчысы болуп филология илимдеринин доктору Аскар Турсунов иштеген. Андан кийинки мезгилдерде кафедраны филология илимдеринин кандидаттары, доценттер Ж.Мураталиева, С.Кондучалова, Н.Бейшекеев, Ж.Мамытов,Т.Нуруев педагогика илимдеринин кандидаттары, доценттер Ж.Бешимов, С.Шатманов, улук окутуучу З.Кулунбаева, филология илимдеринин доктору, профессор Ж. Элчиевдер башкарып келишкен. Азыркы учурда кафедраны филология илимдеринин кандидаты, доцент М. Кошуева башкарууда.

1995-жылдан кыргыз тили илими кафедрасы болуп аталып келе жатат.

Кафедрада азыркы учурда 7 окутуучу эмгектенет. Алардын алтоосу филология илимдеринин кандидаттары, доценттер, бири окутуучу. Айрымдары азыркы учурда докторлук диссертацияларынын үстүндө иштешүүдө. Бир окутуучу кандидаттык диссертациясынын үстүндө эмгектенүүдө.