Факультет жөнүндө

Факультеттин тарыхы, миссиясы жана максаттары

images.jpg

Факультеттин тарыхы:

“Бизнес жана менеджмент” факультети университеттин курамындагы алдыңкы факультеттердин бири болуп эсептелет. Ош мамлекеттик университети республиканын эгемендүүлүгүнүн алгачкы беш жылдыгында өтө интенсивдүү өнүгө баштаган. Ушул жылдары башка багыттар менен бир катарда университеттин эл аралык байланыштары күчөгөн жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялануу боюнча аракеттер натыйжа бере баштаган. Университеттин ошол кездеги ректору Б.Бешимовдун демилгеси менен 1994-жылдын 29-апрелинде ОшМУ жана Портленд (АКШ) университеттеринин ортосунда үч этаптан турган бизнес жана менеджмент боюнча биргелешип кадр даярдоо жөнүндөгү келишимге кол коюлган. Бул келишимге ылайык биринчи этапта 1994-1995-жылдары университеттин үч окутуучусу жана үч студенти АКШда стажировкада болуп кайтышкан.

1995-1996-жылдары проекттин экинчи этабында 14 окутуучу америкалык профессорлордун микроэкономика жана макроэкономика, бухгалтердик эсеп, финансы жана кредит, компьютердик технологиялар, финансылык укук боюнча лекциялар курсун угушкан. Проекттин үчүнчү этабында 1996-жылы “Бизнес жана менеджмент” факультети ачылган. Кыргыз Республикасынын Билим берүү илим жана маданият министрлигинин № 714 12.06.1997 жылындагы чечимине ылайык г.16.308

“Ишканаларды башкаруунун экономикасы” адистигине лицензия берилип бул лицензиянын негизинде “Бизнес жана менеджмент” факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө адистерди даярдоого уруксаат берилген.

2004-жылдан тартып экономика жана менеджмент багыттары боюнча эки баскычтуу «бакалавр-магистр» окуу системасы өздөштүрүлүп ийгиликтүү иштеп баштады.

Университеттин «Интеграция» консорциуму аркылуу 2006-жылдын январынан тартып экономикалык багыт боюнча аудио жана видео, электрондук окуу курсун жана предметтер боюнча видеолекциялар жыйнагын факультеттеги окуу процессинде пайдаланууга шарт түзүлдү.

2008-2009-окуу жылынын сентябрь айында Магистратура бөлүмү «Бизнес жана менеджмент» факультетинин базасында ачылды.

2010-жылдын декабрь айынан тартып 2012-жылдын май айы аралыгында факультет Орто Азиядагы жогорку окуу жайларынын окуу программаларын аккредитациялоо боюнча TEMPUS проектисине катышып, “Экономика” багыты боюнча окутуунун сапатын текшерүүдө бардык баскычтардан ийгиликтүү өтүп, эл аралык аккредитациялоонун сертификатына ээ болду.

2015-жылы “Бизнес жана менеджмент” факультетинде: Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу (КЭУБ) ресурстук борбору менен биргелешип башкаруу боюнча программасы АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин колдоосу менен ачылды. Ал Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарындагы университеттерди колдоого багытталды.

2017-2018-окуу жылында «Бизнес жана менеджмент» факультети баардык багыттары боюнча билим берүү программаларын аккредитациядан ийгиликтүү өткөрүштү жана аккредитациялоонун сертификатына ээ болушту.

Факультеттин өнүгүү тарыхында э.и.к., доцент Ж.К.Акназарова (1996-2003), э.и.д., профессор П.К.Купуев (2003-2005; 2008-2009), э.и.д., профессор У.Ж.Эргешбаев (2005-2008), э.и.д., профессор М.Ж.Айбашев (2008-2009), ф-м.и.к., доцент А.Р.Асанов (2009-2015) э.и.д., профессор М.Б.Убайдуллаев (2015-2020) декан катары жетектеп келишкен. 2020-жылдын декабрь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин факультетти э.и.к., доцент Т.М.Исраилов жетектеп келүүдө.

Факультеттин ишмердүүлүгүнө өзүнүн салымын кошкон төмөндөгүдөй коомдук уюмдар бар.

  • “Окуу-усулдук кеңеш;”
  • “Аялдар кеңеши;”
  • “Жаштар комитети;”
  • “Жаштар бизнес-клубу;”
  • Факультеттеги окуу-тарбиялык иштерди жана илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктүн үсүндө адистештирилген төмөндөгүдөй 7(жети) кафедра иш алып барат:

  • “Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ”
  • “Бизнес-информатика жана экономикадагы математика”
  • “Ишкананын экономикасы жана башкаруу”
  • Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу”
  • “Финансы жана банк иши”
  • “Экономика жана салыктар”
  • «Маркетинг жана менеджмент»
  • Факультетте күндүзгү жана дистанттык окуу бөлүмдөрүндө жалпысынан 4 миңге жакын студент билим алат. 1996-жылдан бери 200дөн ашуун студент ар түрдүү эл аралык билим берүү программалардын негизинде АКШ, Россия Федерациясы, Англия, Германия, Франция, Турция, Испания, Кытай, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин белгилүү университеттеринде билим алып, стажировка жана курстардан өтүп, тажрыйба алмашып келишүүдө.

    Бизнес жана менеджмент факультетинде окуу процесси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндөгү мыйзамына, мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана ОшМУнун уставына негизделип жүргүзүлөт.

    Факультеттин профессордук окутуучулук курамы.

    Бүгүнкү күндө факультетте 118 окутуучу үзүрлүү эмгектенишүүдө. Алардын ичинде КРнын Инженердик академиясынын мүчө корреспонденти, э.и.д., профессор Ч.Р.Кулуева эмгектенет. Профессордук-окутуучулук курамдын деңгээли илимий-окумуштуулук иш-аракеттердин негизинде жылдан-жылга жогорулоодо. Илимий даражага ээ болгон профессордук-окутуучулук курам жалпы окутуучулардын 48% түзөт. Жалпысынан алганда 6 илимдин доктору, 48 илимдин кандидаты, 14 экономиканын жана менеджменттин магистрлери, 30 улук окутуучу, 20 окутуучу студенттерге сапаттуу билим берүүдө.

    Факультеттин профессордук-окутуучулук курамы өздөрүнүн илимий изилдөө тажрыйбасын өркүндөтүү максатында USAID, EdNet, CARANA, GIZ, TEMPUS, Soros Kyrgyzstan ж.б. эл аралык уюмдар жана ЖОЖдор уюштурган түрдүү семинар-тренингдерге активдүү катышып келишүүдө.

    Факультеттин профессордук-окутуучулук курамы көптөгөн долбоорлордун координатору катары Россияда, Германияда, Түркияда, АКШда, Испанияда, Кытайда, Казакстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда болуп билим берүүнүн эл аралык тажрыйбасын жайылтууга салымдарын кошуп келет.

    Факультеттин материалдык-техникалык базасы.

    Факультетте жалпысынан алганда 400дөн ашуун компьютер, 20 ксерокс, 60дан ашуун принтер, 20 сканер, бир тестирлоо борбору, 16 видео проектор, 12 интерактивдуу доска ж.б.техникалык жабдуулар бар. Факульттеги баардык компьютерлер интернет түйүнүнө туташтырылган. Андан сырткары USAID эл аралык уюму тарабынан уюштурулган белгилүү профессор, экономика илимдеринин доктору Купуев П.К.атындагы 1(бир) ресурстук борбор сабактардын сапатын көтөрүүгө көмөк көрсөтүүдө.

    Экономикалык багыттагы жалпы окуу китептеринин саны 37200дөн ашып факультеттин китепканасында сакталып турат. Факультеттин окуу корпусунда 400 орундуу чоң актылык зал, 40 орундуу электрондуу китепкана, 9 компьютердик класс иштеп жатат. Мындан сырткары факультеттин окуу залында 18 түрдүү аталыштагы журнал, 23 түрдүү газета менен камсыздалып турат.

    Бизнес жана менеджмент факультети менен түзүлгөн келишимдери, кызматташтыктары жана эл аралык байланыштары.

    Бизнес жана менеджмент факультети азыркы күнгө чейин практика боюнча 150дөн ашуун төмөндөгүдөй ишкана-уюмдар менен келишимдерди түзгөн:

  • “42 келишим - банктар, кредиттик союздар, микрокредиттик компаниялар менен;”
  • “49 келишим - бюджеттик мекемелер менен;”
  • “59 келишим – акционердик коомдор, жоопкерчилиги чектелген коомдор, жеке ишкерлер, фонддор, бирикмелер жана асоциациялар менен түзүлгөн”
  • Бизнес жана менеджмент факультети төмөндөгүдөй илимий мекемелер менен кызматташып келүүдө:

  • “КРнын Президентинин алдындагы башкаруу академиясы;”
  • “Дүйнөлүк банктын экономикалык өнүгүү институту;”
  • “Кыргыз-Америкалык Университети;”
  • “Кыргыз-Россиялык Славян Университети;”
  • “Кыргыз-Улуттук Университети;”
  • “ОшТУ;”
  • “Бишкек финансы-экономикалык академиясы ж.б.”
  • Бизнес жана менеджмент факультети менен эл аралык кызматташуу багытында Түркия, Кытай Эл Республикасы, Россия, Германия, Испания, Чехия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин бир нече ЖОЖдору менен окутуучулар жана студенттерди алмашуу программасы боюнча келишимдер түзүлгөн.

  • “АКШнын Портленд мамлекеттик университети (1996-жыл);”
  • “РФнын Кабардино-Балкария мамлекеттик университети (2011-жыл);”
  • “РФнын Воронеж Мамлекеттик токой-техникалык академиясынын экономика факультети (2012-жыл);”
  • “АКШнын Кеннон институту (2013-жыл)”
  • “Германия мамлекетинин Штудгард университети (2013-жыл)”
  • “Түркия мамлекетинин ЖОЖдору менен “Мевлана” программасы боюнча (2012-жыл)”
  • “Кытай Эл Республикасынын Синьцзянь педагогикалык университетинин экономика факультети (2013-жыл)”
  • “Кытай Эл Республикасынын Конфуций институту (2013-жыл);”
  • “Кытай Эл Республикасынын Нанкинь Аудит университети (2014-жыл)”
  • “Кытай Эл Республикасынын экономика жана финансы институту, Үрүмчү шаары (2016-жыл);”
  • “РФнын Урал мамлекеттик экономикалык университети (2018-жыл);”
  • “Түркия Республикасынын Джумхуриет университети (2019-жыл);”
  • “РФнын Томск мамлекеттик университети (2020-жыл)”
  • Факультеттин миссиясы:

  • Азыркы санариптешкен замандын талабына ылайык жаңы маалыматтык технологияларды колдоно билген, чет тилдерин жогорку деңгээлде өздөштүргөн, заманбап рыноктук экономиканын талаптарына жооп бере турган, бизнести-башкаруу жана менеджмент багытында уюштуруу иштерин толук аткара алган, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү баардык багыттар боюнча жогорку квалификациялуу, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо.
  • Факультеттин максаты:

  • Эгемендүүлүккө чейин экономикалык багыттагы адистер борбордогу 3 ЖОЖдо гана даярдалгандыгын жана бул адистердин квалификациясы жаңы рыноктук шарттарга жооп бербегендигин эске алсак, ОшМУда “Бизнес жана менеджмент” факультетинин ачылышы өз учурундагы эң туура кадам болгон. Факультет иштей баштаган алгачкы күндөрдөн баштап өз алдына рыноктук экономика шартында конкуренцияга туруштук бере алган, заманбап информациялык технологияларды терең өздөштүргөн, чет тилдерди жакшы билген, республиканын экономикасында жүрүп жаткан реформаларга салым кошо ала турган, коомубуз үчүн жаңы болгон жеке ишмердүүлүктү ишке ашыра алган, чет өлкөлөрдө жана эл аралык структураларда иштеп кете ала турган жаңы муундагы башкаруучу жана бизнес кадрларды даярдоонун ордосуна айлануу.