Ош мамлекеттик университетинин САПАТ областындагы САЯСАТЫ

Университеттин миссиясы :

- Компетенттүүлүк мамиле менен заманбап билим берүү процессинде сапаттын кепилдигин камсыздоо;

- Билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын дүйнөлүк мейкиндигине интеграциялануу;

- Жаштарда адептик, маданий жана илимий баалуулуктарды, улуттук, руханий маданиятты калыптандыруу;

- Мамлекеттин экономикалык, социалдык, маданий, саясий өнүгүүсүн камсыздоо үчүн өзүнүн интеллектуалдык потенциалын, өндүрүштө жана кесиптик ишмердүүлүктө, илимде жүзөгө ашыра ала турган жогорку профессионалдык кадрларды даярдоо.

Университеттин келечекке карай максаты – ОшМУну классикалык университеттен – дүйнөлүк деңгээлдеги изилдөөчү жана инновациялык университетке трансформациялоо.

Стратегиялык максат – дүйнөнүн алдынкы ТОП-700 изилдөөчү университеттеринин катарына кирүү. ОшМУну Борбор Азиядагы эң алдынкы университеттердин бирине айландыруу.

Баалуулуктары:

- Адам ресурсу – университеттин негизги байлыгы;

- Ардагерлерибиз – университетибиздин куту;

- Орто муун – окуу жайыбыздын жүзү;

- Жаштарыбыз – университетибиздин келечеги;

- Студенттерибиз – элибиздин эртеңи;

- Муундар ортосундагы байланышты бекем кармоо;

- КЛАССИКАЛЫК БИЛИМ+ИЛИМ жана ИННОВАЦИЯ+РУХАНИЙ МАДАНИЯТТЫ айкалыштыруу.

Ош мамлекеттик университетинин 2019-2024-жылдары өнүктүрүү концепциясына ылайык стратегиялык багыттар жана сапат областында төмөнкү негизги жоболор аныкталды.

Стратегиялык багыттар:

I. СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ – Окуу процессиндеги, билим берүүдөгү инновациялар

II. СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ – Классикалык университеттен – улуттук изилдөөчү университетке трансформациял оо

III. СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ – Эффективдүү башкаруу жана кадрдык потенциялды өнүктүрүү

IV. СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ – ОшМУну эл аралык билим берүүнүн жана илимдин борборуна айландыруу (билим экспорту)

V. СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ – Билим берүү жана илим инфраструктурасын өнүктүрүү

VI. СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ – Санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүү

VII. СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ – Адамгерчилик жана руханий тарбия, ден соолук жана спорт.

Негизги жоболор:

- билим берүү ишмердигин мамлекеттик билим берүү стандарттарына, коомдун квалификациялуу адистерге, жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларга карата улам жогорулатылган талаптарына шайкештигин, окуп-үйрөнүүчүлөрдүн интеллектуалдык, маданий, руханий жана нарк-насилдик өнүгүүгө карата муктаждыктарын камсыздоо;

- билим берүү ишмердигине кызыкдар бардык тараптар менен өз ара пайдалуу байланыштардын туруктуулугун камсыздоо, алардын билим берүү процессине карата талаптарын иликтөө жана прогноздоо;

- бардык деңгээлдеги жетекчилердин лидерлиги жана персаналдуу жоопкерчилиги, ар бир кызматкердин өз милдеттерин, функцияларын, укуктарын жана жоопкерчилигин так түшүнүүсүн камсыздоо;

- окутуучулардын, кызматчылардын жана студенттердин квалификацияны тынымсыз жогорулатуу, компетенттүүлүктү, кесипкөйлүктү, мотивацияны, чыгармачыл инициативаны колдонуу аркылуу билимдин сапатын жакшыртуу боюнча ишмердикке активдүү тартуу;

- билим берүү процессинин илим менен интеграциясы, илимий мекемелер, ишканалар жана уюмдар менен байланышты бекемдөө;

- кызыкдар тараптардын талаптарын канааттандыруу боюнча мүмкүнчүлүктөргө жана жетишилген натыйжаларга регулярдуу өздүк баалоо жүргүзүү;

- студенттерде кесиптик жоопкерчиликти, өз алдынчалуулукту, атуулдук аң-сезимди, жогорку нарк-насилдик баалуулуктарга ээ болгон социалдык активдүү жана чыгармачыл личностту калыптандыруу максатында билим берүү жана тарбиялоо процесстерин өркүндөтүү;

- билим берүү кызматтарынын түрлөрүн кеңейтүү, алардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, адекваттуу жана гумандуу билим берүү технологияларын пайдалануу;

- ишмердиктин бардык түрлөрүнүн сапатын жогорулатууну камсыздай тургандай университетти санариптештирүү;

- окуп-үйрөнүү процессин окуу-методикалык жана материалдык-техникалык жабдууну, камсыздоону тынымсыз жакшыртуу, персоналдын жана студенттердин жемиштүү, өнүмдүү жана чыгармачыл иштөөсү үчүн шарттарды жаратуу;

- кызматчыларды жана студенттерди социалдык колдоо, алардын ден соолугун жана коопсуздугун коргоо.

ОшМУнун билимдин сапаты областындагы саясаты тынымсыз талдоого алынып турат жана жетекчилик тарабынан билим берүү ишмердигинин сапатын камсыздоо кепилдигинин каражаты катары колдонулат. Саясат бардык деңгээлдерде жүзөгө ашырылат, зарыл болгон учурларда талдоого алынышы жана кайра каралышы ыктымал. Университеттин ар бир кызматчысы өз компетенциясынын чектеринде жумуштун сапаты үчүн персоналдык жоопкерчиликтүү болуп эсептелет.