Кафедранын тарыхы

Кыргызстандагы билим бер үү флагманы болгон ОшМУнун бир структуралык бирдиги-педагогика жана дене тарбия факультети. Бул факультет 1959-жылы музыка-педагогика факультети деген ат менен ачылып (буйрук №150, 20-июль), жогорку билимдүү музыка жана башталгыч класс мугалимдерин даярдоого багытталган. Анткени ошол мезгилде республикада аталган адистиктер боюнча жогорку билимдүү мугалимдерге суроо-талап, муктаждык өтө күчтүү эле.

Факультет жаңыдан түзүлгөндө жалгыз бир кафедра менен ачылып, ал башталгыч билим берүүнүн методикасы жана музыка кафедрасы деп аталган, аны улук окутуучу Н.Я.Ильягина башкарган. 1962-жылы башталгыч билим берүүнүн методикасы жана музыка кафедрасы экиге бөлүнүп, биринчиси башталгыч билим берүүнүн методикасы кафедрасы, аны Н.Я.Ильягина жетектеп, экинчи музыка жана ырдоо кафедрасын М.М Кравцов жетектеген.

1965-жылдан баштап башталгыч билим берүүнүн методикасы кафедрасын А.Валиев (1965-1970), С.Алымкулова (1970-1972), З.Кулунбаева (1972-1976), К.Матикеевдер (1976-1982) жетектеп келген.

К.Матикеев кафедраны жетектеп турган мөөнөт аралыгында факультеттин структуралык түзүлүшүндө көп өзгөрүүлөр болгон . Башкача айтканда, ушул жылдарда күндүзгү жана сырткы бөлүмдөрүнө студенттерди кабыл алуу планы өскөн. Даярдалуучу адистиктин мүнөзүнө жараша факультеттин окуу планы ар түрдүү илимдердин тармактарынан тургандыктан мүмкүн болушунча аларды кафедраларга бир тектүүлүгү, жакындыгы боюнча топтоштуруу жана окутуунун сапатын көтөрүү максаты көздөлгөн. Түзүлө турган кафедраларды жетектөөчү илимий даражалуу адистер жетиштүү болгон. Ошол себептүү башталгыч билим берүүнүн методикасы (БББМ) кафедрасынан 1978-жылы кыргыз тилин жана адабиятын башталгыч класстарда окутуунун методикасы, 1979-жылы математиканы башталгыч класстарда окутуунун усулияты кафедралары бөлүнүп чыккан.

Демек, Ош мамлекеттик университетинин тарыхын барактаганыбызда, педагогика факультети түзүлгөндө башталгыч билим берүүнүн методикасы кафедрасы алгачкы кафедра болуп, учурунда факультеттеги башка кафедралардын ачылышына, ошондой эле, окуу-методикалык жана кадрдык жактан даярдалышына пайдубал, негиз, факультеттин өзөгү болуп келгенин сыймыктануу менен белгилөөгө болот.

1982-жылы математиканы башталгыч класстарда окутуунун усулияты кафедрасы кайрадан башталгыч билим берүүнүн методикасы кафедрасына кошулган. Ошол 1982-жылдан 1992-жылга чейин кафедрада б.и.к., доцент Д.Т.Тажибаев үзүрлүү эмгектенип, кафедра башчысы кызматын аткарган. Кийин кафедраны Ж.Саипов (1992-1997), Т.Акматова (1997-2001), Ж.Саипов (2001-2007), Р.П.Анаркулов (2007-2012) жетектеген. 2012-жылдын 29-мартынан бери кафедраны б.и.к., доцент М.Шайимкулова жетектеп келүүдө.

Ушул 2012-2013-окуу жылынан бүгүнкү күнгө чейин, жыл сайын окуу жылынын аягында окуу-методикалык, илимий, тарбиялык жана коомдук иштер боюнча факультеттин жыл жыйынтыгын чыгарууда башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы алдыңкы кафедра деп таанылып, факультеттин Ардак грамоталары, Ыраазычылык каттарына татыктуу болуп келе жатат.

Кафедрада окуу-методикалык, илимий жана тарбиялык иштерди үч секция аткарат. Биринчи секция - математика жана аны башталгыч класстарда окутуунун методикасы; экинчи - табият таануу жана мекен таанууну окутуунун методикасы; ү чүнчү - музыка, көркөм өнөр жана аларды окутуунун методикасы секциялары иш алып барат. Жогорудагы секциялардын мүчөлөрү, бүгүнкү күндө, факультет кадрларды даярдап чыгарып жаткан «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы», «Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы», «Дене тарбия», «Психология» профилдериндеги студенттерге тиешелүү дисциплиналардан билим, тарбия берип, учурдун талабына ылайык, компетенттүү кадрлардын даярдалышына зор салымдарын кошууда.

Кафедра нын илимий багыты: “Кенже мектеп окуучуларынын таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүгүн өнүктүрүү”. И лимий иштердин жанданышы 19 8 0-жылдардан өзгөчө өрчүгөн. Окутуучулардын илимий-изилдөө иштеринин темасын негизинен башталгыч класстардын окуу предметтерин окутуудагы жалпы дидактикалык жана тарбиялык мазмундагы материалдар түзөт. Ошентсе да, бул кафедрада түрдүү багыттагы адистер, башкача айтканда, кафедрада математиктер, биологдор, химиктер, музыканттар, сүрөт мугалимдери эмгектенгендиктен кафедра мүчөлөрү тарабынан төмөнкүдөй илимий иштер боюнча диссертациялар даярдалган жана корголгон: Т.Рахманов “Көкарт дарыясынын алабынын геоморфологиялык түзүлүшү” (1972), А.Х.Худайбердиев «Башталгыч класстарда геометриялык материалдарды окутуу» (1974) (13.00.02), К.Матикеев “Сох дарыясынын алабынын ландшафты жана аны чарбачылыкта пайдалануу” (1971-жылы), Т.Мансурова “Фергана өрөөнүнүн каналдарындагы макрозообенттери” (1982), Т.Аманкулова “Биология и экология пяденицы обдирало орехово-плодовых лесов южного Кыргызстана” (1987) (03.00.09), Г.К.Омуралиева “Түштүк Кыргызстандагы жаңгак токойлорундагы зыянкеч курт-кумурскалардын мермитиддери” (1989) (03.00.20), М.Анарбаев “Математиканы окутуудагы экономикалык билимдерди калыптандыруу” (1990), Ж.Саипов «Башталгыч класстарда математиканы окутууда окуучулардын таанып-билүүсүн активдештирүү» (1992), Р.П.Анаркулов «Кенже мектеп окуучуларын эмгекке окутуу процессиндеги практикалык иштердин системалары» (1992) (13.00.02), Т.М.Акматова «Улуттук (кыргыз) айылдык мектептердеги башталгыч класстардын окуучуларын адептүүлүккө тарбиялоонун өзгөчөлүктөрү» (1993) (13.00.01), Т.А.Жоробеков “Кенже мектеп окуучуларын көркөмдүүлүккө тарбиялоодогу үй-бүлө жана мектептин биргелешкен иш-аракети” (1993) (13.00.01), К.Исаков «Стереометриянын курсун окутууда окуучулардын таанып - билүү ишмердүүлүктөрүн активдештирүү» (1995) (13.00.02), А.Асанов “Псевдогиперболикалык теңдемелер үчүн тескери маселелер” (1996), М.А.Шайимкулова «Ак-Буура дарыясынын альгофлорасы жана анын суунун сапатын баалоодогу ролу» (2007) (03.00.05), И.К.Жунусов «Педагогикалык ишмердүүлүктө келечектеги музыка мугалимин даярдоо» (2007) (13.00.01), Р.Ж.Турганбаева «Математиканы окутууда окуучулардын экономикалык алгачкы тажрыйбаларын калыптандыруу» (2009) (13.00.02), Ж.Аблабекова «Башталгыч класстардын окуучуларында алгачкы экологиялык түшүнүктөрдү калыптандыруунун педагогикалык негиздери» (2011) (13.00.01).

Бүгүнкү күндө кафедранын ага окутуучусу А.А.Бообекованын илимий-изденүүчү катары “Получение наночастиц металлов: железо, меди и никеля” деген темасы 2010-жылы И.Арабаев атындагы КГУнун Окумуштуулар кеңешинде бекитилген. Изилдөө иштери аяктап, алдын ала коргоого даярдалууда. Кафедранын окутуучусу А.Багышев учурда, т.и.д., профессор И.Г.Кенжаевдин жетекчилиги менен “Исследование и разработка сезонных аккумуляторов тепла для систем солнечного теплоснабжения” деген темасына кандидаттык диссертациясын коргоо боюнча иштеп жатат. Кафедранын окутуучусу Э.Ажиматова 2017-жылы ОшМУнун аспирантура бөлүмүнө тапшырып, п.и.д., профессор К.М.Торогельдиеванын жетекчилиги менен “Педагогикалык колледждин студенттерине математика курсун окутууну өркүндөтүүнүн дидактикалык шарттары” - деген теманын үстүндө илимий изилдөө ишин жүргүзүүдө. К афедранын окутуучусу Ж.Адамбаева Бишкек шаарындагы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин аспирантура бөлүмүндө окуйт. “Синтез нанокомпозитов системы Cu-Ag-Au методом электроискрового диспергирования” деген темадагы кандидаттык диссертациясы бекитилген, илимий жетекчиси х.и.д., профессор Сатывалдиев Абдураим Сатывалдиевич. Кафедранын лаборанты М.Асаналиева 2018-жылы ОшМУнун алдындагы илим жана аспирантура бөлүмүнө бюджеттик негизде аспирант болуп кабыл алынып, учурда п.и.д., профессор С.Сакиеванын жетекчилиги менен “Мектепке чейинки балдарга руханий тарбия берүүдө балдар адабиятынын материалдарын колдонуунун илимий-педагогикалык шарттары”-деген темадагы илимий изилдөө ишинин үстүндө эмгектенүүдө. 2022-жылы май айында М.Асаналиеванын илимий эмгеги алдын ала коргоодон ийгиликтүү өтүп, Улуттук аттестациялык комиссияга тапшырууга даярдалып жатат.

Ошондой эле кафедра аркылуу республикабыздагы башка жогорку окуу жайдын аспиранттары илим изилдөө иштерине тиешелүү эксперименттерди жүргүзүшөт. Мисалы: 1. Казиева Гулзат Качкановна И. Арабаев атындагы Кыргыз мамалекеттик университети “Башталгыч мектептин болочок мугалимдерин математика сабагында геометриялык материалдарын окутууга даярдоонун методикасы” деген теманын үсүтүндө иш алып барды. 2. М.К.Узакова И. Арабаев атындагы Кыргыз мамалекеттик университети 2014-жылдан 2016-жылга чейин “Мектептин математика курсун актуалдаштыруу” деген илимий теманын үстүндө иш алып барды. 3. Сейталиева Эльмира Сагынбековна “ Математика башталгыч курсунун теориялык негиздерин окутууда студенттердин өз алдынча ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн илимий педагогикалык өзгөчөлүктөрү” деген илимий ишин алып барды. Булар илимидин кандидаты окумуштуулук даражасын алышты. 4. Токомбаева Жамийла илимий консультанты С.К.Калдыбаев эл аралык Ала-тоо университетинин профессору, п.и.д. “ЖОЖдо болочок башталгыч класс мугалимдерин даярдоодо математикалык компетентүүлүгүн калыптандыруунун илимий- теориялык негиздери” деген темада доктордук диссертациянын үстүндө иш алып барууда.

Каныкей Кожомбердиеванын “Башталгыч класс мугалимдерин кенже мектеп окуучуларды ишмердүүлүк мамиле негизинде окутууга даярдоо” деген илимий ишинин темасы талкуудан өтүп, бекитилди жана изденүүчү илимий ишинин үстүнөн изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

Кафедра илимий изилдөө иштерди Бишкектеги И.Арабаев атындагы мамлекеттик университети, Кыргыз улуттук университети, Билим берүү академиясы ж.б. жогорку окуу жайлар жана илимий мекемелер менен тыгыз алакада жүргүзөт.

Кафедранын мүчөлөрү Т.М.Мейманов, Р.П.Анаркулов, Т.М.Акматова, М.А.Шайимкулова, К.А.Шакиров, К.Байгазиев, Б.Д.Идаев, Т.А.Турдубаев, Х.Ибайдуллаевдер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, Ардак грамотасы, Ош мэриясынын, Ош областтык администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланышкан. Профессор Ж.Саиповго Кыргыз Республикасынын “Билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмери” ардактуу наамы ыйгарылган. Ал эми кафедранын ар бир мүчөсү, аткарган татыктуу эмгектери үчүн, ОшМУнун Ардак грамоталарын алышкан.

10.12.2021-жылы кафедра башчы М. Шайимкулова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасын алды.

Кафедранын ага окутуучусу Т.Турдубаев 30.12.2021-жылы Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамын алды.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, жумуриятка таанымал обончу И.К.Жунусов да ушул кафедрада окутуучу, улук окутуучу, доцент жана профессорлук кызматта эмгектенип, ушул кафедрадан искусство факультетине декандык кызматка кеткен, кийин ОшМУнун 1-проректору, жогорку кеңештин депутаты, КРнын маданият министри болуп кызмат өтөп, чоң ийгиликтерге жетишкен. Учурда кыргыз элине белгилүү ырчы, доцент Т.Турдубаев аталган кафедрада үзүрлүү эмгектенүүдө.

Ош шаарындагы Навои, Барпы, “Керме-Тоо" орто мектептери, №48, №46, №39 балдар бакчалары биздин базалык мектептер, бала бакчалар болуп саналат. Аларда жаңы илимий-методикалык идеялар эксперименттен өткөрүлөт. Кафедранын окутуучулары аталган базалык билим берүү жана тарбиялоо мекемелеринин кызматкерлерине лекцияларды окуп, илимий-усулияттык жардамдарды берип турушат.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүндө “Сорос-Кыргызстан” фондусу тарабынан каржыланган балдар бакчаларынын тарбиялануучуларына, кенже класс окуучуларына, ата-энелерге жана тарбиячыларга, студенттерге жана мугалимдерге арналып, мектепке чейинки, башталгыч жана жогорку билим берүү баскычтарын камтыган “Алга кадам таштап” аттуу эл аралык вариативдүү билим берүү программасынын иштери жүргүзүлгөн. Бул программа республикабыздагы бир катар базалык бала бакчалардын, башталгыч класстардын, ЖОЖдордун педагогика факультеттеринин педагогикалык жамааттары менен биргелешип, болочок адистерди тарбиялоо, окутуп-тарбиялоо жараянын демократиялаштыруу жана бул жааттагы үзгүлтүксүздүктү камсыз кылуу багытында жигердүү аракеттерди жасаган. Алардын катарында Ош мамлекеттик университетинин башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы 1996-жылдын сентябрь айынан аталган программа менен биргеликте иштешип, тиешелүү окуу китептери, окуулуктар, техникалык каражаттар, мезгилдик басылмалар жана атайын каана менен камсыз болгон. Анда китептердин саны 6000 (алты миң) нускага жеткен. Бул программа менен кафедра 2013-жылга чейин 17 жыл аралыгындагы мөөнөттө тыгыз иш алып барган. Айрыкча “Кадам сайын арымдап” программасынын активдештирүү борборлору аркылуу иш алып баруу жана “Сынчыл ойломдун” проблемалык кырдаалдарын пайда кылуу аркылуу түшүндүрүүлөр жакшы жыйынтыктарын берүүдө. “Step by Step” программасында биз балдарга суроо берип, ошол суроолорго жооп издөө менен курчап турган дүйнөнү таанып-билүүгө үйрөтөбүз. Кафедранын илимий багыты да ушундай болгондуктан, кенже мектеп окуучуларынын практикада жакшы үйрөнөрүн, жасаган иштери тууралуу ойлонгондо, андан да жакшы үйрөнөрүн изилдөөлөр көрсөтүп жатат.

Окутуунун жаңы методдору менен катар замандын талабына ылайык, алыскы райондордон келген студенттерибизге максаттуу кошумча тилдерди үйрөтүү үчүн окутуунун “CLIL” (көп тилдүүлүк менен предметти интеграциялап окутуу) методун пайдаланып билим берүү программасы менен окутуу жүргүзүлүп келүүдө.

Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы профилиндеги (шифр 550700) кадрларды даярдап чыгарууда кенже мектептин 1-4-класстарында окутулуучу математика, мекен таануу, музыка, көркөм өнөр предметтерин окутуунун методикасын ушул кафедра окутуп, үйрөтөт. Кафедранын окутуучулары «Сынчыл ойлом», «Сапаттуу билим» аттуу эл аралык программаларга катышып, өздөрүнүн билимдерин өркүндөтүүдө.

Ошондой эле, кафедрага тиешелүү бардык дисциплиналар боюнча бир нече предметтик кааналар түзүлүп, практикалык, лабораториялык сабактар үчүн зарыл материалдык база менен жабдылган.

Студенттерди илимий-изилдөө жана көркөм чыгармачылык иштерге тартуу максатында “Математик”, “Жаш натуралист”, “Комузчулар”, “Бийчилер” ийримдери иш алып барат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 30-августунда чыгарган Жарлыгына ылайык, Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциялын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн - Ош мамлекеттик университети “Даңк” ордени менен сыйланган. Бул университеттин жалпы жамаатынын акыркы жылдардагы жаратмандык эмгегине, жаңы технологияларды жана инфраструктураны өркүндөтүүгө, билимдин сапатын көтөрүүгө, мыкты адистерди даярдоого кошкон салымы үчүн мамлекет тарабынан берилген татыктуу баа болду. Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын жалпы жамааты орошон Ош мамлекеттик университетинин өркүндөп-өнүгүшүнө салымын кошуу үчүн талыкпастан, чыгармачылык менен тынымсыз эмгектене беришмекчи.

            Кафедра теории и методики начального образования

      Кафедра теории и методики начального образования (ТМНО) считается первоначальной организованной кафедрой педагогического факультета, основанного в 1959 году. Кафедрой руководили: Н.Я.Ильягина (1961-1965), А.Валиев (1965-1970), С.Алымкулова (1970-1972), З.Кулунбаева (1972-1975), К.Матикеев (1976-1982), А.Худайбердиев (1976-1982), Д.Тажибаев (1982-1992), Ж.Саипов (1992-1997 и 2001-2007), Т.Акматова (1997-2001), Р.П.Анаркулов (2007-2012). С 2012 года кафедрой руководит доцент М. Шайимкулова.
На кафедре ТМНО в то время были объединены различные дисциплины гуманитарного, естественного и методического характера. Также с учетом того, что постепенно рос контингент студентов на факультете, повышался качественный уровень профессорско-преподавательского состава, открывались новые специальности на базе вышеназванной кафедры, были созданы нижеследующие: методика преподавания кыргызского языка и литературы в начальных классах (1978), методика преподавания математики в начальных классах (1979), методика преподавания труда, рисования и музыки (1982).
До 1982 года кафедра носила название “Математика и методика преподавания в начальных классах”, но была обьединена с кафедрой “Методики начального обучения” и с тех пор носит название “Теории и методики начального обучения”.
Следует отметить, что эта кафедра на факультете в свое время создала фундамент для открытия других кафедр, явилась основой для учебно-методической и кадровой подготовки. Для формирования кафедры и развития учебно-методических работ внесли свой вклад такие ученые, работавшие на этой кафедре как: А.Валиев, К.Матикеев, О.Худайбердиев, Н.А.Куликов, Т.Рахманов, М.Анарбаев, Р.Ахмедов. В настоящее время на кафедре работают 18 преподавателей, из них четверо – кандидата наук,доценты,двое – без ученой степени доценты, пять – старших преподавателей. На кафедре работают секции: математики и методики ее преподавания в начальных классах, естествознания и методики ее преподавания, рисования, черчения и музыки. Члены секции математики и методики её преподавания в начальных классах проводят научные исследования над научной темой: «Активизация познавательной деятельности учащихся начальной школы при обучении математике» (регистрационный номер 5075), члены секции природоведения и методики его обучения работают над темой: «Развитие эстетических вкусов учащихся начальных классов через воспитание любви к Родине». Результаты исследований выходят в свет в виде учебников для школ, методических пособий для учителей и студентов: например, О.Х.Худайбердиев. «Математика: 1-4 кл.» (Бишкек, 2002); Проблемы формирования экономических знаний при обучении математике глубоко исследованы в научных трудах кандидата педагогических наук, доцента М.Анарбаева «Сочетание математики и экономики» (1988), «Математика плюс экономика» (1991), «Знакомство с экономикой» (1994), «Изучаем язык рынка» (1994), Б.И.Идаев. «Музыка: 1-4 кл.» (Бишкек, 2000); К.А.Шакиров. Методические указания к учебникам «Художественный труд», «Художественное рисование»: Программа для 1-4 кл.» (Бишкек, 1998), «Художественный труд: 1 кл.» (Ош – Бишкек, 1998), «Художественный труд: 3 кл.» (Ош, 2003).
      Основную тему научных преподавателей составляют материалы общедидактического и методического содержания в обучении начальной школы. В этом направлении членами кафедры защищены следующие кандидатские диссертации: Т.Рахманов “Геоморфологические строения бассейна реки Көкарта” (1972), О.Х.Худайбердиев «Обучение геометрическим материалам в начальной школе» (1974) (13.00.02), К.Матикеев “Строение ландшафтов реки Соха и его использование в народном хозяйстве” (1971, кандидатская диссертация), “Закономерности формирования лесных ландшафтов в Центральной и Средней Азии” (1996, докторская диссертация), Т.Мансурова “Макрозобенты каналов в Ферганской долине” (1982), Т.Аманкулова “Биология и экология пяденицы обдирало южного Кыргызстана” (1987, кандидатская диссертация) (03.00.09), “Особенности распространения лесов юго-западного Тянь-Шаня и экологической приспособленности” (2006, докторская диссертация) (02.03.06), Г.К.Омуралиева “Мермитиды–паразиты насекомых орехово-плодовых лесов Южной Киргизии” (1989) (03.00.20), М.Анарбаев “Формирование экономических знаний при обучении математики” (1990), Ж.Саипов «Активизация познавательной деятельности учащихся начальных классов при обучении математике» (1992), Р.П.Анаркулов «Система практических работ в процессе трудового обучении учащихся математике» (1992) (13.00.02), Т.Акматова «Особенности нравственного воспитания учащихся начальных классов национальной (кыргызской) сельской школы» (1993) (13.00.01), Т.А.Жоробеков “Совместная деятельность семьи и школы в художественном воспитание младших школьников” (1993) (13.00.01), К.Исаков «Активизация учебно-познавательной деятельности учащихся при изучении курса стереометрии» (1995) (13.00.02), А.Асанов “Псевдогиперболические уравнения для обратных задач” (1996), М.А.Шайимкулова «Альгофлора реки Ак-Бууры и ее роль в оценке качества воды» (2007) (03.00.05), И.К.Жунусов «Подготовка будущего учителя музыки к педагогической деятельности» (2007) (13.00.01), Р.Ж.Турганбаева «Формирование начальных экономических понятий младших школьников при обучении математике» (2009) (13.00.02), Ж.К.Аблабекова «Педагогические основы формирования первоначальных экологических понятий у учащихся начальных классов» (13.00.01).
Преподаватели кафедры имеют государственные награды: Т.Акматова – Отличник народного образования КР, диплом «Человек года – 2010»; Т.Мейманов – Отличник народного образования КР; Р.П.Анаркулов – Почетная грамота Министерства образования и науки КР, Почетная грамота мэрии г.Ош, Почетная грамота ОшГУ; Ж.Саипов – Почетная грамота Президента КР; М.А.Шайимкулова – Отличник народного образования (2011); К.А.Шакиров – Отличник народного образования (2011).
Заслуженный артист КР, известный народный певец, вице-премьер министр КР, министр культуры КР. И.К.Жунусов работал на этой кафедре в должности профессора. Известный кыргызскому народу певец, и.о. доцента Т.Турдубаев работает на этой же кафедре.
Кафедра проводит научно-исследовательскую работу в тесной связи с государственным педагогическим университетом имени И.Арабаева, Кыргызским национальным университетом (г.Бишкек), КАО КР и другими вузами, научными учреждениями.
Средние школы имени Навои, Барпы, «Керме-Тоо», детсады №48, №46, №39 г. Ош считаются базовыми, где новые научно-методические идеи проходят экспериментальную апробацию. Члены кафедры читают лекции, оказывают научно-методическую помощь сотрудникам названных базовых образовательных и воспитательных учреждений. В Кыргызстане известна деятельность международной вариативной образовательной программы «Шаг за шагом», финансируемой фондом «Сорос – Кыргызстан».
Программа посвящена воспитанникам детсадов, ученикам младших классов, родителям, воспитателям и охватывает дошкольное, начальное и высшее образование. Эта программа совместно с коллективами определенных базовых детсадов, начальных школ, педагогических факультетов вузов республики проводит плодотворную работу по демократизации учебно-воспитательного процесса, по обеспечению и непрерывности в плане подготовки детей к жизни, воспитания будущих специалистов. Начиная с сентября 1996 года, члены кафедры проводят совместную работу с названной программой. На базе программы «Шаг за шагом» организован информационно-методический тренинг центр, который оснащен учебниками, учебными пособиями, техническими средствами обучения, периодическими изданиями.
Преподаватели кафедры учавствуют в международных программах “Развитие критического мышления через чтение и письмо”, “Сапаттуу билим” и повышают свою квалификацию.
Также созданы предметные аудитории по всем дисциплинам, имеющим отношение к кафедре. Эти аудитории оснащены гербариями, засушенными и заспиртованными существами, другими наглядно-демонстрационными материалами, оргтехникой, необходимой для практических, лабораторных занятий.
В целях привлечения студентов к научно-исследовательской работе и художественной самодеятельности работают кружки «Математик», «Юный натуралист», «Песни и пляски».

2012-2013 учебном году старший преподаватель кафедры Х. Ибайдуллаев приняв участие в конкурсе «Лучший преподаватель», награжден почетными призами Ошского Государственного Университета. Каждый год членами кафедры на университетском уровне организуются воспитательные работы и культурно – массовые мероприятия. Например: в этом же году проведен в широком масштабе вечер воспоминания, доцента кафедры К. Исакова, в котором участвовали представители факультетов МИТ, искусство, Филологии, родственники доцента, друзья и студенты.

В октябре месяце 2014-года были выполнены запланированные несколько мероприятии посвещенные к «75-летию Ош ГУ». Особенно можно отметить мероприятие, организованное на высоком уровне заведующей кафедрой М. Шайимкуловой «Завтрашний день Государство в руках молодого поколения» и было показано на Ошском телевидение.
2013-2014- учебном году К. Байгазиев принял участие в конкурсе «Лучший лектор» и занял призовое место Ош ГУ.

2014-2015-году Н. Капарова по теме «Пути устойчивого развития лесов Кыргызстана» защитила магистрскую диссертацию. Доцентом кафедры Ж. Аблабековой в 2014-году были опубликованы учебное пособие «Гигиена и гигиены физической культуры», и сборник лекций “Физиология человека и мышечной деятельности”. В конкурсе “Лучщее учебное пособие - 2015” занял учебное пособие К. Байгазиева “Теория и технология выполнение текстовых задач” была награждена дипломом III степени Ош ГУ.

2015-2016- учебном году преподавателям кафедры Б .Идаеву, М. Молдомырзаевой, Т. Маткеримовой, Н. Сарыгуловой присвоены степень « Магистра».

2015-году в ноябре месяце преподаватель К. Джанибаев организовал выставку на Университетском и городском уровне. На этой выставке приняли участие преподаватели факультетов EГФ, искусство и художники Художественной мастерской им Г. Айтиева города Ош.

Кроме учебно - методических работ, члены кафедры ведут благотворительные работы. 2016-году 1-июня «К дню защиты детей» оказали благотворительность детскому дому №1 города Ош. 2016-году доцент кафедры М. Шайимкулова в соавторстве с преподавателем Р. Алдашүкүровым, выпустили учебник “Анатомия” с грифом Министерство науки и образования КР. Доцентом Р. Анаркуловым опубликована статья “Использование опорных схем в обучении математики в начальных классах” Вестник БАТГУ в городе Кызыл-Кия. Доцентом Т.Турдубаевым за последние 5 лет были написаны следующие произведения: “Оштой кенен жер барбы”, “Ыр тумар”, “Энекем”, “Апакем”, “Полковник”, “Жарк деп койчу”, “Жаңы жыл”, “Арманым болбос”. А.Гапаровым опубликована методическое пособие для учителей начальных классов “1001 задачи, задание для начальных классов”.

За последние годы возрастает требование выпускникам по профили методики и педагогики начального образования. Так как государство уделяет большое материальное и моральное внимание учителям начальных классов, создавая благополучное условие для данной профили, увеличилась и число поступающих абитуриентов в специальность образования начальных классов.

В итоге учебная нагрузка на кафедре за 2016-2017- учебные годы составляет 26684 часов. С повыщением учебной нагрузки повысилась и профессорско - преподавательский состав,

на кафедре трудятся 28 членов. На сегодняшний день ведутся аудиторные , учебно– методические работы по 51 ой дисциплине. И по этим предметам составляются УМК, силлабусы, СРС, рабочие программы и загружаются на сайт Ош ГУ.