«Жылдын куратору» сынагынын жобосу

ОшМУнун «Жылдын куратору» сынагынын жобосу

1. Жалпы жобо

1.1. Сынак ОшМУнун окутуучуларынын – студенттик тайпаларынын кураторлорунун ортосунда жүргүзүлөт;

1.2. Конкурстун максаты куратордук жумушту жакшыртууну жана тарбия берүүчүлөрдүн бул багытка кызыгуусун жаратууну көздөйт.

2. Сынакты өтк өр үүн үн тартиби

2.1. Сынак эки этап менен өтөт:

1). Факультеттин мыкты кураторун аныктоо;

2). Факультеттин мыкты кураторлорунун арасынан ОшМУнун «Жылдын кураторун» аныктоо.

2.2. Биринчи этапта кураторлордун иштери окуу жылы боюнча эки критерий менен бааланат:

- Куратордун студенттик тайпадагы жүргүзгөн тарбиялык иши «Куратор студенттин көзү менен» анкетасы аркылуу бааланат (анкета сунушталат);

- Студенттик тайпанын окуу жылындагы ишмердүүлүгүнө, жетишкендиктерине карап бааланат (баалоонун баракчасы сунушталат).

2.3. Экинчи этапта кураторлордун иштери төмөндөгү критерийлер менен бааланат:

- «Куратор студенттин көзү менен» анкетасынын жыйынтыгы жана студенттик тайпанын окуу жылындагы ишмердүүлүгүнө, жетишкендиктерине каралат;

- Декандын тарбия иштери боюнча орун басарынын куратордун ишине берген баасы (баалоонун баракчасы сунушталат);

2.4. Куратордун иштери упай топтоо системасы менен бааланат. Жеңүүчүлөр төмөндөгү критерийлерде алган жалпы упайынын жыйынтыгына карата чыгарылат:

- «Куратор студенттин көзү менен» анкетасынын жыйынтык упайы;

- Студенттик тайпанын окуу жылындагы ишмердүүлүгүнө, жетишкендиктерине берилген упайы;

- Ата-энелер чогулушун уюштуруусу;

- Декандын тарбия иштери боюнча орун басарынын куратордун ишине берген упайы;

3. Финансылык каржылоо

3.1. Сынакты финансылык каржылоо ОшМУнун ички бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт;

3.2. Бул сынактын жалпы сыйлык фонду – … (…) сом.

4. Уюштуруу тобу

4.1. «Жылдын куратору» сынагы боюнча ОшМУнун биринчилигин уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыгын чыгаруу ОшМУнун тарбия департаменти тарабынан жүрүгүзүлөт.

4.2. Уюштуруу тобунун курамына:

1-этапта: ОшМУнун тарбия департаментинен, факультеттин деканатынан, профсоюз уюмунан, кафедра башчыларынан, окутуучулардан, аялдар кеңешинен, факультеттин жаштар комитетинен өкүлдөр кирет.

2-этапта: университеттин администрация жетекчилеринен, профессордук-окутуучулар курамынан, профсоюз уюмунан, аялдар кеңешинен, жаштар комитетинен, студенттерден өкүлдөр кирет.

5. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу

5.1. Сынактын жыйынтыгын атайын түзүлгөн комиссия окуу жылынын аягында чыгарат;

5.2. Сынактын жеңүүчүлөрү эң көп упай топтогонуна карата аныкталат.

5.3. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо:

ОшМУнун мыкты кураторлорун сыйлоо:

1-орун – ОшМУнун диплому, … (…) сом акчалай сыйлык;

2-орун - ОшМУнун диплому, … (…) сом акчалай сыйлык;

3-орун - ОшМУнун диплому, … (…) сом акчалай сыйлык.

5.4. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар ОшМУнун күнүндө салтанаттуу түрдө тапшырылат.

Сунуш А

«Куратор студенттин көзү менен» (анкета)

1. Сиз өзүңүз окуган тайпанын кураторун билесизби?

а) ооба, билем – 3

б) ооба, бир нече жолу көргөмүн – 1

в) кураторубуз бар, бирок аны такыр көрбөйбүз – 0

г) биздин тайпада куратор жок – 0

2. Куратор Сиздердин тайпа менен канчалык иш алып барат?

а) жумасына бир нече жолу – 3

б) жумасына бир жолу – 2

в) сабак учурунда гана куратордук саатты кошо өтөт – 1

г) биздин тайпа менен иш алып барбайт - 0

3. Куратор сабакка келбеген, жетишпеген студенттерди көзөмөлдөп турат:

а) жума сайын – 3

б) айына бир жолу – 2

в) көзөмөл кылбайт - 0

4. Сиздердин тайпага куратор таалим-тарбия иштерин жүргүзөбү?

а) ар түрдүү темадагы тарбиялык сааттарды өтүп турат – 3

б) жүрүм-туруму начар студенттерге туура жол көрсөтөт – 2

в) таалим-тарбия иштерин кез-кез ыраатсыз жүргүзөт – 1

г) таалим-тарбия иштерин жүргүзбөйт - 0

5. Мен кураторума жакшы мамиледе кайрылам:

а) ооба, себеби ал жакшы окутуучу; жоопкерчиликтүү, чынчыл, боорукер – 3

б) азырынча кураторум жөнүндө пикир түзүлө элек – 0

в) тилекке каршы, жакшы мамиледемин деп айта албайм – 0

6. Кураторумун иши мени канааттандырат:

а) ооба, толук канааттандырат – 3

б) негизинен канааттандырат, бирок биздин тайпага дагы көбүрөөк көңүл бөлсө болот эле – 2

в) анчалык канааттандырбайт – 1

г) жок, канааттандырбайт – 0

Төмөндөгү ар бир суроонун:

ооба жообуна – 1 упай, жок жообуна – 0 упай берилет.

  1. Куратор сессия учурунда бизге жардамдашат:

а) ооба; б) жок.

  1. Куратор турмуштук көйгөйлөрүмдү чечүүгө жардамдашат (жатаканага жайгашуу ж.б.):

а) ооба; б) жок.

  1. Куратор биз менен сырдашып, дайыма ар түрдүү маселелерде кеңешин берип турат:

а) ооба; б) жок.

  1. Куратор контролдук, лабораториялык, курстук иштерди кантип жазууну үйрөтөт:

а) ооба; б) жок.

  1. Куратор мени студенттик маданий-массалык иш чараларга тартып турат:

а) ооба; б) жок.

  1. Куратор университеттин уставы ж.б. мыйзамдык жоболор, буйруктар менен тааныштырат:

а) ооба; б) жок.

  1. Куратор дүйнөдөгү, өлкөдөгү жаңылыктарды тайпа ичинде талкуулоону уюштуруп турат:

а) ооба; б) жок.

  1. Куратор жатаканадан жана студенттер жашаган жайлардан кабар алып турат:

а) ооба; б) жок.

  1. Куратор биздин тайпа менен жоопкерчиликтүү жана кызыгуу менен иштейт:

а) ооба; б) жок.

  1. Куратор биздин ата-энелерибиз менен тыгыз байланышта иш алып барат:

а) ооба; б) жок.

  1. Кураторубуз менен театрга, музейге барып турабыз:

а) ооба; б) жок.

Сунуш Б

Студенттик тайпанын окуу жылындагы ишмердүүлүгүн, жетишкендиктерин баалоо

Көрсөткүчтөр

Упайынын саны

Тайпанын сессиялардагы жетишүүсү

Сессияларды «Эң жакшы», “жакшы” бааларына тапшырган студенттер

3 % - 1

Сессияны кайра тапшырууда тапшырган студенттери бар тайпа конкурска катыша албайт

Упай коюлбайт

Тайпадагы студенттердин сабактарга катышуусу

90 % дан ашык катышууга

15

80-90 % га чейинки катышууга

5

60 % дан төмөн катышкан тайпалар конкурска катыша албайт

Тайпадагы айрым студенттердин олимпиадаларга катышуусу

Эл аралык олимпиадалар

1-орун

15

2-орун

12

3-орун

10

Кыргыз Республикасындагы олимпиадалар

1-орун

10

2-орун

7

3-орун

5

Аймактык, университеттик олимпиадалар

1-орун

7

2-орун

5

3-орун

3

Илимий жана публицистикалык макалалары жарыкка чыккан студенттер

Ондон ашык студент болсо

20

Бир студентке

1

Өзгөчө стипендия алган студенттер

Кыргыз Республикасынын Президенттик стипендиясы үчүн

10

Шаардын мэринин стипендиясы үчүн

5

ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин стипендиясы үчүн

3

Университеттин, факультеттин коомдук маданий-массалык иш чараларына катышуусу

Ай сайын театрга баруу (театралдык карталарын же билеттерин көрсөтүшөт)

5

Музейлерге, көргөзмөлөргө баруу (билеттерин көрсөтүшөт)

2

ОшМУнун маданий иш чараларына катышкан болсо (сүрөт, видеолор менен көрсөтөт)

2

Ишембиликтерге катышуусу

2

Шаардын, университеттин, факультеттин коомдук маданий-массалык иш чараларынын жеңүүчүлөрү

Маданий-эстетикалык конкурстардын («ОшМУ периси», «ОшМУ мырзасы» ж.б.) жеңүүчүлөрүнө

3-5 чейин

Спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө

3-5 чейин

Интеллектуалдык таймаштар «Брейн-ринг», дебат, дискуссиялардын жеңүүчүлөрүнө

3-5 чейин

Жаштар комитетинин төрагасы, студенттик акыйкатчы, студкеңеш жана сектор башчылары эгер ошол студенттик тайпада окуса

5-10 чейин

Ички жана сырткы мобилдүүлүк боюнча окуп келишкен студенттер

Бир студентке

1

Бештен ашык студент окуп келсе

10

Өтүлгөн куратордук сааттарынын иштелмелери, протоколдору

Кураторунун иш планына ылайык өтүлгөн куратордук сааттарынын иштелмелери, протоколдору тиркелсе

20

Сунуш В

Декандын тарбия иштери боюнча орун басарынын куратордун ишине берген баасы

Баалоонун критерийлери

Упайы

1.

Куратордук сааттардын аткарылышы

(үзгүлтүксүз өтүлүшү жана сапаты)

5

2.

Студенттер менен жекече (индивидуалдуу) иштөөсү

3

3.

Маданий-массалык, спорттук, эмгектик (ишембилик) иш чараларга тайпанын катышуусу

4

4.

Тайпанын студенттеринин сабактарга катышуу жана жетишүүсүн көзөмөлдөө иш-аракети

5

5.

Куратордун тарбия ишине кызыгуу деңгээли

5

6.

Куратордун тарбиялык иш-планы, анын аткарылышы, отчету

5

7.

Мыйзам, тартип бузуп катталган студенттер (факультетте, университетте, шаарда)

- 2

8.

Тайпанын жаман жактары менен көрүнгөн учурлары (сабактан качып кетүү, деканаттардын тапшырмаларын аткарбоо ж.б.)

- 1