Тарбия иштерин баалоонун чен өлчөмдөрү (эстеткич)
ОшМУнун факультет,
колледждеринде тарбия иштеринин кандай жүрүп жаткандыгын баалоонун чен өлчөмдөрү

(эстеткич) Нормативдик базасы
1. КРдин «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамы;
2. КРдин «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү» мыйзамы;
3. КРдин «Спорт жана дене тарбиясы жөнүндөгү» мыйзамы;
4. КРдин ЖОЖдордогу Жаштар иштери боюнча комитеттер жөнүндөгү жобо;
5. Кыргыз Республикасынын гимни, желеги, герби
6. ОшМУнун Уставы;

7. Ош мамлекеттик университетинин гимни, желеги, герби;
8. ОшМУнун тарбия иштери боюнча концепциясы;
9. ОшМУнун декандын тарбия иштери боюнча орун басарлары жөнүндөгү жобосу;
10. ОшМУдагы студенттик тайпалардын кураторлору жөнүндөгү жобосу;
11. ОшМУнун жаштар комитети жөнүндөгү жобосу;
12. ОшМУнун студенттик акыйкатчысы (омбудсмен) жөнүндөгү жобосу;
13. ОшМУнун студенттик тайпалардын старосталары жөнүндө жобосу;
14. ОшМУнун жатаканалар жөнүндө жобосу.
Иш пландары
1. Факультеттин тарбия иштери боюнча окуу жылынын планы бекитилгенби жана педагогикалык сапаты кандай;
2. Кафедралардын тарбиялык иштер боюнча окуу жылынын планы барбы жана педагогикалык сапаты кандай, бекитилгенби;
3. Ар бир куратордун тарбиялык иш планы жана тайпаларга өтүүчү тарбиялык сааттарынын темалары белгиленгенби, педагогикалык сапаты кандай, бекитилгенби;
4. Жаштар комитетинин иш планы барбы жана бекитилгенби;
5. Студенттик акыйкатчынын иш планы иштелгенби;
6. Жатаканадагы студенттик кеңештин иш планы түзүлгөнбү;

Иштердин аткарылышы
1. Факультеттеги тарбиялык иштердин аткарылышы туурасында декандын тарбия иштери боюнча орун басары факультеттин Өндүрүштүк жыйындарында отчет берүүсү кайсы айга коюлган;
2. Кафедралардын тарбиялык иштери факультеттин Өндүрүштүк жыйындарында каралабы, бул тууралуу жыйындын токтому же комиссиянын жыйынтыктары;
3. Кураторлордун тарбиялык иштер боюнча отчету кафедрада семестр сайын угулабы;
4. Ар бир студенттик тайпа үчүн куратордук сааттар факультеттин окуу жадыбалына коюлганбы;
5. Кураторлор тарабынан студенттик тайпаларга жумасына бир жолу болуучу тарбиялык сааттардын өтүлүшүн деканат текшерип турабы, куратордук сааттарды өтпөгөн окутуучуларга административдик чара көрүү жөнүндө деканга, кафедрага билдирүүлөрдүн көчүрмөсү барбы
; 6. Ар бир куратор өз студенттик тайпасындагы эң көп сабак калтырган студенттерди жана жетишүүсү начар (төмөнкү бааларга окуган) студенттердин тизмесин декандын тарбия иштери боюнча орун басарына ай сайын жазуу түрүндө билдирип турабы;
7. Декандын тарбия иштери боюнча орун басары айына бир жолуэң көп сабак калтырган студенттер жана жетишүүсү начар (төмөнкү бааларга окуган) студенттер менен тарбиялык иш жүргүзөбү;
8. Кураторлор студенттердин ата-энелери менен педагогикалык кандай иштерди жүргүзүшүүдө, бул боюнча далилдүү маалыматтар;
9. Декандын тарбия иштери боюнча орун басары менен кураторлордун айына бир жолку иштиктүү жыйыны болуп турабы, жыйындын күн тартибинин көчүрмөсү;
10. Факультеттин, кафедралардын тарбиялык иштер боюнча отчетторунун жазуу түрүндөгү иш кагаздары;
11. Декандын тарбия иштери боюнча орун басары менен кураторлордун жатаканалар менен иштөөсү тууралуу.Кандай иштерди жүргүзгөндүгү боюнча маалыматтар, жатакана коменданттарынын тастыктоосу менен;
12. Жаштар комитетинин төмөндөгүдөй структуралык курамы түзүлгөнбү: окуу сектору, илим сектору, спорт сектору, маданий-уюштуруу сектору, социалдык сектору, кыздар кеңеши, «Брейн-ринг» сектору, дискуссия клубу, дебат клубу, ШТК (КВН);
13. Илим сектору тарабынан айына бир жолу студенттик илимий кереге гезит чыгарылабы, гезиттин түп нускасы барбы;
14. Факультетте спорттук секциялар уюштурулганбы, спорттун кайсы түрлөрүнөн, ага катышкан студенттердин, машыктыруучусунун аты-жөндөрү;
15. Айына бир жолу тайпалык, курстар аралык спорттук мелдештер уюштурулганбы;
16. Факультеттин спорттук курама командалары түзүлгөнбү, алардын аты-жөндөрү, машыгуу графиктери;
17. Акыркы бир ай ичинде факультетте кандай тарбиялык маданий-массалык иш чаралар өткөзүлгөн;
18. Университеттик деңгээлде уюштурулган маданий-массалык иш чараларга факультеттин катышуусу кандай;
19. Факультеттеги турмуш шарты өтө оор, ата-энеси жок, майып студенттердин тизмеси такталганбы;
20. Факультеттеги кыздар кеңешинин тарбия багытындагы жүргүзгөн ишмердүүлүктөрү;
21. Семестрде бир жолу сабактар боюнча, кругозордук суроолор боюнча интеллектуалдык «Брейн-рингдер» уюштурулуп турабы, алардын жарыясынын көчүрмөсү ж.б. маалыматтар;
22. 1-2-3-4-курстарда дискуссия клубдары түзүлгөнбү, клубдун мүчөлөрүнүн тизмеси;
23. Ар бир курска айына бир жолу дискуссия уюштурулабы, дискуссиянын темасы жана жарыясынын көчүрмөсү;
24. 1-2-3-4-курстарда дебаттык клубдар түзүлгөнбү, клубдун мүчөлөрүнүн тизмеси;
25. Ар бир курска семестрде бир жолу дебаттык мелдештер уюштурулабы, дебаттын темасы жана жарыясынын көчүрмөсү;
26. Факультеттин ШТК (КВН) командасы куралганбы, алардын аты-жөнү;
27. Айына бир жолу массалык түрдө театрга баруу уюштурулганбы, спектаклдин аты, жарыясынын көчүрмөсү, театр менен тактоо;
28. Ош шаарында жайгашкан музейлерге студенттик тайпалар барышканбы, музей менен тактоо;
29. Семестрде бир жолу массалык студенттердин катышуусунда поэзия кечесин уюштуруу, кайсы акын менен өткөнүн тактоо;
30. Адистиктерге байланыштуу илимпоз адамдар, аспиранттар менен жолугушууларды уюштуруу, ким менен өткөнүн тактоо;
31. Факультеттин студенттик акыйкатчысынын бир айлык ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат.