ОшМУнун тарбия иштери боюнча концепциясы
Ош мамлекеттик университетинин тарбия иштери боюнча концепциясы
(концепция 2008-жылдын 27-августунда ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин №1 жыйынында бекитилген)
Билим берүү, аны менен бирге студент жаштарды тарбиялоо – Кыргыз мамлекетин өзгөртүп, өнүктүрүүдө өзгөчө маанилүү стратегиялык ресурс болуп эсептелет. Эртеңки жаңырган коомду түзүү - бүгүнкү жаштарга кандай билим, таалим-тарбия бергенибизден көз каранды. Ошондуктан ОшМУнун эшигин ачып кирген ар бир жаш адам тарбия жаатында баш аламан, белгилүү багыты жок, ар ким өз билгениндей жүргөн, өз билгениндей өнүгүүчү чөйрөгө туш болбостон, бекем тарбиялык системасы, максаты, дисциплинасы бар университетте окуп-тарбияланып жатканын сезгидей болуусу кажет.
Жогорку окуу жайында билим алып жаткан студент эртеби-кечпи тигил же бул кесиптин дипломун алып чыгаары шексиз. Бирок ал адистин ички адеп-ахлактык жүрүм-туруму, гуманисттик жан дүйнөсү, Ата Мекенине болгон сүйүүсү, дүйнөгө болгон көз карашы, турмуштагы тутунган принциптери кандай болот? Ошондуктан билим алып жаткан ар бир студентти белгилүү бир кесипке ээ кылып гана тим болбостон, Мекенин, улутун, мамлекеттик тилин сүйгөн патриот инсанды калыптандырып чыгаруу да жогорку окуу жайынын негизги милдеттеринин бири.
Студент үчүн жогорку окуу жайы билим алуунун гана ордосу эмес, ар тараптуу өсүп жетилүүнүн, инсандык баалуулуктарды өзүнө сиңирүүнүн, интеллигенттүүлүккө, жогорку маданиятка калыптануунун курагы. Бул өзүнөн өзү ишке ашпайт. Ал үчүн университетте системалуу тарбия процессин уюштуруу зарыл жана аны ишке ашыруу ЖОЖдо эмгектенген ар бир профессордук-окутуучулук курамдын кесиптик милдети болуп эсептелет.
Тарбия иши өз алдына студенттерди жогорку жарандуулук, моралдык-нравалык, эстетикалык, дене жана психологиялык жактан жетилген, коомдун социалдык жана педагогикалык талаптарына ылайык келген жүрүм-турумга үйрөтүүнү максат кылат.
Акыркы жылдардагы Кыргызстандын социалдык-саясий жана экономикалык түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөр жогорку билим берүү системасында да өзгөрүүлөрдүн болушун талап кылып жатат. Коомдун демократиялашууга ыктаган талабы окуу жайдагы тарбия саясатын демократиялык коомго ылайык кайра иштеп чыгуу керек экендигин далилдеди. Өзгөчө бүгүнкүдөй мезгилде Кыргыз мамлекетиндеги социалдык-экономикалык, нравалык ж.б. маселелерди чечүүдө ЖОЖдор жаңыча ой-жүгүрткөн, дүйнөлүк көз карашы калыптанган маданияттуу адистерди даярдап, кыргыз коомчулугуна жаңы муунду, кадрдык жактан жаңы канды куюуга милдеткер.
Бул концепциянын максат-мазмунун, принциптерин жана багыттарын иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Билим берүү», «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери» жөнүндөгү мыйзамдык жоболор, принциптер негиз болуп алынды.
Концепция ОшМУнун тарбия саясатын жөнгө салып, студенттерди тарбиялоонун максат, милдеттерин, принциптерин аныктайт жана мунун негизинде университеттеги тарбия иштеринин план-программалары иштелип чыгып, ал ОшМУнун бардык институт, факультет, колледждеринде, кафедраларында, Жаштар комитеттеринде, жатаканаларында, «Үмүт» ТВда, «Нур» гезитинде ж.б. бөлүмдөрүндө ишке ашырылууга тийиш. Андыктан бул концепция окуу жайдагы тарбия ишин системалуу жүргүзүүгө база катары кызмат кылат.
Тарбия иштеринин максаты ОшМУдагы тарбия ишинин негизги максаты Кыргыз мамлекетине жана коомго ар тараптан өнүккөн кесипкөй инсанды калыптандырып чыгаруу. Терең профессионалдуу билимге ээ, жогорку маданияттуу, патриоттук аң-сезимдүү, жашоодо активдүү, дүйнөгө болгон көз карашы кенен, интеллигенттүү, рухий баалуулуктарга, улуттук каада-салттарга, мамлекеттик тилге сый-урмат менен мамиле кылган жаранды тарбиялоо.
Тарбия ишинин милдеттери - Студенттерди демократиянын баалуулуктарына ылайык жашап-иштөөгө үйрөтүү; - Адеп-ахлактык, ыймандык аң-сезимди, жүрүм-турумдардын маданиятын өнүктүрүү жана калыптандыруу; - Кыргыз улутунун баалуу каада-салттарын, тарыхый-мурастарын, мамлекеттик тилин билүүгө үгүттөө; - Патриоттук аң-сезимди ойготуу жана өнүктүрүү; - Интеллигенттүүлүккө калыптандыруу; - Студенттердин коомдук активдүүлүгүн, өз алдынчалыгын, чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү; - Руханий байлыгын кеңейтүү, гуманизмге тарбиялоо; - Сергек жашоо образына үйрөтүү; - Студенттерди дайыма өз билимин кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө аракеттенүү адатын, изденүүчүлүк сапатты калыптоо; - Студенттерди кыргыз мамлекетинин мыйзамдарын бузбай, аны так сактап жашоого үйрөтүү, б.а., укуктук коомдун жаранын тарбиялоо; - Дүйнөдөгү, кыргызстандагы саясий-маданий маалыматтарды, илимдеги жаңылыктарды тынымсыз кабылдап туруу адатына көнүктүрүү; - Студенттик өзүн өзү башкаруу органдарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү; - Коомдук пайдалуу иштерге студенттерди тартуу; - Студенттердин окуу процессиндеги тартип-эрежелерди жана элементардык жүрүм-турум маданиятын сактоосун көзөмөлгө алуу жана тарбиялоо; - Чыгармачыл студенттерди ачыкка таап чыгаруу жана алардын жөндөм-таланттарынын ачылышына, өнүгүшүнө шарт түзүп берүү; - Студенттерди жаңы технологиялардын (интернеттин) мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланууга үйрөтүү; - Студенттик КВН, ийримдерди, клубдарды ачуу жана алардын ишин жакшыртуу; - Көп тил билүүгө үгүттөө; - Студенттердин маданий эс алуучу иш-чараларын уюштуруу. Тарбия ишинин принциптери ОшМУдагы профессордук-окутуучулук курам тарбия процессин туура уюштуруулары үчүн төмөнкү принциптерди өз ишмердүүлүктөрүндө жетекчиликке алууга милдеттүү: 1. Тарбия процессиндеги максаттуулук жана жогорку идеялуулук.
Бардык жүргүзүлгөн иштер тарбиялык максатка ылайык уюштурулуп, иш чаралар максатка жетүүнүн каражаты катары каралуусу керек. Ар бир иштин артында тарбиялык максат болууга тийиш.
Окутуучунун ар бир кыймыл аракети, жүрүм-туруму, анын сырткы көрүнүшү, сүйлөө манерасы, адамдарга кылган мамилеси студенттин интеллектуалдык жана рухий-нравалык жактан өнүгүүсү үчүн булак болот. Ошондуктан бардык профессордук-окутуучулук курам эң биринчи өздөрү укуктук-нравалык нормаларды, жүрүм-турум эрежелерин, профессионалдык-илимий этиканын принциптерин так сактап, студенттерге үлгү көрсөтүүлөрү тийиш.
Окутуучулардын таалим-тарбиялык насаат сөзү менен кылган иши шайкеш болуусу кажет.
2. Тарбиялоо ишин турмуш жана эмгек менен байланыштыруу.
Студенттерди турмушта өз ордун табууга, жашоодо өз алдынчалыкка үйрөтүү.
Аларды тынымсыз эмгектенүүгө калыптандыруу жана эмгектин адамды рухий жактан өркүндөтүп жаратуучу күчүн, эмгектин баалуулугун түшүндүрүү. 3. Студенттерди жамаатчылыкта (коллективде) тарбиялоо.
Университеттеги студенттердин жамаатчылыгы – инсанды калыптандыруунун эң маанилүү фактору болуп эсептелинет. Студенттерди ынтымак, иштиктүү, башка бирөөлөр жөнүндө кам көргөн, жолдошчулук, тилектештик сезимдери өнүккөн жамаатта тарбиялоо.
Бирдиктүү идеялык максатка умтулган, коомдук пайдалуу ишмердүүлүккө ынтымакташкан студенттик жамааттын жаралышын камсыз кылуу.
Студенттерди жамаат менен бирге болууга жана жамаат жоопкерчилигин сезүүгө үйрөтүү.
4. Тарбия процессин системалуу жана ырааттуу жүргүзүү.
Адамдын тарбияланып-калыптанышы узак убакытта ишке ашкандыктан, тарбия ишин чаржайыт, туш келгенде же эстегенде аткарбастан, ар дайым үзгүлтүксүз жүргүзүү менен тарбия процессин педагогика илиминин негизинде ырааттуу ишке ашыруу зарыл.
5. Студенттердеги өз алдынчалуулукту жана демилгелүүлүктү өркүндөтүү менен педагогикалык жетекчиликти туура айкалыштыруу.
Ар кандай кубулушка карата студенттердин өз алдынча пикири, көз карашы бар, ар кандай ишке чыгармачылык менен мамиле жасаган, идея көтөрө билген демилгечил, активдүү, эркин инсанды калыптандыруу.
Студенттер турмуштук бай тажрыйбага али жетишерлик эмес болгондуктан, окутуучулар дайыма аларга жол көрсөтүп, багыт берип, жетекчиликке алуусу зарыл.
Ошону менен бирге тарбия процессинде студенттердин өз алдынчалыгын жана демилгелүүлүгүн басмырлабай, алардын аракетин окутуучулар жандили менен колдоого алуусу керек. 6. Студенттердин курстук-курактык жана жекелик өзгөчөлүгүн эске алуу.
Тарбия процессин уюштурууда студенттердин курстук-курактык, ал турсун шаардык, айылдык жактарын эске алуу менен ар бир студентти жакындан билип, жекече өзгөчөлүктөрүнө маани берүү менен тарбиялоо. Студенттер менен жекече иш алып барууга жетишүү.
Тарбия процессинде көп варианттуулук технологиясын колдонуу. 7. Тарбия процессинин гумандуу багытта болуусу.
Ар бир студентке сый-урмат менен мамиле кылуу, ар кандай жашоо образындагы жана жүрүм-турумундагы студенттерди сабырдуулук менен кабыл алуу, ошону менен бирге аларды туура жолго тарбиялоо. Студенттин жакшы сапаттарына таянуу менен андагы терс жүрүм-турумдардан арылтуу.
Студенттерди демократиянын баалуулуктарына ылайык тарбиялоо.
Алардын эркиндиктерин жана укуктарын сыйлоо менен мамиле кылуу. Идеялардын, пикирлердин плюрализмин сактоо, студенттерди өз көз караштарын эркин айтууга үйрөтүү.
8. Тарбиялоодо ЖОЖдун, ата-энелердин жана коомчулуктун талаптарынын биримдигине жетишүү. Тарбия ишине ата-энелерди да тартуу.
Мамлекеттин, коомдун талаптарын иликтөө.
ОшМУнун, ата-энелердин, коомдун ортосундагы педагогикалык тыгыз байланыштын болуусу.
9. Тарбия процессинин элдиктүүлүгү.
Кыргыз элинин элдик педагогикасын, маданиятын, тарыхын, каада-салттарын окуп үйрөнүү, өздөштүрүү аркылуу студенттерди тарбиялоо. 10. Тарбия процессин илимий-профессионалдуу негизде жүргүзүү. Тарбия ишин педагогика, психология илимдеринин теорияларына, принциптерине ылайык уюштуруу. Окутуучулар өз адистиги боюнча гана эмес, тарбия ишине да изденүүчүлүк, чыгармачылдык, компетенттүүлүк, жоопкерчилик менен мамиле кылуусу талап кылынат. Тарбия берүүнүн негизги багыттары Интеллектуалдык тарбия Таанып-билүүчүлүк иш-аракетке, чыгармачылдыкка, изденүүчүлүккө туруктуу аракеттенүү адатын студенттерде калыптоо. Өзүн өзү өнүктүрүүгө, өз билимин бирөөнүн түрткүлөөсүсүз өз алдынча кеңейтүүгө психологиялык жактан даярдоо. Студенттерди дүйнөлүк цивилизациянын баалуулуктарынан, илимдеги жетишкендиктерден, дүйнөлүк маалыматтардан дайыма кабардар болуп турууга көнүктүрүү. Жарандык-патриоттук тарбия Кыргызстанда жашаган ар бир жаран ал кайсыл улуттан экенине карабастан, Кыргыз мамлекетин өз мекениндей сүйүп жашоого жана өз өлкөсүнүн өнүгүшү үчүн жарандык салым кошууга милдеттүүлүгүн түшүнгөн аң-сезимди калыптоо. Кыргыз мамлекетин, конституциясын, мыйзамдарын, символдорун, мамлекеттик тилин, улуттук каада-салттарын сыйлоо менен мамиле жасоого тарбиялоо. Студент жаштарда улуттук аң-сезимди өнүктүрүү. Ал үчүн эне тилин, кыргыз элинин маданиятын, тарыхын, каада-салттарын үйрөтүү. Кыргызстандын келечегине оптимисттик көз караш менен кароо жана өнүгүп өсүүсү үчүн тынымсыз окуп-эмгектенүү. Улуттук духту көтөрүү жана улуттук азчылыктарга сый мамиледе болууга тарбиялоо. Адеп-ахлактык тарбия Студенттерди терс жүрүм-турумдардан, мамилелерден арылтуу. Аларда адептик, толеранттык сапаттарды, этикалык нормаларды, ыймандык баалуулуктарды калыптоо. «Инсан», «Адам болуу» түшүнүктөрүн кеңейтүү. Студенттердин арасында жыныстык тарбияны күчөтүү менен алардагы жыныстык көз карашты, маданиятты, келечектеги ата менен эненин милдеттери жөнүндөгү жоопкерчиликти калыптандыруу. Сойкулук туурасында терс образды түптөө. Эстетикалык тарбия Адамдар ортосундагы мамиледе, табиятта, искусстводо, жүрүм-турумда, кийинүүдө, чыгармачылыкта кооздукка умтулууну калыптандыруу. Студенттердин сулуулукка болгон табитин өнүктүрүү жана көркөм-чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүүгө шарт түзүү. Саясый-укуктук тарбия Студенттердин саясат таануу билимин, саясий-укуктук маданиятын, мамлекеттик түзүлүш жөнүндөгү түшүнүгүн, өлкөдөгү саясий процесстерге туура анализ берүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү. Дүйнөнүн, өлкөнүн жаңылыктары менен ар убак кабардар болуп турууга үйрөтүү. Укуктук билимди, укуктук аң-сезимди өнүктүрүү. Дайыма өз укук, милдеттерин билип жүрүүгө, мамлекеттик мыйзамдарды так аткарууга, мыйзам чегинде жана жарандык жоопкерчиликти сезип жашоого тарбиялоо. Дене тарбиясы Башкы нерсе – студенттин бекем ден соолугу. Ал үчүн студенттерди туура тамактануу маданиятына, таза жашоо эрежелерине, уйку режимин сактоого, маданий эс алууга, спорт менен машыгууга тарбиялоо. Сергек жашоо образын үгүттөө жана калыптоо. Эмгек жана экономикалык тарбия Студенттерди эмгекчилдикке, ак ниеттүүлүккө, таза эмгекти ойлоого, ар бир ишке чыгармачыл мамиле кылууга, өз кесибин сүйүүгө тарбиялоо. Коомдун экономикалык турмушунун мыйзам ченемдүүлүктөрүн өздөштүрүү. Жеке менчикке жана коомдук байлыктарга ысырапкерчиликке жол койбогон сарамжалдуулукту калыптандыруу. Экономикалык сабаттуулукту арттыруу. Экологиялык тарбия Студенттердеги экологиялык билимдерди, аң-сезимди, түшүнүктөрдү кеңейтүү. Жаратылышка аяр мамиле кылууга, айлана-чөйрөнү коргоого жана таза сактоого тарбиялоо. ОшМУнун тарбия иштерин жакшыртуунун шарттары жана каражаттары Эң оболу окуу жайдын жетекчилик органдары тарбия берүүнү приоритеттүү тармак катары түшүнүүсү зарыл жана ОшМУдагы тарбия иштеринин жакшыртылышы төмөндөгүдөй шарттардын аткарылышына байланыштуу аныкталат: - Тарбия процессине катышкан бардык окутуучуларды, кызматкерлерди теориялык-методологиялык колдонмолор жана нормативдик база менен камсыз кылуу; - Педагогика жана психология кафедраларынын көмөгү менен студенттерди тарбиялоонун маселелерин талкуулап-талдаган тегерек үстөлдөрдү, семинар, дискуссияларды, ачык сааттарды уюштуруп туруу; - Тарбия иши тынымсыз жана үзгүлтүксүз процесс, ага атайын убакыт бөлүү, эмгек кылуу талап кылынат. Ошондуктан декандын тарбия иштери боюнча орун басарларына, куратор-окутуучуларга эмгек акыны окуу жүгү үчүн эле эмес, тарбиялык иштер үчүн да кошумча эмгек акы төлөп берүү зарыл; - Ар бир кызматкер семестр, жылдык отчетторунда тарбия иштерин чагылдыруусу, ал эми жетекчилик тарабынан ал отчетко баа берилүүсү зарыл; - Декандын тарбия иштери боюнча орун басарларынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү; - Жыл сайын мыкты иш алып барган декандын орун басарларын, кураторлорду аныктоо жана аларга сыйлыктарды уюштуруу ж.б. - Жумасына бир жолу студенттик тайпаларда кураторлор тарабынан тарбиялык сааттарды уюштуруу; - Ар бир окуу предметинин билим берүүчүлүк жагы менен бирге тарбиялык функциясын өрчүтүү.