Профессордук - окутуучулук курамы
       Азыркы күндө борбордун курамында төмөндөгүдөй кызматтык орундар бар: борбордун директору, борбордун методисти, инженер-программисти.
       Андан тышкары борборго жүктөлгөн маселелерди жана функцияларды аткарууну, борбордун кызматкерлери, Ош МУнун профессор-окутуучуларынан алынган биргелешип иштөөчүлөр жана жумушка жекече иш менен камсыздоонун негизинде тартылган окуу-жардамчы персоналдар ишке ашырат.
       Окуу борбору гранттарды ж.б. алуу үчүн конкурстарга катышып, семинарларды жана тегерек столдорду уюштурууда.
       Окуу борборунда негизинен кыска мөөнөттөгү тил курстары, компьютердик курстар, бычмачылык жана тигүү боюнча курстар, музыкалык сабаттуулук курстары, бухгалтердик курстар жана курулуш курстары жүргүзүлүүдө.
       Бул курстардын негизги максаттары жана маселелери болуп төмөндөгүлөр эсептелет: чет тилдерин тереңирээк жана кошумча үйрөнүүдө жалпы маданий жана профессионалдык деңгээлди өркүндөтүү үчүн Кыргызстандын жарандарынын, анын ичинде окутуучулардын, кызматкерлердин, Ош МУда окугандардын керектөөсүн канааттандыруу; калктын компьютердик сабаттуулугун жогорулатуу; бычмачылык жана тигүү курстарынын угуучулары тез жана оңой тиккенди окушат, жасалгалоо жана саймалоо менен өздөрү жасаган буюмдарын уникалдуу кылуу; Кыргыз музыкалык мектептеринин алдыңкы салттарын өнүктүрүү; өсүп келе жаткан муундарды руханий байытуу жана нравалык тарбиялоо; угуучулардын жогорку профессионалдык билим берүүдөгү, мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынан артыкча, бухгалтердик эсеп, анализ жана көзөмөл сфераларындагы профессионалдык компетенттүүлүгүн өнүктүрүү; угуучулардын курулуш, архитектура жана чийме геометрия сфераларындагы профессионалдык компетенттүүлүгүн өнүктүрүү;