Наш центр
       Билим берүүчү «Адис» окуу борбору Ош МУнун ректорунун 19.12.2012-жылдагы №562 “Ош МУнун алдындагы «Адис» окуу борборун түзүү тууралуу” буйругунун негизинде түзүлгөн.
       Ал жаңыдан гана кадам коюп, өз ишмердүүлүгүн баштаганына карабастан Ош МУдагы кадимкидей иш жүргүзгөн структуралардын бирине айланды. Бүгүнкү күндө окуу борбору Ош МУнун Ош шаарындагы Курманжан Датка- 283 дарегиндеги корпусунда борбордун укуктук статусун, чарбалык жана финансылык ишмердүүлүгүн регламенттөөчү жана максаттарын, маселелерин, ишмердүүлүк багыттарын, структурасын, кызматкерлердин укуктарын жана милдеттерин, кадрдык, нормативдик, программалык жана информациялык-методикалык камсыздоого коюлуучу талаптарды аныктоочу атайын жобонун негизинде иш алып барууда. Борбордун ишмердүүлүгүнүн максаттары болуп, эл чарбасынын бардык сфераларындагы профессионалдык компетенттүүлүктү түзүүгө багытталган, өзүн-өзү калыптандыруу жөндөмүнө жана чыгармачыл ой жүгүртүүгө ээ болгон угуучуларды профессионалдуу адистештирүүнү, эмгек рыногунда университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн конкуренцияга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун, кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруунун негизинде адистерди профессионалдуу кайра даярдоо эсептелет. Борбор Ош МУнун кошумча профессионалдуу окутуу борборунун функцияларын; тандоо системасын, окутууну, чыгармачыл жаштарды колдоону жана региондогу бизнес-чөйрө менен өз ара аракеттешүүнү камсыздоо аркылуу ишке ашырат.
       Окуу борборунун негизги максаты болуп, кардарларга эмгек рыногундагы конкуренцияга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу эффективдүү профессионалдуу окутуудагы программаларга катышууга мүмкүнчүлүк түзүү болуп эсептелет.
       Борбордун директорлук кызматында Азимов Бектур Абдырахманович иштеп жатат.